Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Иран Сирияда кармалган гвардиячыларын тааныды


Ас-Сахара кыштагынын жашоочусу ракета тийген үйүнүн жанында турат. Алеппо провинциясы, 7-август, 2012.
Ас-Сахара кыштагынын жашоочусу ракета тийген үйүнүн жанында турат. Алеппо провинциясы, 7-август, 2012.

Cириялык козголоңчулар Алеппо шаарындагы өңүттөрүн калтырып кетишти.

Июлдун аяк ченинде Алеппонун чет жактарына армия топтолуп жатканы мурда маалымдалган. Бул тушта расмий Тегеран сириялык адаватчылар барымтада кармап жаткан 48 ирандыктын катарында Ирандын Исламчыл гвардиялык корпусунун отставкадагы мүчөлөрү да бар экенин ырастады.

Эл аралык мунапыс уюму 2 миллион калктуу Алеппонун калкынын абалына тынчсыздануусун билдирди.

Президент Башар Асадга ишенимдүү аскерлер Алеппо шаарынын Салахиддин районун көтөрүлүшчү күчтөрдөн толук тазалашканын Ливандын “ал-Манар” телеканалы маалымдады. Адаватчылардын Эркин Сирия армиясы да Алеппонун маанилүү Сахаддин районун калтырып кеткенин ырастады.

Маалымат булактары 5-августта Сириянын коопсуздук күчтөрү Алеппонун тарабына 20 миң аскер топтогонун билдирген. Өлкөнүн экономикалык локомотиви саналган шаарда 20-июлдан бери тынбай уруш жүрүп жаткан.

Эркектер авиачабуулдан кыйраган үйдүн урандылары астында калган адамдардын жасатын издешүүдө. Алепподон 37 км жердеги Тел Рафат кыштагы. 8-август
Эркектер авиачабуулдан кыйраган үйдүн урандылары астында калган адамдардын жасатын издешүүдө. Алепподон 37 км жердеги Тел Рафат кыштагы. 8-август
​Сириядагы адам укугун байкоочу уюмдун билдиришинче, 17 айдан бери өлкөгө тынчтык бербеген тирешүүлөрдө 20 миң чамалуу адам бейажал өлгөн. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыкташа элек.

Расмий Тегеран ишемби күнү сириялык эрегишчилер барымтага алган букараларынын арасында Ирандын Исламчыл гвардиялык корпусунун отставкадагы кызматкерлери бар экенин билдирди.

Ирандын ИСНА жаңылыктар агенттигинин өлкөнүн тышкы иштер министри Али Акбар Салехиге шилтеп кабарлашынча, 48 жаран Дамаскиге чукул жайдагы шииттердин ыйык жайы - Зайда Зейнаб саганасына зыярт кылганы өз алдынча барышкан.

Адаватчылар ошол эле замат алар барымтага алган адамдардын ичинде чалгындоо маалыматтарын чогултуп жүргөн Ирандын тандалма элиталык корпусунун кызматкерлери бар экенин жарыялаган.

Барымтадагы үч ирандык Сириянын согуштук авиациясы козголоңчулардын өңүттөрүнө урган соккуда апаат болгонун адаватчылар тарап маалымдады.

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Саед Жалили 7-августта Дамаскта болгондо Тегеран өз жарандарын бошотуп алуу үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун айткан:

- Иран Ислам Республикасы эч айыбы жок букараларын бошотуу үчүн колдо бар бардык каражаттарды пайдаланат жана алар өз журтуна, жакын адамдарына аман-эсен кайтат деп ишендирет. Бул ишти жасаган топторду финансылык же маалымат жагынан колдогон бардык тараптар береги уятсыз жосунга өнөктөш деп саналат.

Ирандын тышкы иштер министри жарандарын барымтадан бошотууга көмөктөшүүнү сурап, шаршемби күнү Түркияга барып кайтты.

Эл аралык Мунапыс уюму алепполуктардын абалына катуу кабатыр экенин билдирди. Космостон тартылып алынган фотосүрөттөрдө Алеппого канатташ Анадан шаарчасында 600дөн ашуун аңдын ордун көрүүгө болот. Чуңкурларды снаряддар пайда кылган болушу мүмкүн деген адам укугун коргоочу уюм - армия жана адаватчылар карапайым калктын өлүмү үчүн жооп берерин эскертти.

Сирияда былтыр мартта башталган анти-өкмөттүк көтөрүлүштөн бери 120 миңден ашуун адам сырт өлкөлөргө качты. Улуттар Уюмунун эсебинче, Түркияда 43 387, Иорданияда 36 600, Ливанда 31 596, Иракта 8445 сириялык бозгун катталган.

XS
SM
MD
LG