Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Тажикстанда этникалык өзбектер соттолду


Тажикстандын Жогорку Соту 5 ай камакта жаткан Турсунзаде районунун 7 тургунун күнөөлүү деп таап, 18-25 жылга чейин абакка отургузууга чечим чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучулардын алдына 22 жыл абак мөөнөтү берилсе, экөө 20 жыл, башкалары 18 жылга эркинен ажыратылды.

Сот өкүмдү окуп жатып, кылмыштуу топтун бир жыл ичиндеги ишмердүүлүгү жөнүндө атайын тапшырма алган өкүл айтып турганын маалымдады.

Бул чечим айыпталуучулардын жакындарынын жана туугандарынын нааразылыгын жаратты. Айрым энелер сот имаратынын ичинде тополоң салып жиберишти.

Камалгандардын бири Толиб Шодиевдин адвокаты, адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордун өкүлү Абдурахмон Шарипов соттун чечими менен макул эмес:

- Биз келтирген далилдерди жана жүйөлөрдү эске алса, өкүм башкача чыгышы керек эле. Биз кылмыш курамынын жоктугунан айыпталуучуларды жоопкерчиликтен бошотууну талап кылганбыз. Сотко алар кыйноого кабылганын жеткирдик. Сот биздин далилдерибизге көңүл буруп, кыйноолор тууралуу арыздарды текшерген жок. Биз сөзсүз доо арыз менен кайрылабыз.

Алюминий заводун жардырууга аракет жасаган деген жүйө менен айыпталган 47 жаштагы Абдулло Рахимовдун карындашы Магфират «Азаттык» радиосунун тажик кызматына агасы көп жыл ал ишканада эмгектенгенин айтты. Үч жылдан кийин эс алууга чыгууга камынган Абдулло кылмыштуу топтун башчысы деп табылган. Магфират агасы топтун курамындагы бирөөнү да жакындан тааныбастыгын кошумчалайт.

- Агам өмүрүнүн жарымын «ТалКодо» өткөрдү, анын такыр күнөөсү жок. Агамды иш учурунда кармап кетишиптир. Милиция бөлүмүнө барганда, башка-көзгө уруп, электр тогу менен кыйнашыптыр. Ал кайдан террорист болмок эле? Агам абдан арык, алсыз. Катуу кыйноолордон кийин ал баарын мойнуна алды да, - дейт Магфират көзүнүн жашын тыя албай.

24 жаштагы Азамат Абдуллоев Турсунзаде шаарынын акимиатынын имаратын жардырууну көздөгөн деген айып менен камалды. Анын агасы Гайрат момун иниси кылмыш жасады дегенге деги эле ишенүү кыйындыгын айтат. Ал бир жыл мурда армиядан келип, машине оңдоочу жайда иштеп жүргөн. Азаматты дагы иш ордунан кармап кетишкен. Гайраттын айтканына караганда, атайын органдардын адамдары Абдуллаевдердин үйүн эч ким жокто тинтип, "Хизб-ут-Тахрир" жана салафия экстремисттик уюмдарына таандык тыюу салынган адабияттарды кайдан-жайдан таап чыгышкан.

- Иним алгач аларды салык кызматкерлери деп ойлоптур, анткени алар адегенде салык боюнча документтерди талап кылышкан экен. Ал андай документтер жок дегенде кармап кетишиптир. Азаматты сабап, алдын ала даярдалган бардык кагаздарга кол койдуруп алышыптыр. Ал ушул күнгө чейин коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай, мыйзамсыз эч нерсе жасабаганын айтып жатат. Биз билгенден алгач 40тай адамды кармашкан. Алардын көбү акчанын күчү менен кутулуп кетишти. Азыркы жазага тартылгандардын баары жакыр үй-бүлөлөрдөн. Менин иним бул жактан аман чыкса, президентке чейин жетсе да өзүнүн ак экенин далилдейм деп үмүттөнүүдө, - дейт Гайрат Абдуллоев.

Турсунзаде районунун жети тургунунун үстүнөн сот иши бир ай мурда башталган. 24-25-мартта камакка алынган топтун мүчөлөрү этникалык өзбектер.

Жакында эле Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода акыркы жарым жылда экстремисттик уюмдардын 40 мүчөсү кармалганын билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG