Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Кыш селсаякты аябайт


Равшанбек Токтоматов
Равшанбек Токтоматов

Ошто соңку суук күндөрдө үй-жайсыз 4 киши көз жумду. Былтыркы кышта 10 чакты селсаяк суукка тоңуп калган болчу.

Муну алдын алуу үчүн туруктуу жайы жок жарандарга жок дегенде кышкысын жайлай турган турак керек дейт милиция. Бийлик бир нерсе кыла албаган менен, аларга анча-мынча бейөкмөт уюмдар кам көрүп жатат.

Равшанбек Токтоматов өзүн селсаяк деп атап алган. Тагдыры талкаланып, минтип көчөдө калганына 20 жыл болду. "Ит минип" калса да оптимисттигинен жазбай, оң келген чуңкурда жатып, акыр-чикир менен өлбөгөн жанын багып келатат:

- Турмуш ушундай болуп калды. Эмне кылайын... Үй-бүлө жок. Турак жай жок. Селсаякмын. Үй-бүлө болбогондон кийин ушул да, жүрөбүз ар жерде салпактап... Аялым экөөбүздүн ортобузда бир үй бар эле, аны аялым сатып, мени таштап кетип калды. Азыр Орусияда иштеп атат деп угам, эми ажырашып кеткенден кийин ага баары бир да. Мен минтип көчөдө калдым. Арга жок жашап атам. Жеген-ичкеним таштанды салган жерде даяр, жаткан жерим бар. Өзүмдүн жашоом үчүн күрөшүп атам.

Токтоматовдун өзүнө тиешелүү таштанды салган жайлары бар. Ал аймагына башкаларды жолотпойт. Жатканда да жылуу жерди таап, курсагын да жакшы тойгузат. Тамашалап, өзүн "крутой БОМЖ" деп атап койот:

"Плюс центр" борбору
"Плюс центр" борбору
- Өзүмдү өтө сыйлап, жакшы карайм. Азырынча өлгөнгө даярданбайм, андай максатым да жок. Кудайдан ажал келгиче жашай берем. Туулуп эле өлүп калган болбойт да. Жанымды сакташ үчүн каалаган жериме барып жатам. Суу түтүктөрдүн жанына барып, жылуу жерлерге кирип кетем. Ал жерде үшүмөк тургай терилеп, түнү менен ысып чыгам. Бирок башкаларды киргизбейм. Мен жалгыз карышкырмын. Анан эми өлүп калгандар алар менин зонама кирбейт. Алар ичип алып жүргөндөр. Бир жерде жыгылып, тоңуп калган.

Деген менен кыш башталбай жатып эле туруктуу жашаган жайы жоктордун төртөө каза болду. Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" буларды айтты:

- Былтыр кышында 6 адам өлгөн болчу. Быйыл суук түшөөрү менен эле минтип туруктуу жашоого жайы жок 4 киши каза болду. Тоңуп өлгөндөр негизинен ар кандай подъездерден, таштанды таштоочу жайлардан, жылуулук түтүктөрү өтө турган жайлардан табылган. Буларга азырынча боор ачып, ысык тамак берип, жылуу жерге жаткыра турган мамлекеттик мекеме жок.

Мамлекеттик жайлар жок болгон менен үй-жайсыз адамдарга жардам берген анча-мынча бейөкмөт уюмдар Ошто дагы деле бар экен. "Плюс центр" коомдук уюмунда учурда 10 чакты селсаяк жатат. Уюмдун өкүлү Элмира Осмонова:

- Селсаяктар деле адам, алар деле Кыргызстандын жараны. Ошондуктан мамлекет аларга да кам көрүүгө милдеттүү. Тилекке каршы бул милдетти бизге окшогон бейөкмөт уюмдар аткарып келатат. Бизге келгендерди жуундурабыз, тамак беребиз, кийиндиребиз, оорусун текшеребиз, дарт болсо дарылайбыз. Айрымдары бир апта, башкалары бир жылча убакыт реабилитациядан өтөт. Бирок бизде деле көп адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок.

Элмира Осмонова
Элмира Осмонова
Бул уюмда селсаяктардан сырткары баңгилер, аракечтер жана ар кандай оорулуулар да каралат. Айрымдары бул жерде кайрадан жаңы жашоо баштап кетишет. Туруктуу жайы жок Акылбек да мында турганына 1 айча болду:

- Бул уюмда адамгерчилик жагынан баары жакшы. Бөлүп-жарып, же жийиркенишпей, бул аракеч, бул баңги, бул селсаяк деп кемсинтпей, келгенибизди кабыл алышат. Бул жерде дарыланып, адам болуп чыгып кеткендер бар. Ал эмес, кээлери ушул жерден үйлөнүп, айрымдары иш таап кетишти. Баарыбыз бир туугандай жашайбыз.

Шаарда жалпысы 30 жаштан 80 жашка чейинки 60тай туруктуу жайы жок адам каттоодо турат. Алардын ичинде 10 чакты аял бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG