Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Украинага ракеталык чабуулдар: Путин көпүрө үчүн "өч алганын" айтты


Киев ракеталык соккудан кийин. 10-октябрь, 2022-жыл.
Киев ракеталык соккудан кийин. 10-октябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде баш калаа Киевге ракетадан сокку урду. Ондогон жайкын тургундар мүрт кетти, жарадарлардын так саны белгисиз. Орус президенти Владимир Путин соңку чабуулдарды Крым көпүрөсүндөгү жарылууга жооп жаза катары мүнөздөдү.

Киев, Днепр, Житомир, Тернополь, Львов жана Хмельницкий шаарларынын тургундарын 10-октябрда таң сүрө атылган ракеталар уйкусунан ойготту. Айрымдары таңды көрбөй да калышты. Алардын саны так белгисиз. Киевде кеминде сегиз жайкын тургун каза таап, 24 адам жаракат алганы кабарланды. Соккулардын бири балдар ойноочу аянтчалардын бирине тийген. Украин баш калаасынын көчөлөрүнөн кансыраган жарадар адамдарды, күйүп жаткан автоунааларды, ар кайсы жерден кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Орусия бизди жер жүзүнөн жок кылгысы келет" деп билдирди.

"Оор таң болду. Биз террорчулар менен алпурушуп жатабыз. Ондогон ракеталар, анын ичинде ирандыктардын "Шахиддери" бар. Алар энергобьектилерди жана жайкын тургундарды бутага алышууда. Чабуул үчүн атайын ушул убакытты тандап алышкан. Бүгүн коргонуучу жайларда болуңуздар, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Украина бул душманга чейин эле болгон, андан кийин да боло берерин эсиңерден чыгарбагыла", - деди Зеленский.

Украинанын башкы аскердик кол башчысы Валерий Залужныйдын "Твиттерге" жазган билдирүүсүнө караганда, Орусия учкучсуз аппараттын жардамы менен таң аткандан бери жалпысынан 75 ракета учуруп, алардын жарымынан көбүн украиндердин абадан коргонуу системасы жок кылган.

Украинанын Коргоо министрлиги бул соккулар үчүн Москвадан өч аларын билдирди.

"Карапайым тургундар арасында жоготуулар бар, көп жайлар талкаланды. Душман биздин жерибиздеги өлүм жана кайгы үчүн жазаланат. Биз өч алабыз!"-деп министрлик "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Украинанын карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган орус армиясынын чабуулун "кабыл алынгыс" деп атады.

Киевдин көчөлөрү. 10-октябрь, 2022-жыл.
Киевдин көчөлөрү. 10-октябрь, 2022-жыл.

"Сокку Коргоо министрлигинин сунушу менен жасалды"

Орусиянын президенти Владимир Путин 10-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында украин шаарларына ракеталык соккулар "Коргоо министрлигинин сунушу жана Башкы штабдын планы боюнча жасалганын" ырастады. Ал ошондой эле соккуларды Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн жооп чара катары мүнөздөдү.

"Эгер биздин аймактарда теракт уюштуруу планы улана берсе, Орусия тараптан жооп катаал болот. Мындан эч ким күмөн санабаш керек",-деди Путин.

9-октябрда орус президенти Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинди кабыл алып жатып, Крымдагы жарылууну украин чалгын кызматтарынан көрүп, аны "террордук акт" деп атаган.

8-октябрда Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу болгон. Автоунаалар жүргөн жолдун бир жак тарабындагы бир нече метрлик тилке талкаланып, сууга түшкөн жана поезд жүрүүчү жол да жабыркаган. Кийин автомобилдик жолдун бир тарабы да, темир жол да кайра иштей баштаганы кабарланды. Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Көпүрөдө баратып жарылган оор жүк ташуучу машина Орусиянын аймагынан киргени аныкталды. Байкоочулардын пикиринде, бул көпүрө Путин үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Украин армиясынын чабуулу, Лукашенконун билдирүүсү

Ал арада украин армиясы өлкө түштүгүндө жана түндүк-чыгышында контрчабуулду улантып, орус армиясын артка сүрүүдө. Украинанын Түштүк аскердик командачылыгынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк 9-октябрда билдиргендей, Херсон багытында контрчабуул башталгандан бери 1170 чарчы чакырым жер бошотулду.

10-октябрда Беларустун башчысы Александр Лукашенко өлкөсүнө "аймактык биргелешкен аскердик топту жайгаштыруу тууралуу" сүйлөшкөнүн жарыялады. Бул тууралуу "БелТА" мамлекеттик агенттиги жазды.

Лукашенконун айтымында, бул жөнүндө макулдашууга Санкт-Петербургда өткөн бейформал саммитте жетишилген. Топтун негизги бөлүгүн беларус армиясы түзөт.

Ал ошондой эле жакында Беларуска "миңден ашуун орус аскери" келерин жана Коргоо министрлигине "аларды планга жараша кабыл алып, жайгаштырууну" тапшырганын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG