Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Депардьеге Украинага кирүүгө тыюу салынды


Жерар Депардье
Жерар Депардье

Украин бийликтери француз кино жылдызы Жерара Депардьенин беш жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. Буга актердун антиукраиналык билдирүүлөрү себеп болгон.

Жерар Депардьенин Орусия президенти Владимир Путин менен жакын достук мамиледе экендиги белгилүү.

Француз кино жылдызы жана эки жыл мурда Орусиянын жарандыгын алган Жерар Депардьенин өлкөгө кирүүсүнө беш жылга тыюу салуу демилгеси менен Украинанын Маданият министрлиги чыккан.

Министрликтин айтышынча, Орусия менен достук мамиледеги Жерар Депардье жана башка кино жылдыздар Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат. Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү Елена Гитлянская:

- Украинанын коопсуздук кызматы Жерар Депардьенин өлкөнүн аймагына кирүүсүнө беш жылга тыюу салды. Мындай сунуш менен Маданият министрлиги чыккан.

Жерар Депардье Владимир Путин менен
Жерар Депардье Владимир Путин менен

Депардьенин Орусия президенти Владимир Путин менен достугу жана Украинанын мамлекеттүүлүгү тууралуу билдирүүлөрү Киевдин батышчыл бийликтеринин куйкасын куруштуруп келген. Анын былтыр “Мен Орусияны жана анын бөлүгү болгон Украинаны да сүйөм” деп айтканы али украиналыктардын эсинде.

Актер бул сыяктуу билдирүүлөрүн жана Орусия президенти Владимир Путин менен достугун эч качан танган эмес. Путин болсо нааразылык акцияларынын арты менен бийликтен кеткен жана коррупция боюнча айыпталган Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин бийлигин ачыктан-ачык колдогону маалым.

Ал эми Украинанын башка бир президенти, Жерар Депардье менен үй-бүлөлүк мамиле күткөн Виктор Ющенко анын билдирүүлөрү боюнча буларды айтты:

- Мен Депардьенин бир канча жылдан бери кылып жаткан аракеттерин түшүнбөйм. Мурда чындыгында “Путин ким” деген маселеде ал туура ойдо болчу жана аны ондогон жолу айткан. Эми этикалык себептерден эмне дегенин айтпай эле койоюн. Мен бүгүн башка бир себептерден улам “адам сууда ушунчалык адашат” деп ойлогон эмесмин. Ал акыркы эки жылда өзүнүн орусиячыл билдирүүлөрү менен улутун кемсинтүүгө да барды.

Белгилүү француз актеру Жерар Депардье 2013-жылы Путиндин колунан Орусиянын паспортун алган. Ошондой эле орус президентин колдогон, Крымдын аннексияланышын актаган билдирүүлөрдү жасаган.

Жакында эле анын Беларус президенти Александр Лукашенко менен чогуу чөп чапкан тасмасы да талкууга түшкөн болчу. Октябрда жаңы президенттик мөөнөткө барарын жарыялаган Лукашенко Депардье менен Минсктеги резиденциясында кезигип, ага ошол жерден чөп чапканды үйрөткөн. Андан кийин Депардьени салттуу беларус ашканасы менен сыйлап, колго жасалган самагондон да ооз тийгизген. 1994-жылдан бери Беларусту башкарган Лукашенко Европанын “акыркы диктатору” деп саналат.

Лукашенко Депардьеге чөп чапканды үйрөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Белгилүү, ошол эле кезде атагы талаш жараткан актер Депардье ашкере байлардан кошумча салык алуу демилгесине каршы экендигин айтып, 2012-жылы Франциядан чыгып кеткен жана орус жарандыгын мына ошондон көп өтпөй алган.

XS
SM
MD
LG