Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

Бөлүнүү алкагындагы кызматташуу же Евробиримдиктин жаңы демилгеси


Укриана президенти Виктор Ющенко жана Грузия президенти Михаил Саакашвили Нидерландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде менен сүлөшүүдө. ЕБ-Чыгыш кызматташтыгы саммити. 7-май 2009
Укриана президенти Виктор Ющенко жана Грузия президенти Михаил Саакашвили Нидерландиянын премьер-министри Ян Петер Балкененде менен сүлөшүүдө. ЕБ-Чыгыш кызматташтыгы саммити. 7-май 2009

Евробиримдик бейшемби күнү Прагада “Чыгыш кызматташтыгы” программасын жарыялады. Долбоор ЕБ менен экс-советтик Азербайжан, Армения, Белорус, Грузия, Молдова жана Украина ортосундагы саясый-экономикалык мамилени жакшыртууга багытталат.

«Чыгыш кызматташтыгы» программасы Прагада 7-майда бологон Евробиримдик менен экс-советтик Азербайжан, Армения, Белорус, Грузия, Молдова жана Украина ортолук саммитте жарыяланды.

Чыгыш кызматташтыгы саммити. Прага. 7-май 2009
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун билдиришинче, жаңы программа ортодогу саясый-экономикалык мамилени
«Бул("Чыгыш кызматташтыгы" программасы) Россияга каршы эмес. Иш жүзүндө, Сиздерге жакшы маалым, болочокто жаралчу кээ бир программалар боюнча, балким Россия, мүмкүн Түркия менен кызматташабыз. Бул биз баштап жаткан жараяндын философиясы.”

ЕБнын тышкы иштер комиссары Хавьер Солана, 7-май 2009
жакшыртууга багытталган:

-Чыгыш кызматташтыгы - биздин Чыгыш коңшуларыбыз менен болгон эки жактуу байланышты бекемдөөгө багытталган маанилүү сунуш. Бул регионалдык кызматташууга түрткү болчу инструмент да. Бул орток кызыкчылыкка жана баалуулуктарга таянган узак мөөнөттүк мамиленин негизи.

Москва жаңы программа Россиянын таасирин чектейт деп тынчсызданууда. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Прага саммити алдында Европаны экиге бөлгөн жаңы “арыкты казбагыла” деп эскерткен Евробримдикке.

Брюссель жаңы альянс Россияга каршы багытталбаганын жана “таасир көрсөтүүнүн жаңы алкагын түзүүнү көздөбөгөнүн” айтууда. «Бул Россияга каршы эмес. Иш жүзүндө, Сиздерге жакшы маалым, болочокто жаралчу кээ бир программалар боюнча, балким Россия, мүмкүн Түркия менен кызматташабыз. Бул биз баштап жаткан жараяндын философиясы,” - деп билдирди саммиттен соң Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Хавьер Солана.

Белорустагы абийир туткундарын бошотууга чакырган белорус жарандары. Прага. 7-май 2009
Чыгыштык коңшулар менен саясый-экономикалык байланышты бекемдөөгө кызмат кылчу жаңы программанын демилгечиси - Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехия.

“Азаттыктын” серепчиси Ефим Фиштейндин айтышынча, жаңы программа түпкүлүгүндө Биримдикке коңшулаш мейкиндикте демократиялык өлкөлөрдүн алкагын түзүүнү көздөйт, бул региондогу жана Биримдиктеги стабилдүүлүккө салым кошот.

Программанын долбоорунда “Чыгыш кызматташтыгына” тартылган алты өлкө Европа Биримдигине качан кирери көрсөтүлбөгөн жана алар үчүн эркин виза режими “болочоктогу максат” деп белгиленет.

Жаңы келишим жаралар алдында айрым Чыгыш Европа өлкөлөрү коогалуу жылды баштан кечирди. Былтыр августта Россия-Грузия согушу Кавказды титиретсе, жазда Молдовада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары өттү. Ал эми жаңы жылда демейдегидей эле Украина-Россия арасындагы газ чатагы болуп, анын кесепетинен Биримдиктин кээ бир өлкөлөрү ондогон миллион доллар зыян тарткан.

XS
SM
MD
LG