Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Тажик бийликтерине куралчан топ сөөмөй кезеди


Интернеттеги видеодо өзүлөрүн “Ансорулло” террористтик тобунун согушкерлери деп аташкан жаш жигиттер Тажикстанга кол салаарын эскертишкен
Интернеттеги видеодо өзүлөрүн “Ансорулло” террористтик тобунун согушкерлери деп аташкан жаш жигиттер Тажикстанга кол салаарын эскертишкен

Тажикстан “Ансорулло” сыяктуу террористик уюмдардын коркутууларына көңүл бурушу керек. Мындай билдирүүнү тажик парламентинин төмөнкү палатасынын коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет башчысы Амиркул Азимов жасады.

Июндун башында эле интернетте пайда болгон бир сааттык видеодо өздөрүн “Ансорулло” террористтик тобунун согушкерлери деп аташкан жаш жигиттер Тажикстанга кол салаарын эскертишкен.

Тажикстандын бийлик өкүлдөрү буга чейин жарыяланган видеого комментарий жасай элек болчу. Тажикстан парламентинин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет башчысы Амиркул Азимов мындай билдирүү жасаган алгачкы адам болуп калды. Ал өлкөнүн куралдуу күчтөрү кандай гана коркунуч болбосун туруштук бергенге даяр экенин айтты. Ошентсе дагы террористтик уюмдар жасаган бардык билдирүүлөргө олуттуу көңүл буруу зарыл экенин кошумчалады.

“Эгер душманың чымын болсо аны пил деп эсепте” деген макал бар. Биз террористтик уюмдардын билдирүүлөрүн көз жаздымда калтырбай, туура баа берип, алар менен күрөшүүгө даяр болушубуз керек. Ошентсе дагы биз өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярбыз” - деди ал.

Мындай пикирге коопсуздук маселелери боюнча серепчи Комеб Жалилов дагы кошулат. Анын айтымында, “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”, ошондуктан бул коркутуулардын артында бир негиз болушу мүмкүн.

Жалиловдун пикири боюнча, аймакта саясий оюндар жүрүп жаткан кезде, кырдаалга чагым салууга жол берилбеши керек. Бул абалды тышкы күчтөр өз пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн.

Видеонун өзүнө келсек, интернетте өздөрүн “Ансорулло” тобу деп атаган куралчан 20дай чымыр денелүү жаш жигиттер ак карлуу тоо чокуларында машыгып жатканы чагылдырылган.

Видеодо 20дай чымыр денелүү жаш жигиттер ак карлуу тоо чокуларында машыгып жатканы чагылдырылган.
Видеодо 20дай чымыр денелүү жаш жигиттер ак карлуу тоо чокуларында машыгып жатканы чагылдырылган.

Алардын айтымында, тасма Ооганстанда тартылган. Тасмадан тарткан күндү же убакытты аныктаганга болбойт. Ал эми Тажикстандын атайын кызматтары бул видео кайрылуу боюнча эч кандай билдирүү жасаша элек.

Жигиттерди машыктырып, тиги же бул куралды кантип колдонуу керектигин үйрөтүп жаткан беткапчан адам орус тилинде сүйлөп жатат. Жүзү көрүнбөгөн согушкерлердин бири гранатометтон ок чыгарып туруп, Тажикстандын президентине кайрылып “Күт, биз келебиз жана Тажикстандагы дин безерлердин баарын өлтүрөбүз. Биз бул машыгууларды Тажикстандын дин безерлерин жоготуу үчүн өткөрүп жатабыз” дейт.

Видеонун узактыгы бир саатка жакын. Бардык кадрлар тажик тилиндеги, аларды мактап-жактаган ырлар менен коштолгон. Серепчилердин айтымында, жигиттер ооган диалектисин аралаштырып сүйлөп жатканынан улам, алар бир топ жылдан бери Ооганстанда жашагандай сезилет. Бул тасма Тажикстандын коопсуздук кызматынын өкүлү “Эл аралык террористтик уюмдар биригип, Борбор Азияда өз аракеттерин активдештирүүдө” деп билдирүү жасаган маалга туш келди.

12- июнда Дүйшөмбүдө орус серепчилери менен бирге өткөрүлгөн жыйында Тажикстандын коопсуздук кызматынын өкүлү Умед Назаров, өлкөнүн түндүгүндөгү Ооганстан менен чектеш аймактарда террористтик топтор болгон күчтөрүн жыйнап жатканын билдирген.

Ал бир нече дубандарда, Кундуз,Тахор чөлкөмдөрүндө жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында Өзбекстандын Ислам кыймылы, “Ансорулло” “Иттихаде жихаде ислами”, “Жундулхалифа” террористтик уюмдары жана жергиликтүү талиптердин топтору активдешип баратканын белгилеген.

22 - июнда Ооганстандын Кундуз аймагынын коопсуздук күчтөрү Тажикстанга эки этникалык өзбекти өткөрүп беришкен.

Бул Тажикстандын эки жараны Пакистандагы “Талибан” кыймылынын машыгуу лагеринде даярдык өтүп жүрүшкөн деп маалымдалган.

Ооган-Тажик чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымды түзөт. Анын басымдуу бөлүгүндөгү татаал жер шарттары террористтик уюмдардын машыгуусуна жана маңзат ташуусуна ыңгайлуу дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG