Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

"Дүйнө перисине" жол тарткан Жибек


“Кыргызстан периси” сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукеева сентябрда Индонезияда өтүүчү “Дүйнөнүн периси” сынагына жолдомо алды.

- 12-июнда Бишкекте өткөн “Кыргызстан-периси” сынагына 21 чүрөк катышты. Алар менен таймашуу оңойго турбаса керек. Жеңишке карай узак жол тууралуу айтып берсеңиз?

- Перилер сынагы жөнүндө маалыматты мен чогуу окуган курбу кызымдан билдим. Экөөбүз тандоого катыштык. Утам деп ойлогон да, күткөн да эмесмин. Кудайдын буйругу менен жеңишке жетиштим деп ойлойм. Сынакка катышканым мен үчүн чоң тажрыйба болду. Анткени буга чейин бир дагы кароо-сынактарга катышкан эмесмин. Мектепте, университетте сахнага чыккан эмесмин. Бул жолу эл алдына биринчи чыгып, ушундай ийгиликтерге жетишкениме абдан кубанычтамын.

- 2012-жылы Орусиянын сулуулар сынагында Инна Жиркова аттуу бир сулуу кыз жеңишке жеткен эле. Анан анын ой жүгүртүүсүн байкайын деген журналист оңой-олтоң суроолорду бергенде жооп бере албай, коомчулук көңүлүн бурган. Анын сыңарындай силер сынакка катышар алдында атайын суроолорго даярдандыңарбы же суроолор күтүүсүз берилдиби?

- Бул конкурска катышууга кастинг болгондо күтүүсүз берген суроолорго жооп бергенбиз. Ал эми сынактын финалында да, интеллект сыноосунда да үкөкчөнүн ичинде суроолор жазылган баракчалар бар экен, ошолорго жооп бердик.

- Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү боюнча айтып калдыңыз. Ошого байланыштуу биз да суроо берип көрөлү. Уй саай аласызбы?

- Ооба, уй саай алам. Кичинекей кезимде айылга көп барчумун. Ошондо чоң апама жардам берип, уй саачумун. Узак убакыттан бери айылга барбагандыктан көптөн бери уй саай элекмин.

- Эгерде Индонезияга барганыңызда, Маргарет Тэтчер тууралуу сурап калышса эмне деп жооп бересиз?

- Маргарет Тэтчер 1979-жылдан 1990-жылга чейин Британиянын премьер-министри болгон. Аны Европада “Темир аял” деп атап коюшканы бекеринен эмес.

- Сиз менен куруп аткан “Азаттык” үналгысы тууралуу кабарыңыз барбы?

- Албетте кабарым бар. Мен “Азаттык+” жаштар программасын калтырбай көрөм. Ал эми атам болсо “Азаттык” радиосун күндө угат. Сиздердин радионун 60 жылдык мааракеси өтпөдүбү. Сизди дагы майрамыңыз менен куттуктайм.

- Рахмат. Атка мине аласызбы?

- Ооба, мине алам. Менин досумдун аттары бар. Тоого барганда анын аттарын минип жүрүп үйрөнүп алгам.

- Сулуулардын сынагында тааныштарыңа же көп акча бергендерге жеңишти ыйгарып койот экен деген эл арасында айың кеп айтылып калат. Сизге да сынакты акча берип жеңип алган жоксузбу деген ыңгайсыз суроо узаталы?

- Жок, андай болгон жок. Мен сынакка катышып атканда атам "Кыргызстанда бардыгы сатылат, сатып алат, катышып эмне кыласың" деди. Мен деле ошондой ойлоп, жеңишке жетеримди күткөн эмесмин. Бирок өзүмдүн күчүмдү сынайын дедим. Жыйынтыгында жеңишке кандай жетишкенимди ошол жердеги көрүүчүлөр бардыгы карап отурушту да.

- Ата-энеңиз кайсы кызматта иштешет?

- Атам жөнөкөй кызматкер. Кино тармагында иштейт. Апам бизди карап, балдарга тарбия, энелик мээримин берип үйдө эле. Сегиз бир тууганбыз. Мен ортончусу болуп калам.

- Индонезияда өтүүчү “Дүйнөлүк перилер” сынагына катышууга жолдомо алдыңыз. Азыр ошол дүйнөлүк мелдешке даярдык кандай? Каражат жетиштүүбү, демөөрчүлөр барбы?

- Азыр даярданып жатам. Бирок демөөрчүлөр жок.

- Маданият, туризм жана маалымат министрлигинен же Жаштар, миграция жана эмгекке орноштуруу министрлиги татынакай кызыбыз Индонезияга барат экен, колдоо көрсөтөлү деп кызыгып сурадыбы?

- : Жок. Азырынча эч ким кызыгып сураган жок. Бирок кайрылышат болуш керек деп ойлойм.

- Индонезияга барганда өзүңүздүн сулуулугуңузду эле көрсөтөсүзбү же?..

- Биринчиден, Кыргызстанды таанытууга аракет кылам. Кыргызстан деген кооз мамлекет бар экенин айтып, тоолорду, Ысык-Көлдү таанытам. Анан Кыргызстанда дагы акылдуу, сулуу кыздар көп экенин айтам. Албетте өзүмдү да, акыл көрөңгөмдү да көрсөтөм.


Жибек Нукеева - “Кыргызстан периси"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:58 0:00


"Азаттыктан": Сентябрь айында Индонезияда өтүүчү “Дүйнө периси” сынагына дүйнөнүн 137 мамлекетинен сулуу кыздар катышмакчы.
XS
SM
MD
LG