Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:09

Обама республикачылар менен иштешүүгө даяр


Барак Обама Ак үйдөгү пресс-конференцияда, 5-ноябрь, 2014-жыл.
Барак Обама Ак үйдөгү пресс-конференцияда, 5-ноябрь, 2014-жыл.

АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш жана Ирандын атомдук программасы боюнча маселелерде Конгресс менен “жемиштүү” иштешерин билдирди.

4-ноябрдагы өткөөл шайлоодо республикачылар демократтарды жеңип, январдан тарта Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү түзүшмөкчү.

Барак Обама 7-ноябрда Конгресс лидерлерине “Ислам мамлекети” согушкер тобуна каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат бере турганын айтты:

- Азырынча биз жеңип жатабыз деп айтууга эрте. Себеби мен “Ислам мамлекети” уюмуна каршы операциянын эң башында айткандай, Ирак өкмөтүн, коопсуздук күчтөрүн биздин аба соккуларга кошумча кургактан жардам берип, согушкерлерди алар ээлеп алган аймактардан сүрүп чыгара тургандай деңгээлге жеткирип күчтөндүрүү, жаңы түзүлгөн коалицияны бекемдөө үчүн убакыт талап кылынат. Бирок коалиция ирактык аскерлерди машыктыруу, согушкерлерге каршы өз аймагында күрөшүү үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштерин жүргүзүп жатат.

Өткөөл шайлоодо демократтар республикачыларга утулуп калгандан кийин өткөргөн пресс-конференцияда президент Обама Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен мунаса таап, туруктуу келишим жетишилери азырынча анык эмес деди. Иран менен сүйлөшүүлөрдө прогресс байкалганын айткан Обама, туруктуу келишим өлкөнүн, региондун, бүтүндөй дүйнөнүн кызыкчылыгына дал келерин белгиледи.

- Иран утурумдук шарттарга көндү. Биз алардын программасын убактылуу токтотууга, атомдук материалдардын запастарын кыскартууга жетиштик. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү өтүп жатты. Эл аралык коомчулук бул багытта биригип иш алып барууда.

Ошол эле маалда АКШ лидери Ирандын жетекчилиги атомдук программа боюнча келишимди кабыл алып же албасы ачык маселе бойдон кала берүүдө деди.

“Ислам мамлекети” радикалдар тобуна каршы күрөш менен катар дал ушул маселеде Конгрессте көпчүлүктү түзө турган республикачылар менен тил табышуу татаалыраак болот деп күтүлүүдө.

Дүйнөлүк державалар менен Иран 24-ноябрга чейин туруктуу келишимге кол коюуга тийиш.

Обама макулдашуу Тегерандын тымызын түрдө атомдук курал чыгарышын алдын алса гана, аны мыйзамгерлерге сунуш кылаарын белгиледи. Иран ядролук программасы тынчтык максаттарды көздөөрүн, калктын тиричилигине гана багытталганын ырастап, эл аралык санкциялардын алынышына аракет көрүүдө.

4-ноябрдагы өткөөл шайлоодо республикачылар демократтарды жеңип, Сенатта көпчүлүктү камсыздашты, ал эми Өкүлдөр палатасында турумдарын күчтөндүрүштү.

Обама январда Конгресстин жаңы курамы чогулганда, республикачылар менен “жемиштүү” иштешерин билдирди. Президенттин айтымында, оппозициянын жеңиши добуш берүүчүлөрдүн жетекчилик "өз ишин аткарышы керек" деген талабынан кабар берет.

Ага чейин Сенаттагы көпчүлүктүн болочок лидери арасында аталып жаткан Митч МакКоннелл америкалык добуш берүүчүлөр республикачылар менен Ак үйдөгү демократтар орток пикирге келип, маанилүү мыйзамдар жаатында тез аракет көрүшөт деп үмүттөнүп жатышканын айткан.

XS
SM
MD
LG