Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Каримова камалып кордолгонун кабарлады


Гүлнара Каримова Сардинияда миллиардерлердин клубунда, Италия. 9-август, 2012-жыл
Гүлнара Каримова Сардинияда миллиардерлердин клубунда, Италия. 9-август, 2012-жыл

Эл аралык маалымат каражаттары өзбек президентинин үй камагындагы кызы жазды делген катты таратты. Катта Каримова “психологиялык катуу басымдын” алдында калганы жана ага кол көтөрүшкөнү айтылат.

Өзбекстанда Нооруз белгиленип жаткан маалда “Азаттыктын” өзбек кызматына Гүлнара Каримова жазган делген электрондук кат келип түштү. Президенттин кызынын колу менен жазылган алты беттен турган катты бирөө компьютерге терип, радионун электрондук дарегине жиберген. Орусча каттын кол жазмасынын сүрөтү дагы кошо тиркелген.
Гүлнара Каримова жазды делген кат
Гүлнара Каримова жазды делген кат
Каттын стилистикасы менен мазмуну Каримованын буга чейин Твиттер түйүнүнө жазып жүргөн пикирлерине өтө жакын. Үй камагындагы президенттин тун кызы кол менен жазган катын кимдир бирөө аркылуу тышка чыгарууга үлгүргөн.

Катта Гүлнара кызы Имон экөө үй камакта экени жана тышкы дүйнө менен байланыш толук үзүлгөнүн айтат. Каттын кол менен жазылганы Гүлнара телефон, интернети жок калганынан кабар берет.

Каттын биринчи бөлүгүндө президенттин кызы өз үй бүлөсү тууралуу айтып, аларга акыл үйрөтүп, баарын “өз ордуна койом” деп эскертет. Андан ары Каримова өз өмүрүн “алтын медалга” салыштырат. АКШдагы атактуу Гарвард университетине атасы окууга мажбурлап жибергенине ыраазы болгонун айтса, бирок соңку айларда “медалдын экинчи тарабы бар” дегендей башына сур булут айланганын ачыкка чыгарат.

“Эң чоң жоготуу – өзүң урматтаган адамдын ишениминен айрылуу, өз айланамдагылардын эки жүздүүлүгүнө жана аларга канчалык ишенгениме эми көзүм ачылды” деп жазат президенттин кызы.

Андан соң жүздөн ашуун Гүлнаранын жакын чөйрөсүнө кирген адамдар Өзбекстандан чыгып кетүүгө мажбур болгону, дагы беш миңдей санаалаштары үй-жайынан айрылып, ишсиз көчөдө калганы айтылат. Аны менен катар күнүгө жүздөгөн кишилер Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) камагына түшүп жатканы дагы ачыкталат.

Каримованын айтканы боюнча Ташкендин Гвардейская көчөсүндөгү УККга тиешелүү үрөй учурган, муздак, караңгы жабык жайда бир жашар баладан тарта катуу ооругандар бир нече күндөп тамак жебей, өтө зарыл дары-дармексиз кармалууда.

“Мына азыр Бадамзардагы курчоодогу үйдө төрт дубалдын ортосунда калдым. Бизди бир-эки күн тамак-ашсыз калтырышты, кийин телевизорду дагы алып салышты, тышкы байланыш толук үзүлдү. Көзүн ачса колундагы китепти жулуп алып, компьютер менен телефонун тартып алып, үйдө маңзат бар-жоктугун, кулагындагы алтын сөйкөсүн, столдун үстүндө жаткан чынжырын, сумкасындагы 50 миң сумду каерден алганын такып сураган желдеттер жана президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси генерал Тохирди көрүп өтө катуу нес болгон кызымды окуусунан жана достору менен көрүшүүдөн ажыратышты. Өзүм болсо Ташкен, Австрия жана Израилдеги дарыгерлер тастыктаган богок деген олуттуу дартты операция жасатууга жана гистологиялык анализге муктажмын. Болгон үмүтүм өчүп, өз оюмду ачык билдире баштадым. Катты окуган адамдардан бизге жардам берип, аны президент Каримовго жеткирүүнү суранам”.

Каттын соңку бөлүгүндө “ачыгын айтканда, 76 жаштагы адам үчүн өз балдары жана неберелинен артык дагы эмне бар экенин эч качан түшүнө албайм” – деген саптар президент Каримовго багытталгандай.

“Сенин кызың Америкадагы эң кымбат үйдү, Беверли Хилстеги 60 млн. долларлык Le Palais же Женевадагы 53 млн. долларлык эң кымбат үйдү, Франциянын түштүгүндөгү вилланы, яхтаны жана учактарды кайдан алды?”

“Жогорудагы жана Өзбекстандагы окуяларга байланыштуу көп суроолор жоопсуз кала берүүдө. Же ал жооптор мага жетпей калдыбы... Мен кандай болсо дагы акыйкаттыкка жетем. Калк менин балдарымды өстүрүп, тынч жашоого дагы деле үмүтүм бардыгын түшүнөт”
Президенттин үй бүлөсү: Лола Каримова-Тиллаева, Taтьяна Акбаровна, Ислом Каримов, Гүлнара Каримова жана анын уулу
Президенттин үй бүлөсү: Лола Каримова-Тиллаева, Taтьяна Акбаровна, Ислом Каримов, Гүлнара Каримова жана анын уулу


Гүлнара Каримованын мындай адабий-философиялык катынын бүгүн ачыкка чыгуусуна эмне түрткү болду?

Президенттин кызынын жакын чөйрөсүнө кирген, бирок атын атабаган бейтааныштын “Азаттыкка” айтымында, “Ал [Гүлнара Каримова] азыр катуу психологиялык басымдын алдында калган. Өзүнүн иш-аракетине так баа бере албайт. Балким бул сценарий №1 үй бүлө тарабынан ага [Гүлнара Каримовага] каршы Европа менен АКШда ачылган бир катар кылмыш иштерден коргоп калуу кадамдары экенин дагы эстен чыгарбаш керек”

“Гүлнара башка дүйнөдө жашайт, анын ички дүйнөсүн ага жакын жүргөн киши болсом дагы түшүнө бербейм. Бул каттын максаты анын эң акыркы сабында жазылгандай. Үй бүлөнүн катуу басымына кабылган Гүлнара бул кат аркылуу кызын алып, тышка чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан болушу дагы мүмкүн".

Соңку кезде Гүлнара Каримовага байланыштуу чырлар көбөйүп, президенттин кызы менен небереси колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, калың журтка президенттик үй бүлөдөгү жашыруун сырларды ача баштаган. Былтыркы ноябрдан бери Твиттерди активдүү пайдаланган Каримова Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен интернетте ачык кармашка өткөн.

Коррупциялык кылмыштар

Швециянын Улуттук коррупцияга каршы мекемесинин башкы прокурору Гуннар Стеттлер “Азаттыктын” өзбек кызматына Гүлнара Каримованы TeliaSonera компаниясын Өзбекстанга киргизүү үчүн акча алган деп шектенүүгө жетиштүү далилдер бардыгын айтты:

- TeliaSonera компаниясынан алынган акча Гулнара Каримова көзөмөлдөгөн компанияларга которулганына биздин көзүбүз жетип турат. Бул биздин шектенүү, аны далилдөөгө жетиштүү материалдар бар, дагы кошумча далилдер чогултулууда. Расмий айып тагууга бизде жетиштүү далил жок, бирок сотто биздин шегибиз бардыгын айтууга жетиштүү материалдар бар.

Прокурорлордун ырасташынча, TeliaSonera компаниясы Өзбекстанда үчүнчү муундагы (3G) телефон байланышын киргизүүгө лицензия алуу үчүн президенттин кызына 2007-жылы 350 миллион доллар пара берген. Ал акча Каримовага тиешелүү Гибралтарда катталган Takilant деген компанияга которулган.

Буга чейин Кошмо Штаттар менен Нидерланддардын бийликтери дагы арам акчаны адалдаштыруу боюнча кылмыш иштерде Каримованын аты аталганын билдирген.

Бир жыл мурун эле президент Каримовдун тун кызы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларда сыйлуу адамдардын катарын толуктаган. Гүлнара Каримова бизнес-империяны жетектеген менежер, Гугуша деген ат менен таанылган ырчы, саркеч кийимдердин дизайнери катары атын чыгарган. Көптөр аны атасынын бийликтеги мураскору деп санашкан, Гүлнара өзү дагы президенттикке барууга дымагын жашырган эмес. Анда 41 жаштагы президенттин атактуу кызынын тагдыры мындай күтүүсүз бурулушка кабылаары эч кимдин оюна дагы келген эмес.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары даярдаган материалдан которулду.

XS
SM
MD
LG