Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Өзбекстандык сулууну кыргыздар тандаганбы?


Дүйнөлүк сулуулар сынагына Өзбекстандын атынан катышып жаткан Рахима Ганиева.
Дүйнөлүк сулуулар сынагына Өзбекстандын атынан катышып жаткан Рахима Ганиева.

Индонезияда өтүп жаткан Дүйнөлүк сулуулар конкурсуна Өзбекстандан талапкерди кыргыздар тандаганы айгине болууда.

Индонезияда өтүп жаткан "Дүйнө сулуусу" кароосуна Өзбекстандан катышып жаткан кызды ким жибергени белгисиз. Ушул аптада башталган Индонезиядагы кароого бул өлкөдөн 18 жаштагы ташкендик Рахима Ганиева катышып жатат.

28-сентябрда кароо соңуна чыгат. Бирок өзбек бийликтери Ганиеванын ким экенин, Индонезияда эмне кылып жүргөнүн билбейт экен. "Азаттыктын" өзбек кызматы кайрылганда, Маданият жана спорт министрликтери да, улуттук аялдар комитети да Ганиеванын дүйнөлүк кароого кеткени тууралуу кабары жок экендигин билдиришти. Бул органдар а тургай талапкерди тандоо үчүн "Өзбекстандын сулуусу" деген да конкурс болбогондугун айтышууда.

Кырдаалга Ганиева мени жиберди деп ырастаган Ташкендеги "Про моделс" агенттигинин маалыматы анча-мынча аныктык киргизди:

- Биздин компания буга аралашкан эмес. Бул кыз бизде үч жыл мурда окуп кеткен, бирок биздин бүтүрүүчү эмес, - деп билдирди агенттиктин өкүлү Жавлон Камолов "Азаттыкка".

Камолов ошондой эле Ганиева тандалган кароону кыргызстандык компания өткөргөнүн ырастады:

- Кыргызстандан бир компания келип, Ташкенде жабык кароо өткөрүптүр. Ага ким, эмне үчүн катышканын эч ким билбейт. Ушул кыз жеңип алган имиш, ошону менен аны (дүйнөлүк кароого) алып кетишиптир.

Индонезиядагы кароого 131 өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстандан да тандалма сулуулар катышууда. Ага быйыл Өзбекстан менен катар Косово, Камерун, Гвинея, Гвинея-Бисау тарыхта биринчи жолу катышып жатат. Кароо быйыл 62 жолу өткөрүлүүдө.

Улуттун менталитетине туура келбейт деген негизде, Өзбекстанда бул кароого талапкерди тандоо үчүн конкурс өткөрүлбөйт.

XS
SM
MD
LG