Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Сирияда 1,5 миллион адам тамак-ашка зар


Cирияда жарандык согуш уланууда. Башар Асаддын режимине каршы элдик козголуштун башталганына 18 айдын жүзү болууда.

Оппозицияга ыктаган Сириядагы адам укугуна байкоо жүргүзчү уюмдун маалыматы боюнча, куралдуу тирешүүнүн кесепетинен набыт болгондордун саны 26 миңге серпип калган.

Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги 4-сентябрда билдиргенге караганда, Сириядагы куралдуу калабанын айынан август айында гана 103 416 сириялык коңшу өлкөлөргө жан калкалоо үчүн бозгун болуп качкан. Бул 18 айга айланып бараткан коогалаң маалындагы эң чоң көрсөткүч. Ал эми расмий катталган качкындардын саны 235 миңге чыкты. Алардын көбү, же 150 миңге жакыны Иорданиядан убактылуу баш паанек табышкан. Расмий маалымат боюнча, Иорданияга күнүгө Сириядан орточо 1 миңдей качкын келет.

Түркиянын бийликтеринин ырасташынча, өлкөдө азыр 80, 5 миңге жакын сириялык качкын бар. Алардын айрымдары там-жайлар талап-тонолууда деген кеп-сөздөрдөн улам, убактылуу конуштарын таштап, үйлөрүнө кайра кайтып жатышат деп билдирет БУУнун Качкындар агенттиги.

Жарандар авиациянын соккусунан кыйраган турак үйдүн кыйрандыларынын үстүндө турушат. Азаз шаары. 3-сентябрь
Жарандар авиациянын соккусунан кыйраган турак үйдүн кыйрандыларынын үстүндө турушат. Азаз шаары. 3-сентябрь
Оппозицияга ыктаган Сириядагы адам укуктарына байкоо салчу уюмдун активисттеринин айтышынча, августтагы кагылышууларда 5 миң чакты адамдын каны төгүлдү. Бул анти-өкмөттүк чыгуулар башталгандан бери эң чоң көрсөткүч. Ушул эле булактын эсептөөлөрүнө ылайык, 18 айдан берки коогалаңда 26 миң чамалуу адамдын өмүрү кыйылды. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

4-сентябрда Эл аралык "Кызыл Чырым" уюмунун башчысы Питер Маурер Дамаскта Сирия президенти Башар Асад менен кездешти. Уюмдун өкүлү Хишам Хасандын билдиришинче, бир саатка чукул созулган сүйлөшүүдө Маурер экинчи тарапты эл аралык мыйзамдарды урматтоого чакырып, уруш жүрүп жаткан аймактардагы карапайым элге азык-түлүктөн жардам көрсөтүүнүн зарылдыгына көңүл бурган.

“Жолугушууда негизинен согуштук аракеттер жүрүп жаткан жагдайда карапайым элге камкордук көрүүгө байланыштуу маселелер, анын ичинде жарандарга медициналык жардам көрсөтүү, азык -үлүк жана башка негизги зарылчылыктар менен камсыздоо жагы талкууланды,-деп билдирди Хишам Хасан .- Мындай талап акыркы күндөрү жана жумаларда жүрүп жаткан согуштан улам өскөн.”

"Кызыл чырым" уюмунун басма сөз өкүлү Хишам Хасан – агенттиктин башчысы Питер Маурер менен президент Башар Асаддын ортосундагы сүйлөшүүнү “позитивдүү нукта өттү” деп мүнөздөп, кеңири маалымат берген жок.

Ал эми Сириянын өкмөттүк телеканалы маалымдаганга караганда, Башар Асад уюмдун Сириядагы соопкерчилик миссиясын колдоо менен агенттик калыс, көз карандысыз иш жүргүзүшү зарыл экенин айткан.

БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлү Елизабет Бирстин билдиришинче, Сирияда 1, 5 миллион адам азык-түлүккө аябай муктаж абалда. Алардын көпчүлүгү уруш жүрүп жаткан аймактарда жашагандар.

XS
SM
MD
LG