Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Украинага курал берүү маселеси чечиле элек


Чыгыш Украинадагы өкмөттүк күчтөр
Чыгыш Украинадагы өкмөттүк күчтөр

Эгерде Украина чыгышындагы куралдуу калаба дипломаттык жол менен жөнгө салынбаса, АКШ Киевге согуштук курал берүү мүмкүндүгүн карап көрөт.

Бул жөнүндө президент Барак Обама 9-февралда Вашингтондо Германия канцлери Ангела Меркел менен болгон сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен апрелден бери жүрүп жаткан согушта бүгүнкү күнгө чейин 5350дөн көп адамдын өмүрү кыйылган.

Ангела Меркел Вашингтонго былтыркы Минск тынчтык келишимин турмушка ашыруу боюнча Германия жана Франциянын биргелешкен аракети жөнүндө масилеттешкени барган эле. Береги келишим - украин армиясы менен орусиячыл жикчилдердин Чыгыш Украинада жүрүп жаткан салгылашууларынан улам жүзөгө ашпай турат.

АКШ президенти Барак Обама 9-февралда Германия канцлери Ангела Меркел менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Орусия Донбасстагы жикчилдерге ар тараптуу жардам берип жатканын баса белгиледи:

- Алар Чыгыш Украинадан чыгып кеткендин ордуна Минск келишими боюнча өзүнө алган ар бир милдеттенмесин бузганы анык. Ал жерде орусиялык күчтөр дале калууда, жикчилдерди машыктырууда жана чабуулдарды координациялоого жардамдашууда. Орусия аскерлерин чыгарып кетүүнүн ордуна дагы көп танктарды, брондолгон транспортторду жана оор артиллерияны жөнөтүүдө.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин согуштук техникалары. Дебальцево,9-февраль
Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин согуштук техникалары. Дебальцево,9-февраль

9-февралда украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенконун билдиришинче, Орусия жикчилдердин колундагы Донбасс аймагына дагы 1 500 жоокер жана 300 аскерий машине жөнөткөн. Бул аймакта 9 миңден ашуун орусиялык аскер бар экенин январда президент Порошенко билдирген.

Кремл, бирок Украинага аскер жөнөтпөгөнүн такай айтып келет.

Ушу тапта Донецкке жакын Дебальцево шаарынын жанында катуу уруш болууда. Акыркы 24 саатта украин тарап 9 аскеринен ажырап, 26 жоокер жараат алганын маалымдады.

Украин кризин токтотуу боюнча 11-февралда Минскиде Германия, Орусия, Франция жана Украинанын лидерлери жолукмакчы. Бирок тараптар талаш маселе боюнча бир бүтүмгө келе албаса, сүйлөшүү болбой калышы да ыктымал.

Барак Обама Вашингтондо украин армиясына жикчилдерден коргонуу үчүн согуштук (леталдык) куралдар азырынча жөнөтүлбөсүн, бирок маселе каралып жатканын билдирди:

- Кокус дипломаттык аракеттер ийгиликке жетпей калса, Путин мырзанын эсептерин өзгөртүү үчүн кандай каражат колдоно аларыбызды аныктоону өз командама тапшырдым. Бир вариант катары Украинага леталдык коргонуу куралын берүү мүмкүндүгү каралууда. Бирок мен чечим кабыл ала элекмин.

Барак Обама жана Ангела Меркел Вашингтондогу жолугушууда. 9-февраль
Барак Обама жана Ангела Меркел Вашингтондогу жолугушууда. 9-февраль

Украин жетекчилигинин өтүнүчүнөн улам былтыр декабрда АКШ Конгресси Украинаны согуштук куралдар менен камсыздоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамга ылайык, Обама Украинага курал берүүнү өз алдынча чече алат.

Ангела Меркел Украинаны куралдандырууга каршы. Ошондуктан ал Евробиримдик украин кризисин сүйлөшүү жолу менен жөндөөгө умтуларына көңүл бурду.

- Көптөгөн аракетибиз ийгиликсиз аяктаса да, дипломатиялык жолду тапканга аракет кыла беребиз. Бардык тараптар сүйлөшүп, мунасага жеткенге даярбы аны биз ушу күндөрү көрөбүз. Бул жаңжалды токтотуунун аскерий жолун көрбөгөнүмдү мен дайыма айтчумун. Биз дипломаттык чечимге жетүү үчүн бар аракетибизди жасашыбыз абзел.

9-февралда Евробиримдик 19 адамдын уюмга мүчө өлкөлөргө каттоосуна тыюу салып, банк эсептерин камакка алууга уруксат берди. Алардын ичинде украиналык 15 жикчил, беш орусиялык, ошондой эле тогуз уюм бар (анын бирөө орусиялык). Бирок Минск сүйлөшүүсүнө дипломаттиялык колдоо көрсөтүү максатында, санкция колдонуу 16-февралга чейин токтотулган.

Евробиримдик жана АКШ буга чейин да Москванын украин кризисиндеги ролуна байланыштуу Орусияга бир нече санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG