Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Кыргызстан ЖККУ төрагалыгын өткөрүп берди


Орусия -- ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын саммити. Сочи, 23-сентябрь, 2013.
Орусия -- ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын саммити. Сочи, 23-сентябрь, 2013.

23-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болду.

Саммитте негизги көңүл 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийинки абалга бурулду. АКШ баштаган коалициялык күчтөр 2014-жылы Ооганстандан негизги күчтөрүн чыгара баштайт. Ооганстандагы аскерлерге жардам көрсөткөн "Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик борбору да келерки жылы июль айында жабылууга тийиш.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр өз коопсуздугуна коркунучту көбүнчө Ооганстандан көрүшөт. Алар АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылгандан кийин кырдаал курчуп, Ооганстан ар кандай террордук, экстремисттик уюмдардын уюгуна айланып, регион мамлекеттерине коркунуч туудура баштайт деп эсептейт. Сочи саммитинде мына ошол коркунучтарга каршы чара көрүү маселеси талкууланды.

Кыргыз президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Сочи саммитинде каралган маселелер тууралуу буларды билдирди:

​- Кыргызстан бир жылдан бери уюмга төрага болуп келди. Эми ушул саммитте Орусия Федерациясына төрагалыгын өткөрүп берди. Анан Ооганстандан 2014-жылы коалиция аскерлерин чыгаргандан кийинки абалга карата даярдыктарды көрүү, уюмдун тышкы чек араларын бекемдөө маселелери каралды.

Ооганстан коркунучун утурлай Тажикстан менен Орусия аскердик багытта кызматташуу боюнча келишимди алдыга жылдыра башташты. Белгилүү болгондой, Москва менен Дүйшөмбү Тажикстандагы Орусиянын аскердик базалары боюнча келишимге жетишкен, бирок анын тажик парламентинде ратификацияланышы кечеңдеп жаткан. Маалыматтарга караганда, Сочи саммитинин алдында тажик парламенти ал келишимди ратификациялады.

Демек Тажикстанга Орусия убада кылган 200 млн. долларга курал-жарак берүү ишке ашырыла башташы күтүлөт. Тажик президенти Эмомали Рахмон саммитте сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан тараптан коопсуздукка коркунуч күчөп келатканын билдирип, өлкө үчүн заманбап курал-жарактар керектигин дагы бир жолу белгилеген. Ал эми орус президенти Владимир Путин Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн аскерлери чыгарылгандан кийин түзүлө турган кырдаал күтүүсүз жагдайларга калтырбаш керектигин билдирди.

Белгилей кете турган нерсе, Сочи саммитинде ЖККУнун төрагалыгы Кыргызстандан Орусияга өткөрүлдү. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев төрагалыкты өткөрүп берип жатып, Кыргызстан төрагалык милдетти жаман эмес аткарганын белгилеген.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Тажикстан мүчө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG