Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Обама: "Ислам мамлекетине" каршы күрөш уланат


Барак Обама Нью-Йоркко аттанаардын алдында Сириядагы сокку боюнча билдирүү жасады. Ак үй, 23-сентябрь
Барак Обама Нью-Йоркко аттанаардын алдында Сириядагы сокку боюнча билдирүү жасады. Ак үй, 23-сентябрь

Президент Барак Обама “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөш уланарын билдирди. Анын алдында АКШ баштаган коалиция согушкерлердин Сириядагы турумдарына алгачкы соккуну урган.

Орусия менен Иран мындай операцияны Дамасктын макулдугун жана Бириккен улуттар уюмунун уруксатын алып, жүргүзүү керек деп сындады.

Барак Обаманын айтымында, бул операцияда АКШ Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Иордания жана Араб Эмираттары менен биргелешип иш алып барганына сыймыктанат.

"Беш араб өлкөсүнүн бул кампанияга катышуусу АКШ уюмдун согушкерлерине каршы күрөштө жалгыз эместигин далилдеди", - деди президент. Бул күрөш убакытты талап кылат деген Обама Вашингтон топту жеңүү үчүн керектүү чара көрөрүн билдирди:

- Америка кеңири коалициянын алкагында аракеттенет. Бизге Сауд Арабия, Бириккен Араб эмираттары, Иордания, Бахрейн жана Катар кошулду. Америка орток коопсуздук үчүн ийиндешип күрөшкөнүбүзгө сыймыктанат. Коалицииянын кубаттуулугу Америка жалгыз эмес күрөшүп жатканын көрсөтүүдө. Жакынкы Чыгыштагы эл менен өкмөттөр “Ислам мамлекетине” туруштук берүүдө.

Пентагон 22-сентябрда уюмдун Сириядагы турумдарына 14 сокку урулганын, АКШнын Коргоо министрлиги операцияга согуш учактары тартылып, 47 Томагавк ракетасы атылганын, соккулар мурдагы "алкаидачылардан" куралган “Хорасан" тобуна да каршы багытталганын буга чейин маалымдаган.

Бутага экстремисттердин машыгуу лагерлери, жардыргыч заттар жана башка курал-жарак сакталган жайлар, байланыш инфраструктурасы, топтун командачылыгы жайгашкан имараттар, аскердик техника, жүк ташыган машинелер алынды.

Дамаск Вашингтон соккунун алдында Сириянын Бириккен улуттар уюмундагы элчисин кабардар кылганын билдирди. Кошмо Штаттар болсо Сирия өкмөтүнөн уруксат сурабай турганын кыйытты.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун жетекчиси Рами Абдуррахман соккудан Раккада 70 чакты согушкер өлтүрүлгөнүн, кеминде 300дөйү жарадар болгонун билдирди. Алеппо чөлкөмүндө “Нусра майданы” деген "ал-Каида" менен байланыштагы уюмдун бери дегенде 50 мүчөсү жана карапайым 8 киши окко учканын кошумчалады.

НАТО шейшемби күнкү билдирүүсүндө АКШ баштаган коалициянын Сириядагы соккуларына катышпаганын белгиледи. Соккулар АКШ президенти Барак Обама мындан эки жумадай мурун жарыялаган согушкер топко каршы кеңири операциянын бир бөлүгү.

Америкалык учактар буга чейин Сириянын аймагы үстүнөн учуп, жихадчылардын базалары, кыймыл - аракеттери тууралуу маалымат чогултуп турушту.

Армия жетекчилери билдиргенине караганда, “Ислам мамлекети” уюмунун 31 миңге чукул согушкеринин көбү Сирияда жайгашкан. Уюм Сирия менен Ирактын аймактарындагы ири тилкени ээлеп алууга жетишти.

Алардын колунан миңдеген киши каза тапты, радикалдар америкалык эки журналист менен британиялык гуманитардык кызматкерди мууздап өлтүрүштү.

Августтун башынан бери АКШнын согуш учактары жана пилотсуз учактар "Ислам мамлекетинин" Ирактагы буталарына 190 чакты сокку урушту.

19-сентябрда Франция Вашингтондун аба кампаниясына кошулуп, экстремисттерге чабуул койду. Расмий Париж соккулар Ирактын аймагында гана жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Сирия президенти Башар Асаддын өнөктөштөрү болуп эсептелген Орусия менен Иран АКШ жетектеген операция Сириянын көз карандысыздыгын жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузарын билдирди.

- Орусия мындай аракеттердин эл аралык мыйзамдарга ылайык гана жүргүзүлүшү керектигине басым жасайт. Сокку тууралуу бир тараптуу жөн гана формалдуу кабар берилбестен, Сирия өкмөтүнүн макулдугун алып же БУУнун Коопсуздук кеңешинин тийиштүү жактыруусу болууга тийиш, - деди министрликтин басма сөз катчысы Александр Лукашевич.

"Терроризмге каршы күрөш эл аралык коомчулуктун Бириккен улуттар уюмунун жетекчилиги алдында координацияланган иш алып барууну талап кылат", - деп жазылган орус тышкы мекемесинин билдирүүсүндө.

Москва АКШ өзүнүн геосаясий максаттары үчүн Сириянын суверендүүлүгүнө шек келтирүүдө деп айыптап, мындай аракеттер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары дестабилдештирүүгө алып келет деп белгилейт.

Ушу тапта Нью-Йорокто жүргөн Ирандын президенти Хасан Роухани "АКШнын саясаты түшүнүксүз жана бир беткей эмес. Себеби, бир четинен исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүп, экинчи жагынан Сирия өкмөтүнө шек келтирүүдө" деп сындады.

Согушкерлер алдыга жылган сайын, качкындардын саны көбөйүүдө. 22-сентябрда Анкара эки күндүн ичинде Түркиянын аймагына 130 миңдей сириялык күрт ооп келгенин билдирген. Анын алдында согушкерлер Сирия менен чек ара аймагындагы ондогон айыл-кыштактарды ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG