Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

Конгресс Иран менен келишимди текшерүүгө укук алууда


АКШ Конгрессинин имараты.
АКШ Конгрессинин имараты.

АКШда Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы Иран боюнча жаңы мыйзамды ушул аптада колго салышы мүмкүн. Документти Сенат өткөн апта соңунда көпчүлүк добуш менен жактырган. Мыйзам Конгресске дүйнөнүн алты ири державасы, анын ичинде Кошмо Штаттар Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча түзө турган эл аралык келишимди кайра карап чыгууга укук берет.

АКШ Сенаты өткөн бейшембиде 98 добуш менен жактырган мыйзамды бир нече айга созулган талкуунун натыйжасында жетишилген мунаса документ катары сыпаттаса болот.

Республикачылар менен демократтар жана Ак үй ортосунда жүргөн талаш - тартыштар, талкуулар Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты ири державасы жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө, түзүлүп жаткан келишимге Конгресс да таасир көргөзө алуусунун туура жолун табууга багытталган.

Республикачыл сенатор Боб Коркер мыйзам жактырылгандан кийин кабарчылар менен маегинде буларга токтолду:

Боб Коркер
Боб Коркер

- Менимче, бул Кошмо Штаттардын сенаты үчүн ири жетишкендик. Эл өкүлдөр палатасы жакынкы күндөрү аны колдойт деп үмүттөнөм. Бул Сенаттын тышкы иштер боюнча комитети үчүн да чоң ийгилик болду. Бул биздин башка иштердеги кызматташтыгыбыз үчүн да негиз боло алат.

Конгресстин оппозициядагы республикачылар көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бонер мыйзам долбоорун “президент Обаманын администрациясын жоопкерчиликте” кармай турган документ катары атады.

Жаңы мыйзамга ылайык, АКШ Конгресси Иран менен эл аралык келишим жетишилсе, аны 30 күн ичинде жактырат же четке кага алат.

Бул мезгил аралыгында Обама администрациясына Иранга каршы киргизилген америкалык санкцияларды жумшартууга тыюу салат.

Эгер Конгресс Иран менен түзүлгөн жыйынтык келишимди четке какса, президент Барак Обама өз жардыгы менен өкмөттүн санкцияларын гана жойо алат. Ал эми Иранга каршы Конгресс киргизген санкциялар жеңилдетилбейт. Өзү АКШнын Иранга каршы санкцияларынын көбүн Конгресстики түзөт. Алар биротоло жоюлушу үчүн Конгресстин гана чечими талап кылынат.

Конгресс Иран менен түзүлгөн келишимди четке каккан учурда, президент Обамада ал чечимге вето салуу укугу болот. Президенттин ветосун жеңүү үчүн Конгресс мүчөлөрүнүн үчтөн эки добушу талап кылынат.

Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында, президент Барак Обама мыйзамга ал Сенатта жактырылган редакцияда кол коюуга даяр.

Бирок Эл өкүлдөр палатасы Иран менен келишим түзүлүүсүнө коркунуч жарата турган алымча-кошумчаларды кошсо жана президент мыйзамга вето салуу укугунан пайдаланат.

Конгресс Иран менен сүйлөшүүлөрдү жокко чыгара турган документ кабыл алса, ага вето коерун президент Обама мурда эле эскертип келген.

Демократиялык партиядагы мыйзамгерлердин бир тобу Иран менен келишим боюнча Конгресс да өз сөзүн айтуусу керек деп санагандан кийин документтин мунаса вариантына кол коюуга көнгөн эле.

Тегеран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим 30-июнга чейин түзүлүүсү керек. Анын негизги параметрлерин ири алты держава жана Иран өткөн айдын башында макулдашкан.

Обама администрациясынын өкүлдөрү жыйынтык келишим Иран өзөктүк куралга ээ болбошун кепилдөөсү керектигин айтып келишет. Вице-президент Жо Байден жакында Вашингтондо сүйлөгөн учурунда:

- Жыйынтык келишим иш жүзүндө Ирандын бомбага карай (өзөктүк) жолун кесиши керек. Антпесе, келишим болбойт. Жыйынтык макулдашуу Иранга каршы санкциялар баскыч-баскыч менен алынуусун карап, аны менен бирге алардын өзөктүк программасын чектөө боюнча маңыздуу кадамдар жасалуусу абзел. Андай болбосо, келишим да болбойт. Жыйынтык макулдашуу эл аралык коомчулуктун Ирандын программасы тынчтык максатта гана кетип жатканын кепилдөө талабын текшерүү аркылуу камсыздашы керек. Эгер мындай болбосо, келишим да болбойт, - деди.

12-13-майда Вашингтондо АКШ менен Перс булуңундагы өлкөлөрдүн саммити өткөнү жатат.

Саммитте президент Обама Перс булуңу кызматташтык кеңешине кирген Сауд Арабия, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Бахрейн, Омандын лидерлерин Иран менен түзүлүп жаткан келишимдин коркунучтуу эместигине ынандырат деп да күтүлүүдө.

Батыш, Израил менен катар Ирандын талаштуу өзөктүк программасынан анын айланасындагы сунни араб өлкөлөрү да тынчызданчу. Тегеран болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап жүрөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG