Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

"Путин келбесин". Казакстанда акцияга чыккандар кармалды


Алматыдагы Украинаны колдогон митинг. 6-март. 2022-жыл.
Алматыдагы Украинаны колдогон митинг. 6-март. 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Борбор Азия – Орусия” форматындагы саммитке катышуу үчүн Астанага келери күтүлүүдө. Саммит 12-14-октябрь күндөрү өтмөкчү. Мунун алдында казак коомунда Путиндин Украинага каршы согушун айыптап, анын сапарына бөгөт коюуну талап кылгандар болду.

Шаршембиде Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чыкккан казакстандык активисттер кармалганы кабарланды.

Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдында полиция активисттерди кармап жатат. 12-октябрь, 2022-жыл.
Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдында полиция активисттерди кармап жатат. 12-октябрь, 2022-жыл.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, төрт казак активист консулдукка келип, өздөрүнүн талаптарын айтууга үлгүргөн эмес. Полиция пикетке чыккандарды кармап кеткен. Активисттер Украинанын желегинин түсүнө окшош плакат жана көк-сары гүлдөрдү кармап турган. Алматы полициясы азырынча комментарий бере элек.

Активисттер. Алматы, 12-октябрь, 2022-жыл.
Активисттер. Алматы, 12-октябрь, 2022-жыл.

Ошол эле күнү Алматыда дагы үч активист нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар да Путиндин Астанага сапарына каршылык билдирүүдө.

"Путиндин Астанага келишине каршыбыз. Негизи жалпы Казакстандын мамлекеттик позициясына каршыбыз. Анткени биз эки жүздүүлүккө күбө болдук. Башында Токаев “ЛЭР” менен “ДЭРди” тааныбайбыз деп чыкты. Жок жерден согуш баштап, карапайым калкка, анын ичинде аялдар менен балдарга ок аткан адамды эмне үчүн өлкөбүзгө кабыл алышыбыз керек?", – дейт активист Жанар Секербаева.

Муну менен катар орус президенти Владимир Путиндин Казакстанга сапарынын алдында социалдык тармактарда "касиеттүү жерибизди кандуу буту баспасын" деген сыяктуу билдирүүлөр да көбөйдү.

Димаш Алжанов.
Димаш Алжанов.

Мындай онлайн акцияга саясат таануучу Димаш Алжанов да кошулду. Ал казак бийлиги Путиндин Украинада кылып жаткан иштерине көз жумганы менен мунун кесепети оор болорун эскертти.

"Казакстан, ошондой эле Токаев бул сапардан көп нерсени жоготот. Алдыда боло турган шайлоодо казакстандыктар Токаевдин саясатын тыкыр карап турат. Анын орус тилин өнүктүрүү боюнча уюм түзүү сунушуна элде кандай реакция болгонун билебиз. Менин оюмча, Путиндин сапарына да дал ошондой терс реакция болот".

Айрым казак өкмөтүнүн мүчөлөрү орус президентинин сапарына каршы пикирлер тууралуу маалыматы жоктой. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Путиндин сапары маанилүү жана Орусия Казакстандын эң чоң экономикалык өнөктөшү экенин баса белгиледи.

Айбек Смадияров
Айбек Смадияров

"Бул жолугушуулар тышкы саясат жагынан абдан маанилүү. Анткени Орусия кандай болгон күндө да биздин коңшубуз. Коңшу өлкө, чоң мамлекет. Ошондуктан, Путин мырза алдыдагы чоң иш-чарага катышат деп ишенебиз", - дейт казак дипломат.

Ал эми коңшу Казакстандын вице-премьер-министри Эрулан Жамаубаев соцтармактагы нааразылыктарды укпаганын айтты.

"Мен мындай нааразылыктарды байкаган жокмун. Анткени кеп эки коңшу мамлекет тууралуу болуп атат. Коңшу мамлекеттер менен ар дайым ынтымакта болушубуз керек".

Аскерлери Украинага басып киргенден бери орус мамлекет башчысы ушуну менен үчүнчү чет өлкөгө бара жатат. Буга чейин ал Тажикстан жана Түркмөнстанда болуп кеткен. Дегеле Путин 2020-жылдын башынан бери Орусиядан сейрек чыгып жүрөт.

Белгилей кетсек, 12-14-октябрь күндөрү Астанда “Борбор Азия – Орусия” саммити өтөт. Путин менен бирге дагы 10 өлкөнүн лидерлери Казакстанга келет. Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Садыр Жапаров да 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышары кабарланды.

Үч күнгө созулган иш-чарага байланыштуу Астанада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү айтылууда. Шаарга баруучу жолдордо полиция менен бирге аскердик техникалар да көбөйгөнү байкалууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG