Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

"Орусия Украинадагы согуштун экинчи баскычын баштады"


Орус армиясынын аткылоосунан жабыркаган украиналык аялга аскер жардам берип жатат. 10-октябрь, 2022-жыл.
Орус армиясынын аткылоосунан жабыркаган украиналык аялга аскер жардам берип жатат. 10-октябрь, 2022-жыл.

Орусия 11-октябрда Украинанын аймактарына аба чабуулдарын улантты. Маалыматка караганда, Орусиянын армиясы 20дан ашуун ракеталык сокку урду. 10-октябрдагы орус армиясынын аткылоосунан каза болгондордун саны өсүүдө.

Баш калаа Киевде шейшембиде аба айгайы жаңырып, тургундар коргонуучу жайларга баш калкалоого аргасыз болду. Аткылоого ошондой эле Днепропетровск, Винницы, Николаев жана Ровно аймактары да кабылды.

Киевдин түштүк-батышында учкучусуз аппараттар менен жылуулук электр станциясына чабуул коюлду. Маалыматтарга караганда, ал жакта жабыркагандар жок.

Өлкө батышындагы Львов шаарында жардыруулар болгонун 11-октябрда калаа мэри Андрей Садовый билдирди. Ал жакта электр жарыгы дагы эле толук калыбына келе элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын энергетикалык жайларына сокку урууну улантканын ырастады.

"Орусия армиясы жогорку тактыктагы курал менен Украинанын аскердик жайларына жана энергетикалык системаларына жапырт сокку урууну улантты", - деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Анткен менен көптөгөн видео-сүрөттөрдөн чабуулдар карапайым тургундар жашаган райондорго да жасалганын көрүүгө болот.

10-октябрда орус күчтөрү кургактан, абадан жана деңизден жалпысынан 80дей ракета учурган. Алардын теңинен көбүн украин коргоо күчтөрү асманда жок кылганга үлгүрүшкөн. Калгандары карапайым тургундар жашаган аймактарга, энергетикалык объектилерге тийди.

Өмүрү кыйылгандардын саны 20га чукулдады, жүздөн ашуун киши жараат алды.

Аскердик эксперт Михаил Самустун пикиринде, украиндердин коргонуу системасы дагы күчтүү болсо ракеталардын баарын абадан жок кылууга кудурети жетмек.

"Украинанын абадан коргонуу системасы эффективдүү деп саналганы менен ал советтик системанын негизинде түзүлгөн. Системалар эски. Ракеталардын теңинен көбүн жок кылышканы дагы жакшы жыйынтык. Эгер акыркы үлгүдөгү ракетага каршы коргонуу системаларын беришсе жакшы болмок. Тилекке каршы, сегиз ай ичинде андай ала алган жокпуз", - дейт Самусь.

Соңку чабуулдардан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жетинин" лидерлерине видео аркылуу кайрылып, Киевге орус ракеталарынан коргонууга багытталган зениттик каражаттан жардам берүүнү өтүнөрү күтүлүүдө.

Бул жыйынды утурлай АКШ президенти Жо Байден Киевге колдоо көрсөтүүнү улантып, Орусияны "согуш кылмыштары жана мыкаачылыктары үчүн" жоопкерчиликке тартууну убада кылды. Бул тууралуу ал Зеленский менен телефондон сүйлөшкөндө айтканын Ак үй 10-октябрда билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны жапырт аткылоо Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн жооп чара экенин белгилеген. Ал Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.

Путин үчүн символикалык мааниге ээ деп саналган Крым көпүрөсүндөгү жарылуу 8-октябрда болгон. Ал үчүн украин бийлиги түз жоопкерчилик алган эмес. Укук коргоочу Александр Черкасов Орусия чабуулдардын экинчи баскычы баштаганын белгилейт:

"Сочинин аэропортунун жабылып жатышы тынчсыздандырат. Авиациянын жардамы менен жапырт чабуулдарды уюштуруу пландалууда. Авиация Суровикин мырзанын көзөмөлүндөгү мекеме. Бул генерал авиацияны колдонуу менен Сирияда натыйжалуу жыйынтык көрсөтө алган. Ошондуктан бул күн жаңы кылмыштардын башталышы болушу мүмкүн".

Кеп генерал Сергей Суровикин тууралуу болуп жатат. Ал бир нече күн мурда Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы катары дайындалган.

Украинадагы чабуул БУУда көтөрүлдү

Бириккен Улуттар Уюмунун чукул жыйынында Украинанын туруктуу элчиси Орусияны "террордук мамлекет" катары мүнөздөдү.

"Орусия террордук мамлекет экенин дагы бир ирет көргөздү. Аны бардык аракеттер менен токтотуу керек", -деди Сергей Кислица.

БУУ 10-октябрга Орусиянын Украинанын төрт аймагын аннексиялап алганын айыптаган резолюция долбоорун талкуулоо жыйынын белгилеген. Сессияда Москванын Киевден Крым көпүрөсүн жардырганы үчүн өч алуу максатында Украинанын шаарларына 80ден ашуун ракета учуруу чечимин айыптоо үстөмдүк кылды.

193 мүчөдөн турган БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында өткөргөн “мыйзамсыз референдумун” жана аталган аймактарды "мыйзамсыз аннексиялоо аракетин" айыптаган резолюция долбооруна көпчүлүк добуш берүүнү чечти.

Резолюция боюнча добуш берүү 12-октябрда өткөрүлөт. Орусия сентябрда 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ушундай резолюцияга вето койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG