Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Мигранттардын арасында кылмыштуулук өсүүдө


Орусиядагы мигранттар үчүн абак.
Орусиядагы мигранттар үчүн абак.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Алмаз Абдисияев мигранттардын арасындагы кылмыштуулук тууралуу маек курду.

- Акыркы мезгилдерде Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарынын арасында кылмыштуулук өсүп баратат деп көп айтылып жатат. Акыркы 6 айды алсак, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштар чын эле көп жасалуудабы?

- Үстүбүздөгү жылдын алты айында Орусиянын аймагында Кыргызстандын атуулдары аралашкан 254 кылмыш иши козголгон. Алардын баарын кыргызстандыктар жасады деп айткандан алысмын. 254 – бул жалпы кыргызстандыктарга тиешелүү сан.

Мунун арасында биздин жарандар жасаган кылмыш иштери жана аларга каршы жасалган иштер да бар. Бул былтыркыга салыштырмалуу көп. Ушул эле убакыт ичи былтыр 215 кылмыш иши катталган болчу, быйыл 45ке көп.

- Сиздин оюңузча, бул терс көрүнүштүн негизги себептери кандай?

- Эмгекке уруксат кагаздарынын, же орусча айтканда квоталардын кескин азайышына байланыштуу. Бул тенденция биздин жарандардын көпчүлүгү жумушсуз калып, ар кандай убакта, ар кандай жерлерде, ар кандай шарттарда жүрүп калышы менен түшүндүрүлүп атат.

Андан башка тартип коргоо органдары “жөн жерден жасаган” кылмыш иштери да жок эмес. Ушул жарым жылдын ичинде ошондой кылмыш иштеринен үчөөнү токтотуп, биздин жарандар ага тиешелүү эмес экендигин далилдеп бердик.

- Кылмыштын кайсы түрлөрү көп жолугуп жатат?

- Биздин жарандарга көбүрөөк Орусиянын Кылмыш кодексинин 161, 162-беренелери (адам тоноочулук жана каракчылык) боюнча айыптар коюлат. Андан сырткары адам өлтүрүү, денеге оор жаракат келтирүү сыяктуу кылмыштар катталууда.

Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүргөн деп айыпталып, 3 аялга кылмыш иши козголду. Былтыр бул боюнча 7 адам камалган. Мындан тышкары зордуктоо, уурулук, алдамчылык өңдүү кылмыш иштерине да аралашып жатышат.

- Соңку ири кылмыш иши эмнеге байланыштуу болду?

- 25-февралдан тарта 1989-жылы туулган Бегимай Калмурзаеваны Орусиянын аймагынан издеп жатканбыз. Бул боюнча анын туугандарынын кайрылуусу болгон.

Орусиянын Калуга шаарындагы айылга Бегимайды анын таанышы Элмира аттуу кыз жумуш берем деп чакырган. Элмира жанындагы Өзбекстандын жарандары менен кылмыштуу топ түзүп, алар Бегимайды жертөлөдө барымтада кармашып, анын туугандарына чалып, акча өндүрө албай койгон соң, Калмурзаеваны өлтүрүшүп, жертөлөгө көмүп коюшат. Башка эле кылмыштар менен кармалып калып, бул кылмыштын бети ачылды. Жакында Бегимай Калмурзаеванын сөөгү жерден алынып чыгып, туугандарына Кыргызстанга жөнөтүлдү.

- Орусияда кыргызстандык жарандардан түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топтор барбы?

- Кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топтор жокко эсе десек болот. Бирок акыркы мезгилдерде соода тармактарында иштегендерден акча өндүрүү болуп атат деген билдирүүлөр келип түшүүдө.

- Демек кыргыздар иштеген базарларда, айрыкча Москванын тегерегиндеги курулуш материалдары сатылган жерлерде каракчылык бар экен да?

- Ал болуп келген нерсе. Аны эч ким токтото албай жатат. Тыйын айланган бардык жерлерде байкалат.

- Бирок аларга каршы кантип күрөшүп жатасыздар? Натыйжа барбы?

- Орусиянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү, биздин ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрү чогуу иштеп жатабыз.

Бул жерде адегенде жарандык туруму күчтүү адамдар керек болуп атат. Жабыр таркан адамдар убагында кабар берип, кылмышка баргандардын келбети, өзгөчө белгилери, унаалары тууралуу маалымат беришсе, алда канча жеңил табылмак.

  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG