Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

Тажикстан: бейстабилдүүлүккө ким кызыкдар?


Саймумин Ятимов.
Саймумин Ятимов.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети айрым чет өлкөлүк уюмдарды “өлкөдө кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат” деп айыптады.

Ал арада, шейшембиде “чет өлкө үчүн тыңчылык кылган” деген шек менен Хорогдо кармалган илимпоз Александр Садыковдун сурагын жергиликтүү телеканалдан көрсөтүштү.

19- июнда Дүйшөмбү шаарында “Борбор Азиядагы жаңы коркунуч - чакырыктарга каршылык” деген аталышта илимий конференция өттү. Анда президенттин аппаратынан тарта, коопсуздук, чалгын кызматтарынын өкүлдөрү, башкы прокуратура, чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү да катышты. Мына ушул жыйында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чет өлкөлөрдөн алынган грантка иштегендерге жана чет өлкөлүк ишканаларга эскертүү жасады.

“Тажикстанда бейөкмөт уюмдардын атын жамынып, айрым чет өлкөлүк атайын кызматтар – алардын аттарын айткым келбейт – өлкөбүздүн кызыкчылыгына каршы келген иштер менен шугулданып жүрүшөт, - деп баштады сөзүн Ятимов. - Чоң-чоң өлкөлөрдүн чалгын кызматтары кылмыштуу топторду жалдап, аларды биздеги тынчтыкты бузууга, коопсуздугубузга коркунуч жаратканга колдонушат. Мен ошолорго кайрылып айтаар элем: Биз жарандык согушту баштан кечирген кичинекей эле өлкөбүз. Уят эмеспи ушундай кылганыңар? Ай-ай-ай”.

Ятимов кайсыл уюмдар жөнүндө сүйлөп жатканын тактаган жок. Бирок мындан үч күн мурун Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун борбору Хорогдо Социал-демократиялык партиянын памирлик лидери Алим Шерзамоновдон интервью алып жаткан жеринен окумуштуу Александр Садыков кармалган эле.

Бул окуя тууралуу коопсуздук кызматынын расмий билдирүүсүндө “Садыков чет мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен иштешкен” деген шек менен кармалганы айтылды. Ошол эле маалда, кайсыл мамлекет экени айтылбады.

Садыков, расмий маалыматта айтылгандай, Дүйшөмбү шаарында чет өлкөнүн жараны менен жолугушуп, акча үчүн Хорогго барып, ал жактан чалгын маалыматты чогултуп келиши керек болгон.

Англиядагы Экзетер университети үчүн азыр “Борбор Азиядагы конфликттерди чечүүнүн жолдору” деген темада илимий иш жазып жаткан илимпоз Александр Садыков өзү - Тажикстандын жараны. Буга чейин Торонто университетинде окуган конфликтолог учурунда Тажикстанда көптөгөн эл аралык уюмдарда иштегени айтылат.

Бул ирет ал Экзетер университенинин долбоорунун негизинде Дүйшөмбүгө келген илимий жетекчиси, профессор Жон Хизершоунун Тажикстанга сапарын британ элчилиги менен сүйлөшүшү керек болгонун, кийин жетекчиси ага Хорогдо илимий иш үчүн жасалышы керек болгон интервьюларды белгилегенин Садыковдун кесиптештери кабарлашкан.

Негизи Экзетер университетинин илимпоздору буга чейин да Хорогго келип, жаңжалдарды чечүүнүн жолдорун иликтеп жүрүшкөнү белгилүү. Бул ирет Садыков катышкан долбоор 2012-жылдагы масштабдуу аскерий операциядан жана быйыл май айындагы толкундоолордон кийинки абалды иликтөөнү максат кылган.

Бадахшандык активист Алим Шерзамонов аны менен интервью эч кандай жашыруун жерде эмес, шаардын борбордук паркында болгонун, Садыков университет тарабынан бекитилген атайын суроо-жооптун негизинде интервью жүргүзүп жатканын айтат.

Бейшембиде Садыковдун сурагы көрсөтүлгөн телепрограммада ал ушул интервью тууралуу айтып, анда Шерзамонов “Эгер 2012-жылы бадахшандыктар күч органдарына гана ишенбеген болсо, 2014-жылы өкмөткө да, Ага-Хан коруна да, Ага-Хандын өзүнө да ишенбей калды”, - деп айтканы кабарланууда. Шерзамонов өзү мунун баарын четке какты.

Мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Ага-Хан IV Тоолуу Бадахшандын түпкүлүктүү эли саналган исмаилиттерге көптөн бери көмөктөшүп, социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган түрдүү долбоорлорду каржылап келатат.

Кордун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Едгор Файзов “Азаттыктын” тажик редакциясына маегинде Хорогдо кармалган илимпоздун сурагы көрсөтүлгөн телепрограммада бул фонддун ишин да сынга алган билдирүүлөр айтылганын башка бирөөлөрдөн укканын айтты. Ага-Хан кору Бадахшанда, албетте, көптөгөн маселелерди чече албастыгын, бирок ал өлкөнү бейстабилдештирүүгө аракет кылып жатат деген таптакыр натуура экенин билдирди.

"Биздин бул иштерге бир да тийиштигибиз жок. Бизде андай натуура нерселерди жасаганга ашыкча акчабыз да, өлкөдө толкундоо кылалы деген ниетибиз да жок, - дейт Файзов. - Ага Хан кору абалды курчутууга эмес, тетирисинче, тынчтык, стабилдүүлүк үчүн иштеп келатат. Мен бул аймакта бизчелик натыйжалуу иштеген башка бир да эл аралык уюмду атай албайм".

Саясий аналитик Парвиз Мулложонов окумуштуу Садыковдун камалышы жана азыр чет өлкөлүк уюмдарга чабуулдун баары соңку айларда өлкөдө байкалган саясий тенденция тууралуу кабар берет дейт.

"Бир нече айдан бери өлкөдө байкалган башкы тенденция – Батышка каршы маанайдын ар кайсыл тармактарда көрүнүшү. Анын бир бөлүгү Украинадагы окуялардан чочулоо менен байланыштуу, дагы бир четинен, Орусия, орус маалымат каражаттарынын да бул сезимдин күчөшүнө салымы чоң, - дейт аналитик. - Акырындап бул абал өзгөрүп, чочулоо басаңдашы мүмкүн. Бирок жалпы кысмактоо аракети узак убакытка сактала турган нерсе. Менимче, чет өлкөлүк уюмдарга көп деле басым болбошу мүмкүн, антсе да жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга кысым көрсөтүү менен башкаларга да белги бергиси келип жатышат".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG