Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

“Хоросандын” көздөгөнү Чыгыш эмес, Батыш


"Хорасан” – “Ал-Каиданын” филиалы жана “Ал- Нусра” тобунан ажырап чыкканы айтылууда.
"Хорасан” – “Ал-Каиданын” филиалы жана “Ал- Нусра” тобунан ажырап чыкканы айтылууда.

АКШ жана анын араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрү “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы турумдарына абдан сокку уруп жатат. Бирок Сирияда “Хорасан” деп аталган дагы бир радикал уюм бар. Ушул аптадагы аба соккулары учурунда бутага бул топтун Сириянын түндүк-батышындагы турумдары менен машыгуу лагерлери да алынды. Талдоочулар “Хорасан” менен “Ислам мамлекети” тобу көздөгөн максатта айрымачылык бардыгын белгилешет.

Базалары Сириянын түндүк-батышындагы Алеппо шаарынын айланасында деп саналган “Хорасан” тобу же анын лидерлери тууралуу “Ислам мамлекетинен” айырмаланып анчалык көп маалымат жок.

АКШ Коргоо министрлиги - Пентагондун расмий өкүлдөрү “Хорасанды” “Ал - Каиданын” туундусу деп саноодо. Пентагондун басма сөз катчысы, Жон Кирби:

- “Хорасан” - “Ал - Каиданын” филиалы жана “ал-Нусра” тобунан ажырап чыккан. Биздин ишенимибизде, бул топ балким Европага же АКШга кол салууларды жасоону пландоонун акыркы баскычтарында болгон. Биз террорчулар менен дүйнө боюнча акыркы он үч жылдан бери күрөшүп жаткандыктан, биздин кызыкчылыктарыбызга, союздаштар менен өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарына каршы кыянатчыл чабуулду пландоону улантып жаткан "Хорасан" сыяктуу топтор менен да күрөшөбүз.

Пентагондун өкүлү атаган “ал-Нусра” Сирияда өкмөткө каршы чыккан топтордун эң мыкаачысы жана эң эффективдүүсү деп саналат.

Жергиликтүү экстремисттер менен чет элдик жихадчылардан турган бул топтун чет элдик согушкерлеринин көбү, маалыматтарга караганда, акыркы бир жылда “Ислам мамлекетине” өтүп кеткен.

Мурдараак АКШнын чалгын кызматтары “Ислам мамлекетинде” 31 миңге чейин согушкер бар деп болжолдогон эле.

Ал эми “Хорасан” качан түзүлгөнүн жана канча адамдан тураарын эксперттер так айта алышпайт.

Вашингтондогу Тышкы байланыштар кеңешинин терроризм боюнча талдоочусу, профессор Макс Абрамс “Хорасандын” “Ислам мамлекетинен” жана башка согушчан топтордон айрымачылыгы тууралуу мындай дейт:

- “Ислам мамлекети” тобу мүчөлөрүнүн курамы жагынан эл аралык экенине, америкалык журналисттерди өлтүргөнүнө жана АКШга кол саларын айтып, коркутканына карабай, “Хорасан” тобунун көздөгөнү - эл аралык чабуулдар. Алар халифат түзүүгө же Асаддын режимин кулатууга кызыкдар эмес.

Профессор Абрамс “Хорасан” “Ал-Каида” “Ислам мамлекети” тобу менен атаандашуусунун натыйжасында жаралган болушу мүмкүндүгүн кошумчалайт:

- “Ал - Каида" өзүнүн болочоктогу мүчөлөрүнө “Ислам мамлекети” бул жааттагы жалгыз оюнчу эмес экенин, «Ал-Каиданын» айланада дагы деле көптүгүн көрсөткүсү келүүдө. Эгер согушкер болгусу келгендер террордук топторго кошулууну кааласа, «Ал - Каида» алардын арасынан эң мыкты тандоо болушу керек.

"Хорасанды" кезинде “Ал-Каида” лидери Усама бен Ладендин эң жакынкы чөйрөсүнө кирген кувейттик жигит, 33 жаштагы Мухсин Ал-Фадли жетектери белгилүү болду. Алар 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан соң Ооганстандан Иранга качкан.

Ал соңку жылдарга чейин эле Иранда жашап, “Ал-Каиданын” Сириядагы мүчөлөрү үчүн акча таап, логистикалык колдоо көргөзүп жүргөн деп болжолдонот.

АКШ Мамлекеттик департаменти ал-Фадлини “Ал-Каиданын” каржылоочусу деп атап, анын кармалышына алып барган маалымат бергендер үчүн 2012-жылы жети миллион доллар сыйлык жарыялаган.

Мухсин ал-Фадли өзү башкараган топко “Хорасан” деп ат коюшу ал Иранда жашап кеткенине байланыштуу болушу мүмкүн.

"Хорасан" азыр Ирандын бир чөлкөмү. Бирок тарыхта "Хорасан" азыркы Иран, Ооганстан, Борбор Азия кошулган географиялык аймактын байыркы аталышы.

XS
SM
MD
LG