Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Селсаяктар үйүн байырлагандар


Былтыркы жылдын маалыматты боюнча Жалал-Абад шаарында 35 селсаяк катталган.
Былтыркы жылдын маалыматты боюнча Жалал-Абад шаарында 35 селсаяк катталган.

Жалал-Абад шаарында жашоого туруктуу жайы жок селсаяктардын жарымын аялдар түзөт. Алар турмуштун ар кыл сыноосуна кабылып же жумушсуздуктун айынан көчөдө калгандар.

Шаар бийлиги кышкысын аларга атайын жай камдап, ысык тамак уюштурганы менен ал жерге баары эле келе бербейт. Селсаяктар үйүндө 10 жаштан 70 жашка чейинки адамдарды кезиктирүүгө болот.

Мурда медкызматкер, азыр селсаяк

40 жаштагы Дилбар жолдошунан айрылган соң кызын турмушка узатып, азыр көчөдөн нан таап жегенге аргасыз. Мурда жашаган жери Жалал-Абаддын сыртында болгондуктан, күн сайын барып келүүнү каалабай, азыр шаарда жүрөт, селсаяктар үйүнө каттап турат. Шаардын борборундагы эс алуу бактарынын биринде аны дагы бир шерик аял менен отурганда кезиктирдик. Курсагы ачканынан аргасыз кар жеп, ары-бери өткөндөрдү күзөтүп олтурушкан экен:

- Кесибим боюнча медикмин, мурда төрөт үйүндө санитар, башка бир топ лабораторияларда да иштеп жүргөм. Турмуштун айынан ал жумушумдан да айрылып, соода-сатык кылууну туура көргөм. Өткөн жылы Бишкек шаарына барып, бирөөгө жалданып малчы, саанчы болуп иштеп жүрдүм. Жолдошум каза болгон соң кызымды Казакстанга күйөөгө узаттым, азыр эгиз неберелерим бар. Азыр эч бир жумуш кылууга мойнум жар бербейт. Көчөдө ушул шеригим менен олтуруп, кеч киргенде жатаар жерибизге кайтабыз. Селсаяктар үйүнө мас болуп барсаң кээде албай коюшат. Айласыз жер төлөлөрдү табууга туура келет. Кечээ эле бул жерде менден улуу бир аял мас болуп жатып калган экен, милиция аны селсаяктар жайына алып барышкан. Бизге жумуш болсо ушул акыбалда жүрөт белек.

Селсаяктар үйү баарына ачык

Жалал-Абадда түнөөгө жери жоктордун баарына селсаяктар үйүнүн эшиги ачык. Учурда жыйырма орундуу жайда түнөгөн көчө адамдарынын сегизин аялдар түзөт. Бул жердегилердин кээ бирлери үй-жай күтүп, бала-бакыра багуунун ордуна ичкиликке берилсе, айрымдары тагдырдын ар кыл сыноосуна кабылгандар. Бир маал ысык тамак менен камсыздалган борбордун коменданты Идаят Исакова буларга токтолду.

- 2005-жылы туулгандан тартып, 70 жашка чейинки кыз-келиндер, аялдар бар. Алар үйүнөн урушуп чыккандар же турмушу бузулган келиндер. Башка райондордон шаарга келип, кайра кете албай калгандары да болот. Кечээ күнү эле алты аял түнөп кетти. Былтыркы жылы Токтогул районунан бир келин качып шаарга келип, ушул жерде жашап жүрдү. Анын туугандары кыйнап мал бактырып, кордук көрсөтчү экен. Азыр ал шаарда бала багуучу болуп башка үй-бүлөдө жашап жатыптыр. Селсаяктар жайы кечки бештен тартып эртең мененки саат онго чейин иштейт. Күндүз аларды кое беребиз. Былтыркы жылы ушул жерде бир-бирин бычактап коюшуп, сотко жүгүрүп жүрдүк. Атүгүл бир селсаякты союп да коюшту. Быйыл болсо тартипти катуу коюп жатабыз. Кээде аялдардын мас болуп жаңжал чыгарган учурлары кездешет.

Селсаяк аялдардын армандуу турмушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Соңку бир айда эле коомдук жайларда мас абалда суукта калып кеткен жыйырмага жакын адамды тез жардам унаасы селсаяктар жайына алып келген. Ал эми бирөө азыр реанимация бөлүмүндө жатат.

Башына ак калпак кийген 67 жаштагы карыяны кечинде шаардын көчөлөрүнөн милиция таап, ушул жайга жеткизген. Майыптык арабага байланган Ибраим Рахманкулов Базар-Коргон районунан келип, тилемчилик менен алектенет. Эки баласы тең Орусияга иштөө үчүн кетип, карыя кароосуз калган. Арабасынын да бир дөңгөлөгү жарактан чыгыптыр. Аны көргөн комендант тийиштүү тараптарга телефон аркылуу кайрылды.

- Алло! Бул социалдык коргоо башкармалыгыбы? Биз селсаяктар үйүнөн чалып жатабыз. Бул жерге кечээ кечинде арабада отурган майып аксакалды көчөдөн алып келишти эле. Арабасы да сынып жүрө албай калыптыр. Келип кабар алып, жардам берип койбойсуздарбы.

Өзгөндүк кемпирдин окуясы

Аты-жөнүн атагысы келбеген 80ден ашкан эне мында жатпаса да, бирок бир маал ысык тамак-аш жегени келип турат. Өзүнүн айтымында, Өзгөн районунда туулуп өсүп, эки баласынан жана жолдошунан айрылганына бир канча убакыт болуптур. Кийинчерээк экинчи турмушунда согуш ардагери менен жашап, ал да каза болгон соң өгөй балдары үйдөн кууп салган. Учурда багар-көрөөрү жок кемпир бош калган үйлөрдүн биринде жалгыз жашап жатыптыр.

- Жалал-Абад шаарындагы пахта заводдорунун биринде көп жыл иштегем. Ал жай өрттөнүп кеткендиктен эмгек китепчем табылбай, пенсияга да чыга албай калдым. Азыр бир көзүм такыр көрбөйт, экинчиси араң көрөт. Учурда көзүмө гана эки миң сом пенсия чыгарып беришкен. Ал да болсо дары-дармектен ашпайт. Ыйласам да, кайгырсам да айла жок экен, балам. Бир жылдан бери ушул турмушту башымдан өткөрүп келатам. 1990-жылдагы Ош когалаңында эки баламдан айрылдым, кийинчерээк жолдошум автокырсыктан каза болду. Экинчи турмушумда ардагер карыяга турмушка чыгып, ал да каза болгон соң балдары мени көчөгө чыгарып ташташты.

Былтыркы жылдын маалыматты боюнча Жалал-Абад шаарында 35 селсаяк катталган. Аларды суукта багып кароого калаа бюджетинен 200 миң сом акча каражаты каралган. "Маспы же сообу, бардык каалоочуларга жатууга уруксат берилет", - дейт борбордун жетекчиси Талант Касымов.

- Бизге ким келип кайрылса, документ же паспортун сурап отурбай жайгаштырабыз. Алар үчүн атайын жылуу жай даярдалган. Быйыл селсаяктар үйү суук эрте түшкөндүктөн ноябрь айынан башталды. Шаар бийлиги тарабынан алардын тамак ашына деп, күн сайын ар бирине 40-50 сомдон каражат каралат. Мындан сырткары аларды айына эки жолу мончого алып барып, ич кийимдерин да алмаштырып турабыз. Негизи аларга болгон камкордук жакшы.

Учурда борборго туруктуу келип жашаган адам жок. Бири кетип, экинчиси келе берет. Ошол себептен алардын саны азайып, же көбөйүп турат.

XS
SM
MD
LG