Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Порошенко урушка уруксат бериши ыктымал


Украина -- Президент Петро Порошенко аскерлердин алдында. Харьков, 20-июнь, 2014
Украина -- Президент Петро Порошенко аскерлердин алдында. Харьков, 20-июнь, 2014

Орусиячыл жикчилдер 24-июнда Словянск шаарында Украин армиясынын “Ми-8” тикучарын ичиндеги 9 аскери менен кошо атып түшүрдү. Буга байланыштуу Украинанын президенти Петро Порошенко ок атууларды токтотуу жөнүндөгү буйругун карап көрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Президент Петро Порошенко 24-июнда жасаган билдирүүсүндө тынчтык планынын алкагында ок атууларды токтотууга буйрук бергенден кийин жикчилдер украин аскерлери тарапты 35 жолу аткылашканын да белгилей кетти. Шейшемби күнү орусиячыл козголоңчулар Донецк шаарынын аэропортуна жана аймактагы бир нече тосмо бекеттерге да кол салышты. Бул чабуулдарда бир нече аскер жараат алып, бир жоокер курман болгону маалымдалды.

Бир күн мурда, 23-июнда Донецкиде өткөн үч жактуу кездешүүдө орусиячыл жикчилдердин лидерлери ок атууларды токтотууга макул келген. Кездешүүгө Орусиянын, Украинанын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлдөрү катышкан. Ошол убадасына карабай, козголоңчулар 24-июнда “Ми-8” тикучарыны атып түшүрүштү. Анын ичинде тогуз аскер бар эле.

Порошенко өлкө чыгышында жүздөгөн адамдардын башын жеген уруштарды токтотуу максатында 20-июнда ок атууларды токтотууну буйруган болчу.

Аскерлердин өлүмүнө байланыштуу АКШнын вице-президенти Жо Байден президент Петро Порошенкого телефон чалып, көңүл айтты. Байден ок атпоонун шартын бузууларды жайында тастыктоо үчүн ал жактарда байкоочу кармоонун, ошондой эле Украинанын чыгышына чек арадан курал-жарак жана согушкерлердин өтүүсүн токтотуу маанилүү экенине көңүл бурду. Муну менен Жо Байден акыркы күндөрү Петро Порошенкого үчүнчү ирет телефон чалып сүйлөштү.

Ушул эле күнү АКШнын президенти Барак Обама Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ак үйдөн Обама жана Кэмерон Орусия эгер Украинанын чыгышындагы абалды деэскалациялоо боюнча токтоосуз кадамдарды жасабаса, АКШ жана Евробиримдик Орусияга олуттуу чыгым алып келчү кошумча чара көрүүнүн амалын издегенге макул келишкенин билдиришти.

24-июнда президент Владимир Путин да Украин кризисин жөндөө боюнча Порошенко айткандай, “биринчи практикалык кадамды” жасады. Тактап айтканда, Путин Украинага аскер киргизүүгө уруксат берген мандатын токтотууну сурап, Федерация Кеңешине кайрылды. Кеңеш 1-мартта чыгарган токтомду Путин Украинага аскер киргизип, Крым жарым аралын аннексиялап алуу үчүн пайдаланган. Бирок Путин Кремл Украинадагы орустардын кызыкчылыгын коргой берерин эскертти.

АКШ Путиндин мындай чечимин оң баалады. "Бул резолюция абалдын чыңалуусуна алып барган жана аны алып салуу туура кадам болот. Арийне, биз башка да Крымды оккупациялоону токтотуу өңдүү зарыл кадамдардын жасалганынан көрүшүбүз керек,” - деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Мари Харф айым.

23-июнда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Москва президент Порошенконун тынчтык планын колдобосо, Орусияга каршы санкция күчөтүлөт деп эскерткен.

24-июнда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест буларды айткан:

- Биз буга чейин жасагандай эле, Орусиянын Украинадагы кризисти токтотуу боюнча ар кандай кадамын, анын ичинде президент Путиндин орусиялык аскерлерди Украинада колдонуусуна уруксат берген резолюцияны токтотуу өтүнүчүн жактайбыз. Ошондой эле жикчилдердин ок атууларды токтотууга макул келгенин колдойбуз жана аны аткарууга үндөйбүз. Биз албетте, ок атууну токтотуунун баасы тууралуу президент Путиндин ар бир комментарийин колдойбуз.

Орусиянын Федерация Кеңеши президенттин Украинага аскер киргизүү мандатын токтотуу маселесин 25-июнда карайт деп боолгонууда. Бул күнү НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулуп, Украинадагы кырдаалды талкуулашат.

XS
SM
MD
LG