Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:05

Асаддын көзөмөлүндө Сириянын үчтөн бири элеби?


Алеппо шаарындагы уруштардын бири 13-август, 2012-жыл.
Алеппо шаарындагы уруштардын бири 13-август, 2012-жыл.

Асаддын режими Сириянын 30% гана аймагын көзөмөлдөөрүн өлкөнүн режимден кол үзгөн мурдагы премьери айтып чыкты.

Бул аралыкта Ислам конференциясы уюмунун саммитинин күн тартибине Сириянын бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотуу сунуш кылынууда.

Дамаскты быйыл 5 -августта таштай качкан мурдагы премьер-министр Рияд Хижаб ошондон бери эл алдына ушул шейшемби күнү гана чыкты. Сирияга коңшу Иорданиянын борбору Амман шаарындагы басма сөз жыйынында ал Башар Асадын режимин “Кудайдын душманы” деп атап, буларга токтолду:

- Өз тажрыйбамдан, ээлеген кызматымдан улам силерди ишендирип кетким келет. Режим психологиялык, каржылык, экономикалык жактан кыйроодо. Анын аскерий кубаты да тая баштады. Ал азыр Сирия аймагынын 30% гана көзөмөлдөп жатат.

Рияд Хижаб - Асаддын режиминен буга чейин кол үзгөн расмий өкүлдөрдүн эң жогорку даражалуусу. Анын кызматын таштай качышын АКШ Асадын режиминин ичтен ирүүсү катары мүнөздөгөн.

Премьер-министрликке мындан эки ай мурда эле дайындалган Хижаб Аммандагы басма сөз жыйында Асаддын режиминен кол үзүшүн өзү “бийликсиз” экендигин сезгени менен түшүндүрдү.

Ал өкмөттүк аскерлерди козголоңчулардын катарына өтүүгө да үндөдү:

- Мен силер армияга өз эркиңер менен кошулгандагы антыңарды эске салам. Куралыңарды элди коргоо же өлтүрүү үчүн колдоносуңарбы? Мен силер эл тарапта болосуңар, ыйык жайларыңарды, жериңерди, элиңердин каны-жанын сактайсыңар деп ишенем. Ыңкылап цивилизациялык жол менен улануусу, өлкөнүн биримдиги, анын мамлекеттик институттары, жашоо үчүн абдан зарыл инфраструктурасы сакталышы абзел.

Сирияда өзү калктын 70 пайызын мурдагы премьер-мнистр Рияд Хижаб өкүлү болгон суниттер түзөт. Ал эми Асад, өлкөдөгү жагдайдан жакшы кабары барлардын айтымында, бийлигин сактоо үчүн өзү өкүлү болгон алавит азчылыгынын адамдары башкарган аскер жана коопсуздук күчтөрүнө таянууда.

БУУнун эсебинде, уруштан улам 150 миңдей сириялык коңшу өлкөлөргө качты. Бир жарым миллиондой киши Сириянын өз ичинде эле жер которууга аргасыз болду. Уруш аймактарында улам курчуп бара жаткан гуманитардык кризисти талкуулоо үчүн учурда Дамаскта БУУнун гуманитардык операциялар боюнча башчысы Валери Амос жүрөт.

Бул аралыкта Асаддын режими да өз дипломатиялык аракетин көрүүдө. Сирия президентинин атайын чабарманы Бутайна Шаабан шейшемби күнү Кытайга барды.

Кытай жана Орусия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Асаддын режимине каршы каталыраак чара көрүүнү караган резолюциясына эки ирет вето салган.

Расмий Дамаскты Москва жана Бээжин колдоп жатканы менен мусулман өлкөлөрү Асадды бийликтен кетүүгө чакырууда.

Алсак 57 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да мүчө Ислам конференциясы уюмунун шейшембиде Мекеде башталган саммитинин күн тартибинде Сириянын уюмдагы мүчөлүгүн токтотуу маселеси да бар.

Сауд Аравия, Катар, Түркия сындуу өлкөлөр кызуу колдогон, бирок Иран каршы чыгуучу сунуш эгер көпчүлүк добуш менен жактырылса, бул Асаддын обочодо калышы тереңдегенин дагы бир белгиси болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG