Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Обама менен Путин "Чоң жыйырмада" жолугушту


АКШ жана Орусия президенттери "Чоң жыйырманын" саммитинде, Түркия, 15-ноябрь 2015-жыл
АКШ жана Орусия президенттери "Чоң жыйырманын" саммитинде, Түркия, 15-ноябрь 2015-жыл

Түркиянын түштүгүндө "Чоң жыйырманын" жылдык саммити өтүүдө. Адатта экономикалык кырдаал талкууланган жолугушууда терроризмге каршы күрөшкө басым жасалмакчы.

Париждеги кандуу чабуулдарга тушташ өткөрүлүп жаткан эки күндүк жыйында Сириядагы абалды жөнгө салуу, мигранттар кризиси, экономика жана климаттагы өзгөрүүлөр өңдүү маанилүү маселелер да талкууланууда.

Жекшембиде кечинде саммиттин ачылышында жетекчилер Франциядагы кандуу чабуулдарда курман болгондорду бир мүнөт үнсүз эскеришти.

Жыйын төрт жарым жылдан бери жарандык согуш уланып келаткан Сириядан болгону 500 километрдей алыс жерде өтүүүдө. Бул жылдардын аралыгында "Ислам мамлекети” радикал тобу глобалдуу коопсуздукка коркунуч жараткан уюмга айланып, куралдуу жаңжал ири миграциялык кризиске алып келди.

"Чоң жыйырма" саммитинин ачылышы
"Чоң жыйырманын" саммити башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Лидерлер 129 кишинин өмүрүн кыйган Париждеги кол салууларга тушташ чогулушту. Жуманын кечинде борбор шаардын 8 жеринде болгон теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети" өзүнө алып, Франциянын Сирия жана Ирактагы аба соккулары үчүн өч алуу деп атады.

Бул кандуу окуя экстремисттерге каршы чараларды күч алдыруу керектигин дагы бир ирет көргөздү.

АКШ жана Орусия президенттеринин саммит учурунда расмий жолугушуусу пландалган эмес, бирок Барак Обама менен Владимир Путин кол алышып, бейрасмий кыска сүйлөшүү өткөрүштү.

Обама менен Путин саммитте жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Ак үйдүн расмий өкүлү билдиргенине караганда, мамлекет башчылар Сириядагы абалды жөнгө салуу кадамдарын, атап айтканда, бийликти тынч өткөрүү, БУУнун арачылыгы менен жаатташкан тараптардын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү, ок атышууну токтотууга жетишүү маселелерин талкуулашты.

Расмий булактын айтымында, Обама “Ислам мамлекетинин” радикалдары менен күрөшүп жаткан бардык өлкөлөрдүн аракеттерин кубаттап, Орусиянын Сириядагы соккуларын ошол топко так багыттоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ак үйдүн өкүлү ошондой эле Обама Минск келишиминин аткарылышына колдоосун билдиргенин кошумчалады.

Эки лидердин жарым сааттык сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус маалымат агенттиктери Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун “Орусия жана АКШнын “Ислам мамлекетине” каршы күрөштүн стратегиялык максаттары негизинен бирдей. Бирок тактикалык жактан алганда айырмачылыктар бар", - деген сөздөрүн келтиришкен.

Бир жарым айдай мурун Сирияда аба соккуларын жүргүзө баштаган Орусия радикалдарды эмес, президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топтордун турумдарын көбүрөк бутага алып жатат деген сынга кабылып келатат.

Саммиттин алдында түрк президенти Эрдоган менен кездешкен Обама “Ислам мамлекети” радикал тобун жок кылуу, Париждегидей теракттардын алдын алуу багытындагы аракеттерди күч алдырууга үндөдү. Президент ал кыянатчылыкты “бүтүндөй цивилизациялык дүйнөгө” кол салуу катары сыпаттап, АКШ аны уюштургандарды издеп табууга көмөктөшөт деди. Обама ошондой эле өткөн айда Анкарада болгон кош жардырууну айыптады.

Париждеги трагедия Жакынкы Чыгыш жана Африкадан Европага баш калка издеп качкан мигранттардын агымын токтотуш керек деген улутчулдардын чырагына май тамызды.

Кризистен өзгөчө жапа чеккен Европа жана Түркия Кытай, Индия жана Орусиянын каршылыгына карабай, аны глобалдуу маселе катары таанылышы, бозгундарды кабыл алып, жайгаштырууга финансылык жардамдын бөлүнүшү үчүн аракет көрүп келишкен.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун саммит катышуучуларын бул маселеде тилектештикке чакырды.

"Чоң жыйырманын" лидерлери массалык жер которуудан келип чыккан Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң ири кризисти жөнгө салуу аракеттерин колдошот деп ишенем. Бул - глобалдуу тилектештик кризиси. Сириялык төрт миллион бозгунга баш паанек берген Түркия, Иордания жана Ливанга таазим кылам. Ушул жана көптөгөн сандагы качкындарды кабыл алып жаткан башка өлкөлөрдү, башка жардамды кыскартпастан колдошубуз керек", - деди Пан Ги Мун.

XS
SM
MD
LG