Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

Кадыров тамашакөй жигиттерди жазалады


Чечен лидери Рамзан Кадыров өткөн аптада өрт чыккан мартабалуу имаратты шакаба чеккен эки жигитти жазалады.

Өрттү шылдыңдаган коллаждардын авторлору деп табылган эки жигит имаратты кайра куруу жана тазалоо иштерине катышмакчы.

Өткөн аптада Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарындагы “Грозный-Сити” комплексиндеги 45 кабаттуу имаратта өрт чыккан. Бактыга жараша андан эч ким жабыр тарткан эмес.

Ачууланган Рамзан Кадыров жекшембиде жергиликтүү телеканал аркылуу "өрттүн күлкүлүү варианттарын монтаж кылды" деп табылган эки жигитти күнөөлөп, жемеледи. Аларга Кадыровдун абдан ачуусу келгени эфирден көрүнүп турду:

- Өз элин, өлкөсүн сүйбөгөн гана адам ушинтет. Мага дүйнө жүзү боюнча өлкө башчылар, орус аялдар кайрылып, кайгырып жатканын билдирип койууну өтүнүштү. Грозныйда мурда болгон бир аял чалып алып, ыйлады. Бул адамдар болсо “иншалла, баары өрттөнсө экен”-деп жатат. Ушу сөздү айтууга кантип ооздору барды? Эгер өрт мен жек көргөн өлкөдө болсо да, антип айта алмак эмесмин.

Андан соң Рамзан Кадыров башын ылдый салып отурган эки жигитке имаратты тазалоого буйрук берди.

- Экөөнү алып кеткиле. Баары таптаза болгуча, тили менен жалап чыгышсын.

Телеберүү күнөөлүүлөрдүн имаратты тазалап жаткан кадрлар менен аяктады.
Телеберүүнү көрбөй калгандар үчүн Кадыров ал видеону өзүнүн Инстаграм сүрөт бөлүшчү аккаунтуна койду. Интернет колдонуучулар Инстаграм сүрөт жайгаштырчу социалдык тармакта Рамзан Кадыров акыркы мезгилдерде өтө активдүү экенин жакшы билишет.

Бир фото коллажда Рамзан Кадыров өрттөлүп жаткан имараттын алдында лезгинка бийин бийлеп жатканы көрсөтүлгөн. Дагы бир коллажда: “Аллах берет, Аллах алат” деп жазылып жүрөт.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров бул имаратты 1,5 жыл мурун чоң шаан-шөкөт менен ачкан эле. Жакында эле андагы беш бөлмөлүү бир батирди орус жарандыгын алган белгилүү француз актеру Жерар Депардьеге белек кылган болчу.

Дагы бир коллажда Жерар Депардье үтүгүн өчүрбөгөнү, же түнкүсүн тамеки тартканы үчүн өрт чыкканы жазылат.

Рамзан Кадыров болсо Инстаграмда ал комплекс калыбына келген соң “Феникс” деп аталарын жазып, атүгүл эң жакшы дизайн үчүн сынак жарыялады.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG