Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

БУУ сириялык качкындарга акча топтой баштады


БУУнун маалыматы боюнча Сириядагы жарандык согуштун айынан үй-жайынан безип, сырт өлкөлөргө чыгып кеткен бозгундардын саны 712 миңге жетти.

Акыркы бир аптада коңшулаш Иорданияга эле 21 миң сириялык качып өттү. Бөтөн жердеги жана өлкө ичиндеги сириялык качкын-бозгундарга жардам көрсөтүү маселеси Улуттар уюмунун бүгүн Кувейтте ачылган конференциясында каралууда. Бул жыйынга алтымыштай өлкөнүн өкүлдөрү келген.

Улуттар Уюму Кувейттеги эл аралык жыйында сириялык качкындарга көмөктөшүү үчүн 1, 5 миллиард доллар чогултканга аракет кылууда. Бул акчанын 1 миллиард доллары эшиктеш мамлекеттер сириялык бозгундарга конуш берип, багуусу үчүн жана 500 миллион доллары Сириянын өзүндөгү тозуп жүргөн элге жумшалат.

Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматы боюнча Иордания, Түркия, Ливия жана башка коңшулаш өлкөлөрдө баш паанек издеп келген 712 миң сириялык катталган. Чынында, Ата журтун таштап кеткен сириялыктардын саны андан да көп болушу мүмкүн. Анткени качкындар арасында расмий катталгандан кооптонгондор да бар экени айтылат.

Хомс шаарынын Журет аш-Шая районундагы кыйраган турак-үйлөр. 29-январь 2013
Хомс шаарынын Журет аш-Шая районундагы кыйраган турак-үйлөр. 29-январь 2013
Сириянын өзүндө 3 миллиондой адам там-жайсыз калган. БУУнун гумжардамдар боюнча координатору Валери Амос айымдын билдиришинче, алардын 2,3 миллиону тамак-ашка муктаждар.

Кувейттеги эл аралык конференция алдында БУУ менен Араб лигасынын Сирия боюнча атайын элчиси Лахдар Брахими 22 айдан берки куралдуу тирешүүлөр өлкөнү өтө коркунучтуу абалга жеткиргенин жана каршылышкан тараптар бирин-бири уккусу келбегенин кулак какты кылды.

“Cирия кыйроодо. Кээде мен Сириядагы жаатташкан тараптар өлкөнү кыйратуу үчүн кызматташууда деп айтсам, арийне, алар мага абдан кыжырданышат. Сирия четинен талкаланууда. Сирияны кыйратуу бүтүндөй дүйнөгө маанилүү региондо аябай жаман жагдай жаратууда. Мен ошон үчүн Коопсуздук кеңеши өз ара келише албай жатабыз, андыктан жакшы убакытка чейин чыдай тургула деп айтканын уланта албайт деп ойлойм. Менимче, алар бул проблеманы азыр чечиши керек,”- деп эскертти Лахдар Брахими кабарчылар менен шейшемби күнкү кездешүүсүндө.

Иорданиянын Мафрак шаарынын четиндеги сириялык качкындар лагеринин бир күнү. 8-январь 2013
Иорданиянын Мафрак шаарынын четиндеги сириялык качкындар лагеринин бир күнү. 8-январь 2013
Кексе дипломат Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөлөрүн Сирия боюнча өз ара келишпестигин токтотууга да үндөдү:

“Кеңеш Сириянын төбөлсүздүгүн, эгемендигин, территориялык бүтүндүгүн колдоп-жактаарын, ошондой эле Сириядагы ар бир жарандын укугу жана нарк насили алардын жынысына, динине же башка айырмачылыктарына карабай урматталышы абзел экенин кайра тастыкташы керек”.

Копсуздук кеңешинин Сириядагы 22 айдан берки кандуу булоонду токтотуу боюнча чечкиндүү чара көрүүсүнө, серепчилердин айтымында, Орусия менен Кытайдын позициясы жолтоо болууда. Атап айтканда, вето укугуна ээ бул эки мамлекет президент Асаддын режимин кандуу окуялар үчүн жазалоого каршы. Батыш жана Араб мамлекеттери Асаддын өкмөтүнө каршы санкцияны күчөтүү керек деп эсептейт.

БУУнун маалыматына караганда, 2011-жылдын мартынан бери президент Асаддын башкаруусуна каршы жүрүп жаткан көтөрүлүш кезде 60 миңден ашуун адамдын каны төгүлгөн. Шейшемби күнү эле Алепподо колу артына байланып, кара кушуна же желкесине атып өлтүрүлгөн 80ден ашуун адамдын жасаты табылды.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Кувейттеги жыйында Сириядагы ооруканалардын теңи жана мектептердин төрттөн бири кыйраганын айтып, чатакташкан тараптардан, өзгөчө, Башар Асаддан “адамзат үчүн” урушту токтотууну суранды.

Кувейттеги жыйын сириялык бозгундар үчүн болжогон акчасын чогултчудай болууда. Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги жана Сауд Арабия ар бири 300 млн доллардан, АКШ жана Евробиримдик жалпысынан 400 млн долларга жакын убада кылышты.

XS
SM
MD
LG