Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Украина: Лиманда сөөктөр жапырт көмүлгөн жер табылды


Орус армиясы Украинанын шаарларына ракеталык чабуулду улантууда. Соңку бир суткада эле украин шаарларына жыйырмадан ашуун сокку урулду. Ракеталардын теңинен көбүн украин күчтөрү абадан атып түшүрдү.

АКШ менен Германия Украинага абадан коргонуу системасын жөнөтүүнү убада кылды. Американын президенти Жо Байден "Путин рационалдуу саясатчы болгону менен Украинага кол салууда өз дараметин туура баалай албай калган" деп айтты.

Лиманда 50дөй адамдын сөөгү көмүлгөн жай табылды

Жакында эле орус армиясынан тазаланган Лиман шаарында 50дөн көп адамдын сөөгү чогуу көмүлгөн жай табылды. Белгисиз жагдайда каза тапкандардын арасында жайкын тургундар да, аскерлер да бар. Донецк облусунун губернатору Павел Кириленконун айтымында, жайкын тургундар кыйноого кабылышы мүмкүн деген жоромол бар.

"Алар жайкын тургундар жана бизди коргогон украин аскерлери экени белгилүү болду. Кандай жагдайда, эмне болуп каза болгонун судмедэксперттер аныкташат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аларга жарылуунун сыныктары же ок тийген. Ошондой эле жайкын тургундар кыйноого кабылган деген божомол бар",- деди Кириленко.

Өлкө чыгышындагы стратегиялык деп саналган Лиман шаарын украин аскерлери орус армиясынан 2-октябрда толук бошотушкан. Анын алдында эле шаар жайгашкан Донецк облусун Орусия аннексиялап алганын жарыялаган.

29-сентябрдан бери украин полициясы бошотулган аймактарынан 87 адамдын сөөгүн тапканын билдирген. Буга чейин Харьков облусуна караштуу Изюм шаарынын чет жакасындагы токойдон аскерлер жана жайкын тургундардын сөөктөрү жапырт көмүлгөн жай аныкталган.

Эксгумацияда алардын айрымдарынан кыйноонун белгилери аныкталган.

Ушул тапта украин армиясы Херсон облусунда контрчабуулун улантып, соңку бир суткада беш кыштакты өз карамагына алганын жарыялады.

Орусиянын аткылоосунан кийин баш калаа Киевде күйүп жаткан автоунаалар. 10-октябрь, 2022-жыл.
Орусиянын аткылоосунан кийин баш калаа Киевде күйүп жаткан автоунаалар. 10-октябрь, 2022-жыл.

Орусия украин шаарларын аткылоону улантууда

Акыркы 24 саатта эле Орусия 28 канаттуу жана бир баллистикалык ракета менен Украинага сокку урган. Алардын теңинен көбүн украин күчтөрү абадан атып түшүрдү.

Бул чабуулдардан Львов, Запорожье, Павлоград, жана Никополь шаарларындагы жарандык инфраструктуралар, энергетикалык обьектилер жабыркады. Бир катар калааларда электр жарыгы калыбына келтириле элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-октябрда "Чоң жетинин" чукул жыйынга чогулган лидерлерине кайрылып, Киевге абадан коргоочу системалар керек экенин айтты.

"Украинага абадан калканыч түзүүгө каржы бөлүп берүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү өтүнөм. Миллиондогон адамдар "Чоң жетиге" мындай жардамы үчүн ыраазы болот".

Зеленский Орусия Ирандан алган "Шахид" дрондору менен да чабуул коюп жатканын кошумчалады. Чалгындын маалыматтарына ылайык, Москва Тегерандан бутага учуп барып урунуп, жарылып кетүүчү мындай дрондордон 2400 даана алган.


Кубаттуу жети мамлекеттин лидерлери Украинаны туш келди аткылаганы үчүн орус президенти Владимир Путинди жоопкерчиликке тартууну жана Киевге болушунча колдоо көрсөтүүнү убада кылышты. АКШнын президенти Жо Байден Украинага Зеленский менен телефондон сүйлөшкөндө алдыңкы абадан коргонуу системаларын жөнөтүүгө убада берген. Так кандай система жөнөтүлөрү расмий айтылган эмес. Анткен менен аскердик эксперттер NASAMS деп аталган норвегиялык зениттик-ракеталык комплекс жөнөтүлүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышат.

Ошол эле учурда Германиянын коргоо министри Кристине Ламбрехт Берлин жакынкы күндөрдө Киевге IRIS-T системасын жиберерин билдирди. Бул 40 чакырым аралыктагы бутаны жок кыла алчу зениттик-ракеталык комплекс. Буга Кремл дароо жооп кайтарды.

"Мен дагы бир жолу кайталайм. Курал-жарактын берилиши жаңжалды узартып, украин тарап үчүн кайгыны көбөйтөт. Бирок биздин максаттарыбызга кедергисин тийгизе албайт",- деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.


Американын президенти Жо Байден CNN телеканалына курган маегинде "Путин рационалдуу саясатчы болгону менен Украинага кол салууда өз дараметин туура баалай албай калган" деп айтты.

"Ал Украинада баары кучак жайып тосуп алышат деп ойлогон",- деди Байден. Мындай пикирди буга чейин да бир топ аскердик эксперттер белгилеп келишкен.

Ал арада Путин 12-октябрда Казакстандын баш калаасы Астанага жөнөп кетти. Ал жакта бир катар саммиттер белгиленген. Бул жыйындардын алкагында Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугары кабарланган.

Кыргыз президенти өткөн аптада Путиндин 70 жылдыгына арналган КМШ лидерлеринин Санкт-Петербург шаарында өткөн бейформал жыйынына барбай койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG