Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Путин Украинага аскер киргизүү мандатын артка алууда


Расмий Киев Украинанын чыгышындагы куралдуу жикчилердин артында Орусия турат деп санайт.
Расмий Киев Украинанын чыгышындагы куралдуу жикчилердин артында Орусия турат деп санайт.

Орус президенти Федерация кеңешинен Украинага аскер күчүн киргизүүгө укук берген чечимди жокко чыгарууну суранды. Мунун алдында АКШ жана Евршаркет Орусияны президент Порошенконун тынчтык планы ишке ашуусуна көмөктөшүүгө чакырган эле. Украинанын чыгышында ок атышуу токтогону жарыяланганы менен шейшембиде армиянын тик учагы атып түшүрүлүп, анын ичиндеги тогуз адам мерт болду.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун түшүндүрмөсүнө караганда, президент Федерация кеңешине жолдогон өтүнүч “абалды нормалдаштырып, Украинанын чыгыш аймактарындагы кырдаалды жөнгөрүү максатын көздөйт”.

Украин президенти Петро Порошенко орус президентинин чечимин аны өлкөсүнүн чыгышындагы кризисти чечүүдөгү“ алгачкы практикалык кадам” деп баалады.

Орусияга чакырык жана эскертүү

Кечээ Кремлди Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Путинге Украинада аскер күчүн колдонуу үчүн быйыл 1-мартта, Крым аннексиялана электен мурда берилген мандатты жокко чыгарууга чакырышкан эле. Анткени Киев жана Батыш өлкөлөрү украин президенти Порошенконун ок атышууну токтотуу сунушу менен башталган тынчтык планынын ишке ашуусун Орусия менен байланышта карашууда.

Маселен, АКШ президенти Обама кечээ Путинге телефон чалганда Кремлди “жикчилер менен согушкерлерди” колдоону токтотууга чакырып, Орусияны жаңы санкциялар күтөрүн эскерткен.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест Обама менен Путиндин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабарчыларга буларды айтты:

- Президент Путин менен сүйлөшүп, аны Украинадагы тынчтыкты колдоого, чек арадан курал-жарактын жана материалдардын өтүшүнө мүмкүндүк бербөөгө, Украинадагы кырдаалды дестабилдештирип жаткан согушкерлер менен жикчилерди колдоону токтотууга дагы бир жолу чакырды. Биз маселени али дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деп эсептейбиз жана эгер Орусиянын кырдаалды жөнгөрүү боюнча конкреттүү кадамдарын көрбөсөк, ал кошумча жоготууга кабылат.

Ак үйдүн өкүлү Вашингтон президент Порошенконун тынчтык планы ишке ашуусу үчүн Орусиянын кызматташтыгы зарыл деп эсептешерин кошумчалады.

Орус президенти өз тарабынан Обама менен телефон сүйлөшүүсүндө украин бийликтери менен чыгыштагы жикчилердин тикелей сүйлөшүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган. Путин мурдараак Порошенконун тынчтык планын этияттык менен колдогон болчу, бирок ага катар ок атышуунун токтошу ультиматум эмес, сүйлөшүү жана саясий жараян менен коштолуусу керектигин билдирген.

Порошенко немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер менен тынчтык планын талкуулады. Киев, 24-июнь, 2014-жыл.
Порошенко немец тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер менен тынчтык планын талкуулады. Киев, 24-июнь, 2014-жыл.

Петро Порошенко кызматка киришкенден бери Украинанын чыгышындагы аттуу-баштуулар менен жолуккан. Бирок орусиячыл жикчилердин лидерлери менен түз сүйлөшүүдөн баш тартты.

Порошенконунун тынчтык планынын аткарылышы Орусиянын кызматташтыгына көз каранды экенин, эгер Москва бул кадамга барбаса жаңы санкциялар киргизилерин Еврошаркет дагы айтууда.

Планга ылайык, ок атышуунун токтошу менен бирге орусиялык жалданмалар мекенине куралсыз чегинип кетүүсү үчүн коридор берилет. Оор кылмыш жасабаган жикчилер менен согушкерлер атайын мыйзам аркылуу мунапыс алат.

Тик учак атып түшүрүлдү

Бул аралыкта Украинанын өкмөттүк күчтөрү өткөн түнү орусиячыл жикчилерди армиянын бир нече бекетин аткылаганы үчүн айыпташты. Шейшембиде болсо чыгыштагы Словянск шаарынын жанында армиянын тик учагы жикчилер тарабынан атып түшүрүлүп, анын ичиндеги тогуз адамдын баарынын өмүрү кыйылды. Бул маалыматты коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү ырасташты.

Мунун алдында кечээ жикчилердин лидерлери да Киевдин, Москванын жана ЕККУ өкүлдөрүнөн турган топ менен сүйлөшүүлөрдөн кийин алар ок атышууну токтотууга көнүшкөнүн жарыялаган эле.

Президент Порошенко болсо немец канцлери Ангела Меркел менен телефон сүйлөшүүсүндө чыгыштагы согушкерлер ок атышууну токтотуу режимин акыркы үч күн ичинде 30 ирет бузганын маалымдаган.

Порошенконун ок атышууну токтотуу сунушу украин күчтөрү үчүн 20-июнь кечки саат 22:00дөн тарта күчүнө кирген жана 27-июнга чейин созулушу керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG