Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:35

Ооган шайлоосунун талашы


Абдулла Абдулла шайлоодо жеңгенине ишенээрин айтууда. Кабул, 8-июль, 2014
Абдулла Абдулла шайлоодо жеңгенине ишенээрин айтууда. Кабул, 8-июль, 2014

Ооганстандын шайлоодогу бурмалоолор боюнча арыздарды кароо комиссиясы президенттикке талапкер Абдулла Абдулланы даттануу арыздарын иликтөөдө бийликтер менен кызматташууга үндөдү. Ал арада АКШ президенти Барак Обама эки талапкерди тең сабырдуулука үндөп, бурмалоолор боюнча ар бир арыз дыкат иликтениши зарыл экенин белгиледи.

Комиссиянын төрагасы Абдул Сатар Садат Кабулда 9-июлдагы билдирүүсүндө Абдулланын шайлоо штабы иликтөөлөр комиссиясы менен биргелешип иштеши керектигин айтты. Президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктарына караганда, талапкер Ашраф Гани өзүнүн атаандашы Абдуллага караганда бир миллион добушту көбүрөөк топтогон.

Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти жети миңдей шайлооканадан топтолгон 8 млн.бюллетендин үч млн.го чейини кайра текшерүүгө алынышы мүмкүн экенин билдирди. Бул акыркы жыйынтыкты такыр өзгөртүп жиберүүгө жетиштүү болот.

Абдулла шайлоодогу массалык бурмалоолордун айынан Ганиден аз добуш алып калганын айткан.

Шейшембиде Абдулла Кабулда өзүнүн тарапкерлери алдында сүйлөп, шайлоодо жеңгенин, демек мамлекеттин башчысы деп жарыяланышы керектигин айтты.

"Шайлоонун бул айлампасынын жеңүүчүсү биз экенибизде эч күмөнүм жок. Биз алдамчы өкмөткө мамлекетибизди башкарууга бир күн да жол бербейбиз, мындан шек санабашыбыз керек", - деди ал.

Ошол эле маалда Абдулла анын штабы “жарандык согушту” же “кризисти” каалабай турганын айтып, “улуттук бөлүнүп-жарылууга эмес, стабилдүүлүккө, биримдикке” үндөдү. Абдулла өзүнүн тарапкерлерине ал өзү 11-июлда Кабулда АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен сүйлөшкөнгө чейин эч кандай нааразылык акцияларын өткөрбөй турууну суранды.

Ал арада АКШнын президенти Барак Обама шаршембиде Абдулла Абдулла жана Ашраф Ганиге телефон чалып, шайлоодогу бурмалоолор боюнча арыздар дыкат иликтениши керектиги тууралуу пикирин билдирди. Обама эки талапкерди тең сабырдуулукка чакырып, алар улуттук биримдикти бузбай турган мунаса табышы абзел экенин айтты.

Президент Обама аларга “непада зордукчул же конституцияга каршы” аракеттерге барышса, АКШ Ооганстанга жардамын токтотушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШдагы бир топ сенаторлор да азыр шайлоо процесси тууралуу камтамачылыгын билдирип жатышат. Республикачыл сенатор Линдси Грэм “бурмалоо жөнүндөгү ар бир арыз өтө тыкыр иликтенгенде гана жеңилген тарап буга макул болушу мүмкүн” дейт.

"Шайлоо жокко чыгарылса, Ооганстан утулганы ошол. Эгер бул шайлоо таанылбаса, америкалык салык төлөөчү үчүн Ооганстанга акча салуу кыйын болуп калат", - деди сенатор Грэм.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен болсо шайлоонун жыйынтыгы айланасындагы талаш-тартыштарга Ооганстандын жаңы президенти сентябрда НАТО менен аскерий кызматташтык келишимине кол койгонго чейин чекит коюлушу зарыл деп айтты.

Расмуссендин айтымында, аталган келишимге альянстын сентябрдагы саммитине чейин кол коюлбаса, НАТО Ооганстандагы 2014-жылдан кийинки машыктыруу миссиясынын ишине даярдык көрүүдө “оор проблемаларга” туш болот.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай коопсуздук келишимине кол коюудан баш тарткан.

Бурмалоолорду иликтөө жараяны бирок шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарууну дагы кийинчерээк учурга жылдырышы мүмкүн.

Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы акыркы жыйынтыкты 22-июлга чейин жарыялоону пландап жатат. Жаңы президенттин инаугурациясы 2-августка белгиленди.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG