Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Франциядагы теракт: соңку маалыматтар


Француз аскерлери Эйфель мунарасын кайтарып турушат. 14-ноябрь, 2015-жыл
Француз аскерлери Эйфель мунарасын кайтарып турушат. 14-ноябрь, 2015-жыл

Париждеги каргашалуу окуяда мерт болгондордун жакындарына кыргызстандыктар да көңүл айтууда.

Францияда 129 адамдын өмүрүн алган, ондогон адамдарды жарадар кылган куралдуу кол салууну үч топ ишке ашырганы тергөөнүн алдын ала жыйынтыгында аныкталды. Бул тууралуу Париждин прокурору Франсуа Молен билдирди. “Биз алар кайдан келишкенин жана кимдер каржылык колдоо көрсөткөнүн аныкташыбыз керек”, - деди прокурор. Молендин белгилешинче, кол салгандардын жетөө өлгөн, алтоо белине жардыруучу кур байланган жанкечтилер жардыруудан жантаслим болсо, бирөө полициячынын огунан жан берген.

Прокурор кол салгандардын бири Омар Исмаил Мостефа аттуу 29 жаштагы теги алжирлик француз жараны болгонун, ал мурда майда бейбаштык иштер боюнча кармалганын, бирок бир да жолу түрмөгө түшпөгөнүн билдирди. Аны кол салуу орун алган "Батаклан" концерттик залында жардыруудан кийин табылган манжаларынын калдыктары боюнча аныкташты. Мостефа Париждин 25 чакырым түштүгүндөгү Куркорон шаарында туулган. Ал 2004-2006-жылдардан бери полициянын байкоосунда болгон жана атайын кызмат анын диний радикал көз карашта экенин билген. Бирок экстремисттик уюмдар менен катыштыгы бар экени буга чейин аныкталган эмес. Учурда тергөөчүлөр анын Сирияга барган-барбаганын териштирүүдө. Жекшембиде Мостефанын жакын туугандарынан алты киши камакка алынганы кабарланды.

CNN телеканалы дагы бир жанкечти Сириянын жараны экени аныкталганын кабарлады. Ал акыркы айларда Европаны каптаган качкындар агымы менен келген, Франциянын расмий компьютердик базасында бармак издери табылбагандыктан, азырынча ал чек арадан адам аткезчилеринин жардамы менен мыйзамсыз өткөн деп болжолдонууда. Батыштык маалымат каражаттары Европаны каптаган качкындар арасында Париждеги терактка катышкан адам болгону такталса, европалык лидерлер качкындар саясатын кайра карап чыгууга аргасыз болорун белгилеп жатышат. Айрым телеканалдар "Париждеги теракттар Сирияда пландалган" деген кабар таратууда. CNN айрым булактарга таянып, теракттар болгон жерлерде Египеттин, Түркиянын паспорттору табылганын, алардын ээлери тактала электигин, жасалма документтер да болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Wall Street Journal гезити жанкечтилердин бири теракттар болгон 13-ноябрда кечинде Германия менен Франциянын футбол командаларынын беттеши жүрүп жаткан Стад де Франс стадионуна кирүүгө жана трибунасына өтүүгө аракет кылганын, анын футбол оюнуна билети болгонун жазды. Стадиондун коопсуздук кызматкерлери анын бел курчоосун текшермекчи болгондо артка кетенчиктеп качып кеткен.

Ошондой эле Молен Белгияда үч кишинин кармалышы Париждеги кол салууларга байланыштуу экенин кошумчалады.

13-ноябрдын кечиндеги Париждин бир нече жериндеги куралдуу кол салуу, жардыруулардан 129 адам каза болду. 300дөн ашуун адам жараат алды. Жардырууларды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз жоопкерчилигине алган. Ага карабай Франциянын премьер-министри Мауэль Вальс Сириядагы ИМдин турумдарына сокку урууну улантышарын жарыялады.

Франция аза күтүүдө

Франция аза күтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Кыргызстанда Париждеги теракттар айыпталды

Париждеги терактты Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев айыптап, француз президенти Франсуа Олландга көңүл айтты.

- Кыргыз Республикасы терроризмдин бардык түрлөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт жана бул коркунучка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин колдойт, - деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдөгү иш сапары учурунда Париждеги куралдуу кол салууларга токтолуп, ар кандай чакырыктарга даяр туруу үчүн тартипти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал мамлекеттин коопсуздугу үчүн биримдикти чыңдоо негизги маселе болуп турганын айтты.

Бүгүн эртең менен Бишкектин тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү Франциянын Бишкектеги элчилигинин алдына гүл коюшту.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Франциядагы куралдуу кол салууларда каза тапкан жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Франциянын өзүндө Кыргызстандын элчилиги жок болгондуктан учурда тактоо иштери уланууда.

Кыргызстандыктар француз элине көңүл айтууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Францияда чукул кырдаал жарыяланды

Париждин бир катар райондорунда 13-ноябрда кечинде куралдуу кол салуулардан азыркы маалымат боюнча 129 киши мерт болуп, жараат алгандардын 80дейинин абалы оор экени маалым болду.

Франциянын президенти Олланд министрлердин чукул жыйынын чогултту. Жыйындан кийиш шашылыш Францияда чукул кырдаал жарыялап, мамлекеттик чек аралар жабылганын жар салды.

Француз маалымат каражаттары террорчулар Франциянын борборунун бир нече районунда: “Батаклан” театралдык-концерттик борборунда, Париждин 11-аймагындагы “Кичинекей Камбоджа” ресторанында, “Ле Карийон” барында, Шарон и Фэдэрб көчөсүнүн бурчундагы кафеде кол салуу уюштурганын жазышты.

Liberation гезити кабарлагандай, адегенде "Ле Карийон" барында ок атылып, андан кийин "Батаклан" театр-концерттер борборунда америкалык рок тобунун концерти өтүп жаткан кезде куралдуу кол салуу болуп жүздөй киши барымтага алынган. Шаардын борборуна жакын жердеги жолдо эки киши туш келди ок ачканы кабарланууда.

Үч жарылуу “Стад-де-Франс” стадионунда Франция менен Германиянын футболдук командалары беттешип жатканда болду. Оюнду көргөнү француз президенти Франсуа Олланд жана эки тараптын тышкы иштер министрлери келген. Баары тез арада эвакуацияланды.

Agence France-Presse (AFP) агенттиги Франция тергөө тобуна шилтеме кылып Париждеги куралдуу кол салууга катышкан сегиз адам өлгөнүн жазды. Маалыматка ылайык, алардын төртөө “Батаклан” театрында өлсө, үчөө өзүн өзү жардырган. Бирөө полициянын огунан мерт кеткен. Террордук чабуулга байланыштуу тергөө жүргүзүп жаткан атайын кызмат өкүлдөрү кылмышка катышкандардын айрымдары жашырынып кетүүгө үлгүргөн болушу ыктымал деп айтууда. Учурда куралдуу кол салууга катыштыгы бар же жардам берген адамдарды издөө иштери жүрүүдө.

Ал арада “Ислам мамлекетти” террордук тобу Париждеги куралдуу кол салууга байланыштуу билдирүү таратты.

Анда бул чабуулдарды белине жарылуучу кур тагынган жана куралчан сегиз бир тууганыбыз ишке ашырды. Бул "Ислам мамлекетинин" аймагына жасалып жаткан аба чабуулдарына жооп" деп жазылган.

Стадион жанындагы жарылуу
Париждеги теракт
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00
Париждин көчөсүндөгү атышуу
Париждеги атышуу
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:42 0:00

XS
SM
MD
LG