Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Президент Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын кайталады


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты.

Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийин жанданган. Кыргызстандын мурдагы президенттери Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун тушунда да буга байланыштуу түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр башталган.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 15-декабрында Бишкекте өткөн Элдик курултайда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылы башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. (DSh\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG