Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

26-апрель: Мадумаровдун мандаты алынды, Бабанов актанды, Загамбарды полиция кайтарууда


Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты, 26-апрелль, 2024-жыл
Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты, 26-апрелль, 2024-жыл

26-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн талкуулап, саясатчыны мандатынан ажыратты. БШКнын өкүлү Мадумаровго чыккан соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө киргендиктен анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуларын белгиледи. Жогорку Кеңештин депутатын мандаттан ажыратууну БШКнын 12 мүчөсүнүн баары тең колдоду.

“Фрунзе” дүкөндөрүнүн мурдагы ээси Жээнбеков менен экс-премьер Бабанов бири-бирин айыптады

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов видео билдирүү таратып, “Фрунзе” дүкөндөр тармагынын мурдагы ээси Болотмамбет Жээнбековдун айыптоолоруна жооп берди. Жээнбеков буга чейинки интервьюсунда “Фрунзе” гипермаркеттер тармагын саясатчы Өмүрбек Бабановго тарттырып жибергенин айтып чыккан.

Төрт айлык ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу акушер-гинеколог кармалды

Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборундагы төрт айлык ымыркайдын өлүмү боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси ("Бала сатуу") менен кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурдагы акушер-гинеколог, 61 жаштагы А. Б. аттуу аял кармалды.

Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Кара-Суу районунун экс-акими, коррупцияга айыпталып кармалган Райымбек Матраимовдун бир тууганы, өткөн айда Азербайжандан кармалып, Бишкекке жеткирилген Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Экс-бажычы бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен 25-мартта Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келинген.

Украина: Майданда курман болгон 140 жоокердин сөөгү мекенине кайтарылды

Согуш туткундары боюнча координациялык штабдын маалыматында айтылгандай 112 аскер Донецк багытындагы, 20сы Луганск, бешөө Сумы жана экөө Запорожье, бирөө Харьков багытындагы кармаштарда курман болгон. Алардын сөөгүн мекенине кайтарууга Эл аралык Кызыл Чырым комитети жардам бергени, тийиштүү мамлекеттик мекемелер аркылуу идентификация жүргүзүлгөндөн кийин жерге берүү үчүн жакындарына берилери маалымдалды. 12-апрелде Координациялык штаб 99 украиналыктын сөөгү жеткирилгенин билдирген.

Казакстанда Загамбар айылында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Түркистан облусуна караштуу Загамбар айылында өспүрүм кыз зордуктоого кабылганы тууралуу маалыматтан кийин айылда кырдаал курчуп, полициянын атайын бөлүгү коопсуздукту көзөмөлдөп жатканын «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. 24-апрелге караган түнү айылда белгисиз бирөөлөр үч автомашинаны, сарайларды өрттөп, бир нече үйдү ташбараңга алган. Андан мурдараак айылда тогузунчу класстын окуучу кызын зордуктоого шектелип ошол эле мектептин окуучусу кармалганы тууралуу маалымат тараган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мүлктүн өрттөлүшүнө байланыштуу 16 киши кармалды.

600дөй тажик жараны орус-казак чек арасынан өтө албай жатканы кабарланды

Орусияга Казакстан аркылуу жөнөп бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай турат. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, ошол жерде турган адамдар чөнтөк телефонуна тарткан видеодон узун кезекте турган машиналарды көрүүгө болот.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG