Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

"Ислам мамлекетине" Сириядан сокку урулду


Перс булуңунан Сириядагы согушчандарды көздөй атылган Томагавк ракетасы.
Перс булуңунан Сириядагы согушчандарды көздөй атылган Томагавк ракетасы.

АКШ жана бир нече Араб мамлекеттери “Ислам мамлекети” уюмунун Сириядагы турумдарына абадан сокку урууну баштады. Буга чейин сокку Ирак менен гана чектелип жаткан.

Буга чейин америкалыктар согушкерлердин кошуна Ирактагы шектүү жайларына абадан чабуул коюп келишкен.

АКШнын Коргоо министрлиги операцияга согуш учактары тартылып, 47 Томагавк ракетасы атылганын, соккулар мурдагы "алкаидачылардан" куралган “Хорасан" тобуна каршы багытталганын маалымдады.

Бутага экстремисттердин машыгуу лагерлери, жардыргыч заттар жана башка курал-жарак сакталган жайлар, байланыш инфраструктурасы, топтун командачылыгы жайгашкан имараттар, аскердик техника, жүк ташыган машинелер алынды.

Дамаск Вашингтон соккунун алдында Сириянын Бириккен улуттар уюмундагы элчисин кабардар кылганын билдирди. Кошмо Штаттар болсо Сирия өкмөтүнөн уруксат сурабай турганын кыйытты. Пентагондун басма сөз катчысы аскердик операция жүрүп жаткандыктан, анын чоо-жайы тууралуу маалымат берилбейт деди.

АКШнын маалымат каражаттары расмий адамга шилтеп жазганына караганда, өнөктөш өлкөлөрдүн тобуна Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Иордания жана Араб Эмираттары кирет. Бирок алардын так ролу аныктала элек.

Иордания сокку урууга катышканын тастыктады, Британия болсо азырынча бул маселе чечиле электигин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

НАТО шейшемби күнкү билдирүүсүндө АКШ баштаган коалициянын Сириядагы соккуларына катышпаганын белгиледи. Америкалык расмий өкүлдөр Томагавк ракеталарын атуу үчүн АКШ Перси булуңундагы жана Кызыл деңиздеги аскердик кемелерин колдонууда.

Биринчи чабуул жоочулардын Ракка шаарынын айланасындагы жана Ирак менен чек ара аймагындагы позицияларына коюлду. Соккулар АКШ президенти Барак Обама мындан эки жума мурун жарыялаган согушкер топко каршы кеңири операциянын бир бөлүгү.

Америкалык учактар буга чейин Сириянын аймагы үстүнөн учуп, жихадчылардын базалары, кыймыл-аракеттери тууралуу маалымат чогултуп турушту.

Армия жетекчилеринин билдиргенине караганда, “Ислам мамлекети” уюмунун 31 миңдей согушкеринин көбү Сирияда жайгашкан. Уюм Сирия менен Ирак аймактарындагы ири тилкени ээлеп алууга жетишти.

Алардын колунан миңдеген киши каза тапты, радикалдар америкалык эки журналист менен британиялык гуманитардык кызматкерди мууздап өлтүрүштү.

Августтун башынан бери АКШнын согуш учактары жана пилотсуз учактар "Ислам мамлекетинин" Ирактагы буталарына 190 чакты сокку урушту.

19-сентябрда Франция Вашингтондун аба кампаниясына кошулуп, экстремисттерге чабуул койду. Расмий Париж соккулар Ирактын аймагында гана жүргүзүлөрүн белгиледи.

Ал тапта Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус француз жаранынын барымтага алынышы өлкөнүн согушкерлерге каршы операцияга катышуусуна тоскоол болбойт деп билдирди. 21-сентябрда "Ислам мамлекети" менен кызматташкан топ Алжирде Эрве Гурдел аттуу кишини барымтага алып, Париж Ирактагы соккуларын токтотпосо, аны өлтүрөбүз деген шарт койгон.

- Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тилекке каршы Алжирде барымтага алынган француз жараны Эрве Гурдел экенин тастыктады. Бул террордук топ өтө кооптуу жана дагы бир жолу "Ислам мамлекети" деп аталган кыймылдын ашынган ырайымсыздыгын, мыкаачылыгын далилдейт.

"Ислам мамлекети" уюму өз жактоочуларын жихадчыларга каршы аракет көргөн өлкөлөрдүн, айрыкча Франциянын жарандарын өлтүрүүгө үндөп келатат.

Орусия болсо АКШ жетектеген операция Сириянын көз карандысыздыгын жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузарын билдирди:

- Орусия мындай аракеттердин эл аралык мыйзамдарга ылайык гана жүргүзүлүшү керектигине басым жасайт. Сокку тууралуу бир тараптуу жөн гана формалдуу кабар берилбестен, Сирия өкмөтүнүн макулдугун алып же БУУнун коопсуздук кеңешинин тийиштүү жактыруусу болууга тийиш, - деди министрликтин басма сөз катчысы Александр Лукашевич.

"Терроризмге каршы күрөш эл аралык коомчулуктун Бириккен улуттар уюмунун жетекчилиги алдында координацияланган иш алып барууну талап кылат", - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Москва АКШ өзүнүн геосаясий максаттары үчүн Сириянын суверендүүлүгүнө шек келтирүүдө деп айыптап, мындай аракеттер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары да дестабилдештирүүгө алып келерин белгилейт.

"Ислам мамлекети" деп аталган согушкерлер тобу алдыга жылган сайын, качкындардын саны көбөйүүдө. 22-сентябрда Анкара эки күндүн ичинде Түркиянын аймагына 130 миңдей сириялык күрт ооп келгенин билдирген. Анын алдында согушкерлер Сирия менен чек ара аймагындагы ондогон айыл-кыштактарды ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG