Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Диплом чырынан кийин эки депутат мандаттан ажырады


Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.
Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаилов. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов (“Альянс”) менен Фархат Исмаиловду (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы негиз болду.

Боршайкомдун жыйынында билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков маалымат берип, Фарходбек Алимжановго диплом 2016-жылы мыйзам бузуу менен берилгенин айтты. Ал мындай чечимди министрликте түзүлгөн комиссия чыгарганын билдирди.

“Комиссия 2016-жылдын 25-августундагы Фарходбек Алимжановго диплом одоно мыйзам бузуу менен берилген деген бүтүмгө келип, үчүнчү жана төртүнчү семестрдин экзамендерин жана ага берилген дипломду жокко чыгарууну сунуштайт. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын магистрдик диплому кайра алынсын. Комиссия ошондой эле мыйзам бузууга жол берген окуу жайдын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуштады”.

Фарходбек Алимжанов Боршайкомдун чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал 6-июлда Кара-Суу районунда эл менен жолугуп жатканын айтып, жогорку окуу жайды бүткөнү тууралуу дипломду мыйзамдуу алганын билдирди.

Фарходбек Алимжанов.
Фарходбек Алимжанов.

“Баарын убакыт көрсөтөт. Мыйзам жолунда мындан ары аракет кылабыз. Муну билесиңер да. Эки жылдан бери келаткан маселе. Дипломум бар. Мен окуудан чыгып кайра калыбына келтирип атып беш эмес 10 жыл окугам. Мен азыр эл менен чогулуштамын”, - деди Алимжанов.

БШК ушул эле күнү парламенттеги “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун да диплому жасалма деген негизде мандатын жокко чыгарды. Билим берүү жана илим министрлиги ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окубаганын жана ага диплом берилбегенин билдирди. Фархат Исмаилов комментарий бере элек.

Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев депутаттарга убагында диплом жасап берген кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

“Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна жана экзамен алган комиссиянын төрагасына, мүчөлөрүнө кандай чара көрүлдү? Анткени бул жерде канча деген шайлоочулардын добушу жокко чыгарылды. Ошондуктан студент эле мугалимдерге да чара көрүлүшү керек”.

Жогорку Кеңештин расмий сайтында Фархат Исмаилов 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин, андан соң юридикалык академияны бүтүргөнү, ал эми Фарходбек Алимжанов алгач Ош мамлекеттик университетин андан кийин Президентке караштуу башкаруу академиясын аяктаганы жазылган.

“Министрлик өзүнүн укуктарына жараша жаза берди. Чечимди университеттердин жетекчилерине да жиберебиз. Ал эми укуктук жактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергөө жүргүзөт”, - деди билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков.

Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловдун мандаты алынса, алардын ордуна “Альянс” фракциясынан кийинки кезекте турган экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров, “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан кыргыз футбол бирлиги уюмунун мурдагы президенти Канатбек Маматов келет деп күтүлүүдө.

2022-жылы УКМК мамлекеттик мекеме-органдарда иштеген кызматкерлердин дипломдорун жапырт текшере баштаган жана ал үч ай ичинде аяктарын билдирген.

Башында текшерүүнүн жайынтыгы тууралуу маал-маалы менен маалымат берилип, тизмеде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, президенттин аймактагы өкүлү, судьялар, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө иштегендер бар экенин билдиргени менен алардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган эмес.

Кыргызстанда буга чейин да айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн, депутаттардын дипломдору жасалма, кээ бирлери башка мамлекеттин жараны экени тууралуу маалыматтар чыккан, териштирүү болуп, кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG