Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Ооганстанда Ашраф Гани алдыга чыкты


Ооганстан -- Президенттикке талапкер Ашраф Ганинин колдоочулары алдын-ала жыйынтыкка кубанып жатышат. Кабул, 7-июль, 2014.
Ооганстан -- Президенттикке талапкер Ашраф Ганинин колдоочулары алдын-ала жыйынтыкка кубанып жатышат. Кабул, 7-июль, 2014.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы 14-июнда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Мурдагы каржы министри Ашраф Гани 56,44% добуш менен алдыга чыкты. Анын атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 43,56% добушка ээ болду.

Көз карандысыз шайлоо комиссиянын төрагасы Ахмад Юсуф Нуристани бул шайлоонун алгачкы жыйынтыгы экенин белгилеп, “бурмалоолор болду” делген айрым шектүү участоктордогу добуштарды кайра санап чыккандан кийин жыйынтыктар өзгүрүшү мүмкүндүгүн билдирди. Комиссия жетекчилери шайлоого сегиз миллиондон ашык оогандыктар катышканын жана бул күтүлгөндөн бир топ жогору экенин кошумчалашты.

Президенттикке талапкер Абдулла Абдулла маалымат жыйынында. 6-июль, 2014.
Президенттикке талапкер Абдулла Абдулла маалымат жыйынында. 6-июль, 2014.

Эки талапкер тең, мурдагы тышкы иштер министи Абдулла Абдулла жана мурдагы каржы министри Ашраф Гани бири-бирин добуш берүүнүн жыйынтыктарын “бурмалоого аракет жасоодо” деп айыптап келишет.

Абдулланын шайлоо командасынын маалымат катчысы Фазел Рахман Ория “Азаттыктын” ооган кызматына буларды айтты:

- Алдын-ала жыйынтыктар көз карандысыз комиссия тарабынан жарыяланды. Ошентсе дагы бул комиссия биз үчүн юридикалык жактан мыйзамдуу эмес. Комиссиянын ишмердүүлүгүн жана алар чыгарган жыйынтыктарды биз мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Ал арада Абдулла “бурмалоолор” боюнча бардык текшерүүлөр аяктамайынча жыйынтыктарды кабыл албай турганын айтты.

Ашраф Ганинин шайлоо командасынын маалымат катчысы Номан Шинвари болсо Абдулланын командасын доо арыздар боюнча бирге иштешүүгө чакырды:

- Алдын-ала жыйынтыктар деген бул акыркы жыйынтыктар эмес. Биз арыз бердик, ал эми шайлоо комиссиясы ага татыктуу көңүл бурат деген ойдобуз. Биз ошондой эле атаандашыбызды дагы арыздарды кароо процессине кошулууга чакырабыз.

Мурдагы финансы министри Ашраф Гани 56,44 пайыз добуш менен алдыга чыкты.
Мурдагы финансы министри Ашраф Гани 56,44 пайыз добуш менен алдыга чыкты.

Комиссиянын төрагасы Нуристани айрым катачылыктар жана “бурмалоолор” болгонун моюнга алды. Ошол эле маалда ал мунун баары “техникалык каталар” же шайлоо процессиндеги алешимдиктер болушу мүмкүн деп түшүндүрдү.

Шайлоо комиссиясы эки талапкерди тең сабырдуулукка үндөдү. Талапкерлер 48 саатттын ичинде расмий арыз менен кайрыла алышат. 22-июлда расмий жыйынтыктар белгилүү болот.

Алдын-ала жыйынтыктар 2-июлда жарыяланмак эле, бирок Абдулланын арызынан кийин 5 күнгө жылдырылган.

Бир нече күн мурда Евробиримдиктин байкоочулар тобунун өкүлү Тайс Брайман миңдеген добуштар кайра саналып чыгууга тийиштигин билдирген.

4-июлда АКШдан келген сенаторлор тобу эки талапкер менен тең жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Алар тараткан билдирүүдө шайлоо жыйынтыктары жарыяланган соң Ооганстандагы кризис жөндөлөөрүнө үмүт артылат.

5-апрелде өткөн шайлоонун биринчи айлампасында Абдулла Абдулла 45 пайыз менен алдыга чыккан, анын атаандашы Ашраф Гани 31 пайыз добуш топтогон.

Экинчи айлампада Абдулла биринчи айлампада утулуп калган 3 талапкердин колдоосуна ээ болгон. Алардын арасында мурдагы тышкы иштер министри Залмай Расул, талаа командири Абдураб Сайеф жана Гүлөкө Шерзай бар эле. Мындай колдоо менен Абдулла алдыга чыгат деп көп байкоочулар алдын-ала божомол жасашкан эле.

Буга чейин Абдулланын жактоочулары алардын талаптары аткарылбай калса, бардык кадамдарга даяр экенин жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG