Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Тажик согушуна баа бериле элек


Турсунзаде районундагы массалык көмүүзөрзө, Тажикстан, 2012-жыл
Турсунзаде районундагы массалык көмүүзөрзө, Тажикстан, 2012-жыл

Тажикстан бул күндөрү жарандык согуштун аякташынын 15 жылдыгын белгилөөдө. 100 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен, өлкөнү бүлгүнгө учураткан ал кандуу окуялардын жаралары али айыга элек. Жер-жерлерде адамдар массалык көмүлгөн көрүстөндөрдө жаткандардын аты-жөнү белгисиз бойдон кала берүүдө.

Жарандык уруш башталган 1992-жылдын күзүндө согушкерлер Турсунзаде районунун Чинор айылынын эркек тургундарын Камбар капчыгайына алып кетип, атып салышкан. Айылдыктар ал жердеги массалык кабырда 800гө жакын кишинин сөөгү жашырылган дешет.

Ал жайда Фахриддин Сайфиддиновдун атасынын, туугандарынын, кошуналарынын сөөктөрү жатат.

“Колу-буттарын байлап, баштарына мүшөк кийгизип туруп машинеге салып кетишкен”, - деп эскерет Фахриддин.

Арадан 20 жыл өтсө да жергиликтүү жашоочулар ал окуялар кечээ эле болгондой сезилет дешет.

Суханоро апа 23-ноябрга оогон түнү саналуу саатта беш баласынан тең айрылган. Ал күндөрү согушкерлердин куралчан топтору өлкөнүн батышында жайкын адамдардын үйлөрүн тоноп, зордук-зомбулук күчөп турган кез эле.

Бир түндө беш уулунан айрылган Суханоро апа
Бир түндө беш уулунан айрылган Суханоро апа
“Мына ушул жол менен короодон алып кетишти. Тээтиги өрүктүн жанына келгенде улуу балам: "эне, бизди алып кетип атышат”, - деди. Мен анда жүрөгүм оозума батып, бир да сөз айта албадым. Анан таптакыр эле дудуктай болуп калдым, түнкү саат бирге чейин сүйлөй алган жокмун.

Суханоро апанын уулдарын Ибод жана Рамазон аттуу талаа командирлеринин адамдары өлтүрүшкөн деп айтышат. Бандиттер азыр кайда экенин эч ким айта албайт. Кээ бирлер аларды атаандаш топтор кийин өлтүрүп кетишкен дешсе, башка бир имиштерге караганда, согушкерлер коңшу мамлекеттерде жашырынып жүрүшөт.

Айтор чындыкты эч ким билбейт. Себеби ошондон бери бийлик ал окуялардын чоо-жайын билүүгө, аларды иликтөөгө аракет жасаган эмес. Кээ бирлер өкмөт айыга элек жараларды ырбатууну каалабайт деген оюн айтышат. Бирок жергиликтүү аксакалдардын бири баары бир эл кылмышкерлер ким экенинен кабардар дейт.

Турсунзаде районундагы 6 массалык көрүстөндүн ичинен биринде эле 800 кишинин сөөктөрү аныкталган. Ахунбабаев айылындагы “Мазори Шахидон” мүрзөсүндө жаткандарга эстелик тургузулуп, аттары бирден ташка чегилген. Күбөлөр ар бир көрүстөндө 100дөн 1 миңге чейин киши көмүлгөн дешет.

"Мазори Шахидон" мүрзөсү
"Мазори Шахидон" мүрзөсү
Райондун Каратаг айыл өкмөтүнүн катчысы Орифа Бобоева ал окуяларды прокуратура органдары иликтөөгө тийиш деп эсептейт:
“Ал жылдары набыт болгон жергиликтүү жашоочулардын тизмесин мен азыркы күнгө чейин көрө элекмин”.

Дал ушул себептен 5 жылга созулган ички куралдуу тирешүү канча кишинин өмүрүн кыйганын так эч ким айта албайт. Бийлик 100 миң, балким андан да көп киши өлгөн болушу мүмкүн деп билдирип келатат. Эксперттер ачуу чындыкты өлкөнүн тарыхы, келечек муундар үчүн билүү керек дешет.

Бул ойго Тажикстандын “Ислам Кайра жаралуу” партиясынын лидерлеринин бири Хикматулло Сайфуллозода да кошулат:

“Көз карандысыз коомдук комиссия түзүлүүгө тийиш. Ал ошол кан төгүүгө баасын берип, туура жыйынтык чыгаруу үчүн канча киши мерт кеткенин, жаңжалдын масштабын эсептесе жакшы болот эле”.

Жарандык согушту тажиктер өздөрү бир тууган бир тууганга каршы чыккан кандаштардын урушу деп аташат. Куралдуу жаңжал тынчтык келишимине кол коюу менен аяктаган, бирок саясий баа ошол окуяларга алигиче бериле элек.

Тажик согушундагы массалык көмүүлөрдүн изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

XS
SM
MD
LG