Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

НАТО: Орусиянын аракеттери кооптондурат


Белбектеги аба базанын кызматкери орус армиясы басып алганга чейин. 21-март, 2014-жыл.
Белбектеги аба базанын кызматкери орус армиясы басып алганга чейин. 21-март, 2014-жыл.

Киев Крымдагы Украинанын базасын орус армиясы басып алганда “уурдалган” командирди тезинен бошотууну талап кылса, НАТО согуштук жабдыктарын Орусияга жакынырак жылдырып жатканын билдирди.

Украинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов орус армиясынын жетекчилеринен Крымдагы Белбек аба базасын тартып алышкандан кийин жоголгон полковник Юлий Мамчурду тезинен таап берүүнү талап кылды.

Согуштук оор техниканын жардамы менен орус армиясы ишембиде Севастополго жакын Белбектеги Украинанын аскер-аба базасын күч менен басып алды. Курчоого алган орусиялык жана камоодо калган украиналык аскерлер асманга ок атышып, үн, түтүн чыгарган гранаталар колдонулду. Бир украин аскер жараат алды.

Белбек: Орус армиясы базаны басып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Орусиянын Коргоо министрлиги Белбектеги аба база менен Новофедоровкадагы база алынгандан кийин Крымда жалпысынан 189 аскерий жайда Орусиянын байрагы илингенин жекшембиде билдирди.

Симфероподо Крымдын премьер-министри Сергей Аксенов жакынкы күндөрү Орусиянын атайын күчтөрү чыгыш Украинадагы орус тилдүүлөрдү коргоого бет алат деп “көзү ачыктай” сөзүн айтты:

Сергей Аксенов орус паспортун көрсөтүүдө. Симферополь, 20-март, 2014-жыл
Сергей Аксенов орус паспортун көрсөтүүдө. Симферополь, 20-март, 2014-жыл
- Крымдыктар Орусиянын жардамын күтүп, узактан бери ага үмүттөнүп отурганбыз. Мына азыр биз анын акыбетин көрдүк. Эми Орусия Украинанын башка аймактарында жардамга чакыргандардын үнүн угуп, бир тууганча барат деп ишенем.


Жекшембиде Брюсселде НАТОнун жогорку аскер командири Молдова өз курамындагы жикчил Приднестровье аймагын орус армиясы басып алат деп кооптонуп жатканын эскертти.

НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башчысы, америкалык генерал Филип Бридлав мындай билдирүүнү жекшембиде немистердин Маршал фонду өткөргөн форумда жасады.

“Эгер Кремль чечим кабыл алса, азыр Украинанын чыгыш чек арасында топтолгон көп сандагы орустардын согуштук күчтөрү Приднестровье аймагына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар” - деген генерал Орусия Түндүк атлантикалык альянстын “өнөктөшү эмес касындай аракеттенип жатканын” сындады. Ал ошондой эле Орусиянын чыгыш чек араларына аскер күчтөрдү топтоп жатканына жана Беларустан келчү истребителдерге каршылык көрсөтүү үчүн НАТО согуштук жабдыктарын Орусияга жакынырак жылдырып жатканын билдирди.

Генерал Филип Бридлав
Генерал Филип Бридлав
- Италиядагы Авиано аба базасынан F-16 истребителдерин Польшага жылдырдык. Англиядагы Лейкнхет аба базасынан F-15 учактарын Балтика аймагына жылдырдык. Кара деңизде мурдагыдай эле катышыбыз бар экендигин билдирип, аскер-деңиз күчтөрүбүздүн айрымдарын жылдырдык. Дагы бир топ иштер жасалышы керек. Мен аларды азыр ачыктабай эле турайын.

Москвада болсо президент Путин келаткан аптада Крымда административдик бийлик системасын толук түзүп чыгууга буйрук берди.

Путиндин мындай указы 29-мартка чейин Крымда полиция, жарандык коргонуу, ички чалгын жана башка өкмөттүк түзүмдөрдү Орусия Федерациясынын мыйзамдарына шайкеш өзгөртүүгө милдеттендирет.

Путин жума күнү Крым менен Севастополду Орусия Федерациясына кошуу жөнүндө бир катар документтерге кол койгон.

Бүгүн Крымда орус рубли украин гривнасы менен бирге расмий акча бирдиги катары киргизилет.

XS
SM
MD
LG