Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:36

Даркан сүрөткердин эрдиги


Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 – 1997) .
Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков (1912 – 1997) .

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эне тил, тарых, маданий мурастарды сактоо боюнча туруму Кыргызстан Компартиясынын жетекчилерине жаккан эмес, бирок бул турум ага улуттун аксакалы кадыр-баркын алып келген. Бекташ Шамшиевдин блогу.

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун (14.5.1912 – 19.7.1997) совет доорунда басмадан чыгарылышына тыюу салынган “Көк асаба” романы социализм урайын деп турган маалда гана жарыкка чыкты.

Түгөлбай Сыдыкбековдун улуттук баалуулуктарды коргоо, сактоо аракети кандай тоскоолдуктарга кабылган?

Түгөлбай Сыдыкбеков жаш кезинде.
Түгөлбай Сыдыкбеков жаш кезинде.

Жабыкта жаткан төрт кат

Окурман журту Түгөлбай Сыдыкбековду даркан романчы катары жакшы билет. Анын ошол эле кезде башка жанрлардагы чыгармалары деле биртоп. Улуу сүрөткердин кыргыз тилинин абалына чындап күйүп-бышып, тарыхты терең изилдеп, “Манас” эпосун жайылтууга ополтоо салым кошкону маалы келгенде иликтенип, баасын алар.

Ал өзү кырчылдашкан саясий талаш-тирештерде тизе бүкпөй, бийликке жагалданып кошомат кылбай, таза жашаган инсан болгон. “Биздин замандын кишилери” романы сталиндик сыйлыкка арзып, кыргыз жазуучуларынын арасынан биринчи ирет жалпысоюздук сыйургалга арзыган. Антип сыртынан телегейи тегиз көрүнгөн жазуучунун жалпы элдик аброюнун артында улут тагдыры, унутулуп бараткан тил көйгөйү турган.

Анысын Т. Сыдыкбеков сөзү жеткен жердин баарында ачык айткан, республика жетекчилерине кат жазып кайрылуулар жолдогон. Мындай иш коммунисттик идеологиянын камчысын чаап “совет адамын” түзүүчүлөрдүн кыжырын келтирген.

Жаамы журт коммунисттик саясатты жактап, орус тилин жапырт үйрөнүп, коммунизмге эртелеп жетүүнүн камын көрүп атса союздук сыйургалга татыктуу болгон сүрөткердин кыргыз тилин, байыркы тарыхын, кылымдап келген каада-салттарын сактоо, үйрөнүү, жайылтууну улам-улам козголоп атканы кантип жаксын!

Социализм дүйнөнүн биртоп жерлерине жайылып, союздук өлкө кылым өтсө урагыстай бекем турган чакта ким улуттук тилине күйүп, тарыхыбыз байыртадан башталат деп каш кайтарганга батына алат?!

Азамат Алтай жана бир катар кыргыз акын-жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө. Бишкек. 1995-жылдын августу.
Азамат Алтай жана бир катар кыргыз акын-жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө. Бишкек. 1995-жылдын августу.

Кыргыз элинин бактысына 1917-жылкы өктөбүр революциясы келип, элди жок болуудан сактап, маданияттуу калктардын катарына кошподу беле. Чыныгы тарых ушул кезден башталат, Енисей, Алтай деп баш оорутуштун кажаты жок. Улуу орус элинин жардамы менен караңгы калкыбыз ойгонуп, коммунизм куруучулар катарында бара жатканына ыраазы болуп, коммунисттик бийликке баш ийип гана жашаш керек эле.

1972 –1973-жылдары жазылган “Жабыкта жаткан төрт каты” мезгилдүү басма сөзгө 1989-жылдан тарта жарыялана баштады. Ал каттарда жазуучу кыргыз тилинин абалына кейип, жагдайды жакшы жагына оодаруу, айрым жазуучулардын жазгандарынан идеялык кынтык издөөнү токтотуу, кыргыз тилинин шаар жеринде таралышына кам көрүү, тарыхты терең, ар тараптуу изилдөө зарылдыгы сындуу олуттуу суроолорду алдыга жайган.

Т.Сыдыкбековдун 1972-жылкы биринчи катына Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинен жооп кечигип, анысы сегиз айдан кийин Кыргызстан Жазуучулар союзуна жөнөтүлгөнү ачыкка чыгат. Эмнеликтен республика жетекчилерине жазган каты калемдештерине жөнөтүлгөнүнө нааразы болгон жазуучу жумурият жетекчилери аны талкуулоодон тартынып жатканына түшүнбөстүгүн ачык билдирген.

“Эгерде мен козгогон маселелер негизсиз болсо, анда сиздерге кана жиберилген кат негедир Жазуучулар союзунун президиумунда талкууланганда, аны сынга алган биздин партуюмдун катчысы, эл акыны А. Токтомушев:

- Мен балдарым менен эне тилимде сүйлөшө албаймын... Эмине, ал үчүн орустар айыптуубу? – деп каңырыгы түтөшү кандай?

Абдан туура. Буга орустар айыптуу эмес. Жанагы мен сиздерге эскерткен бир беткейлик, өзүбүздүн тайкылыгыбыз, наадандыгыбыз, көшөкөрдүгүбүз, эне тилге өзүбүздүн баа бербестигибиз айыптуу?!

Орустун улуу жазуучусу И.С.Тургенев француз тилинде тың сүйлөп, эне тилин билбеген орус кызына жаны кейип ыйлаган экен. Орустун акыны Жуковский тилдин жоюлушу – элдин жоюлушу деген экен. Биз өз чыгармаларыбызды өз балдарыбыз окуй албаганына кубангандай болобуз! Жок, бул чын кубаныч эмес. Эки жүздүүлүктүн жалган кубанчысы”.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1940-жылдары.
Түгөлбай Сыдыкбеков 1940-жылдары.

1972-жылы Сыдыкбеков каламдашы Абдимитал Камаловдун “Ящиктеги жүзүм” аңгемесине идеялык айып тапкан партиялык белгилүү жетекчиге кайрылып минтип жазган:

“Көркөм адабияттын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Ал өзгөчөлүктөрдү туура баамдабастан, ар ким – бир ким өзүнүн бир беткей түшүнүгүнө карай тыянак чыгарып, жазуучунун оюнда жок нерсени “сен ушундай кылып жатасың” деп айыптай берүү зыянга чабат”, - деп эскертип, экинчи катында дагы бир олуттуу маселени алдыга жайган.

“Кыркынчы-элүүнчү жылдарда өздөрү адабияттын бир учугун туура баамдабастан тек кызыл кекиртектикке салып кыйкырган кишилер адабият менен көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө чоң жолто этишти. Таланттуу адабиятчылардын тамырына балта согушту. Жалпы иштерге чоң зыян келтиришти...”

Т. Сыдыкбеков жубайы Асылгүл жана карачай-балкар акыны Кайсын Кулиев.
Т. Сыдыкбеков жубайы Асылгүл жана карачай-балкар акыны Кайсын Кулиев.

Экинчи катында Т. Сыдыкбеков кокуйгүн партиялык идеологдордун айынан 600 жылдай сакталган Сулайман тоодогу Бабурдун үйүн бузуп, ХХ кылымдын наадандыгын жасашканын, айылдагы балдар бакчасыз тамеки сарайларда тамекиге уугуп зумбул-бешиктерде уктап жатканын, баштапкы класстарга чейин мектепти жаап балдарды пахта теримге алып чыгышканын, социализм заманындагы көз боёмочулуктарга кимдер жооп бериши керек деген ачык суроону алдыга койгон.

Жазган каттары жоопсуз калып, идеялык айып тагылган чыгарманы колдогондугу үчүн Т. Сыдыкбековду Ош облустук партия жетекчиси кайсы бир партжыйында сынга алган.

“Мени да Султан Ыбрайымов карандай жемелеп өттү” деп жазган, а бирок, “Ак кеңешке союл көтөрүш жеке Султан Ыбрайымовдун ынтасы эместиги, “ээнбаш жазуучуну тартипке чакырып коюш” ага тапшырылганы анык болду”, - деп белгилеген.

Каламдашын колдоо жергиликтүү жетекчинин сынына кабылгандан кийин даркан сүрөткер Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Т.Усубалиев баштаган бүйрө мүчөлөрүнө узун кат жолдогон.

Усубалиев эмнеге нааразы болгон?

Анысы сегиз ай жатып, соңунда Кыргызстан Жазуучулар союзуна жиберилген экен, ошол жерде кызуу талкууга алынган. Т. Сыдыкбековго коюлган күнөө улутчулдук болчу. Эмне үчүн андай болуп калганын жазуучунун өзү мындайча жазат.

“Жыл жакшылыкка эм – ачык сөз кунсуз болду. Калп канат күүлөдү. Калптын арты кайгы болору оюмдан кетпей калды.

Эки жүздүү, арам сөздүү кишилер керт башынын кызыкчылыгы үчүн адамгерчиликти аттап, жолдошчулукту сатты. Көз боёмочулук, паракордук, кошоматчылык мамлекеттик деңгээлде жайгашты.

Ушундай терс көрүнүштөрдү калкка жарыя айтычу жазуучунун тили буулду. Ою бөксөрүп, сөзү мокоп, өзү наадандыкка көз каранды болду.

Чындыкка тике айтычу элем, Мен кандаймын бул күндө деп, өзүмдү-өзүм абайласам тымызын сенек болуп баратыпмын”.

Кыргызстан Жазуучулар союзунда катта козголгон темага карата даркан сүрөткер эки түрдүү көз караштагы, улуттук маселеге келгенде кош жээкте каршы туруп калышкан эки залкардын турумун келтирген.

Жазуучу жубайы Асылгүл менен Арстанбек, Аскарбек, Сабырбек аттуу үч уулду жана Динара аттуу кызды тарбиялап чоңойтушкан.
Жазуучу жубайы Асылгүл менен Арстанбек, Аскарбек, Сабырбек аттуу үч уулду жана Динара аттуу кызды тарбиялап чоңойтушкан.

“Айтор, чырагына май тама калганга Токомбаев өз дилиндеги ыплас ылайды мага шыбады дейсиң, тим эле төбөсү көккө тийгендей өз сөзүнө өзү ынанды”, - десе, ага каршы чыккан Ч.Айтматов: “Түкөм өз байкоосунда жанын кейиткен туура маселелерди жазыптыр. Аны жазба деп айталбайбыз. Акыбыз да жок. Тил, тарых, ата мурастары бардыгыбыз кам көрөр проблема. Туура жазыпсыз. Жаза бериңиз, Түкө!” - деп катта жазылгандарды колдогон.

Жалпы улуттук проблемаларды көтөрүп атса, аны жумурият Компартиясынын төбөлдөрү Жазуучулар союзунун колу менен жаап коюу аракетине киришкенин жактырбаган автор экинчи катын жолдогон.

Кийинки кайрылууда Түгөлбай Сыдыкбеков “Көк асаба” романын жазганын, улут адабиятында ак так болуп келаткан теманы козгоп, кол жазманы окугандардын колдогонуна карабай чыгарма жарык көрө электигин өкүнүч менен белгилеген.

Эгемен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Эл Баатыры" наамы туңгуч ирет тапшырылган инрсан - Түгөлбай Сыдыкбеков болду.
Эгемен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Эл Баатыры" наамы туңгуч ирет тапшырылган инрсан - Түгөлбай Сыдыкбеков болду.

Жазуучунун экинчи катын талкуулаган партиялык жыйында республиканын жетекчиси Т. Усубалиев Т. Сыдыкбековдун орус, кыргыз тилин окутуу, үйрөтүүгө түзүлчү шарт бирдей болсун деген жүйөөсүнө:

“ – Сиз бирдей болсо дейсиз. Бир жарым миллион кыргыздан орус тилин 250 миң киши кана билишет. Бул эң аз процент бизде орус тилин билгендерибиз. Ошондуктан бизде орус тилин билгендерди көбөйтүш үчүн пропагандалышыбыз керек. Канткенде бул маселени чечишке тийишпиз?” - деп "улуу орус тилин улутташтары аз үйрөнүп" жатканына жаны кейип отурбайбы.

Анын натыйжасы интернационалдык тарбияны күчөтүүгө, Т.Сыдыкбеков сындуу улутчулдардын тизгинин тартып, жазгандарын чыгарууну токтотууга, республикада “коммунизм тилине” гана артыкчылык берүүгө алып келди.

Ал арада “Сыдыкбеков азыркы заманды жек көргөндүктөн эскини көксөп жатпайбы” деген арамза кептер чыгып, ага чейин “Түгөлбай улутчул болуптур. Бардык наамынан, сыйлыктарынан ажырайт экен” деген миш-миштер жайылып жаткан.

А бирок андай ачык-тымызын басым-кысымга карабай Т. Сыдыкбеков минтип жазган:

“Байыркы элдерден экендигибизди, V – IX кылымдарда эле рун жазуубуздун болгондугун, соңку кылымдарда араб тамгасында жазуубуз болгондугун танабыз. Маданий мурастарыбызды баалабайбыз. Орус тамгасына өткөндүктү акташ үчүн эми араб тамгасы жамандала баштады. Бул деле илимге, тарыхка кыйчалыш келген осол көрүнүш”.

Улуу жазуучу ошо кездеги борбор шаарда кыргыздар 20% да жетпестигин, ал эми айыл чарбасында койчумандыкка жүз пайыз кыргыздардын гана тартылышын адилетсиздик деп баалаган.

Кыйла талаш-тартышты чакырган Т. Сыдыкбековдун катында көрсөтүлгөн кыргыз тили менен адабиятын окутууну жакшыртуу боюнча атайын токтом кыйла кечигибирээк кабыл алынган.

“Кечиримсиз нерсе: “Эне тил жана кыргыз адабиятын окутуунун жолго коюлушу жөнүндө август айында Борбордук Комитет чечим кабыл алмак. Бирок ал жылы да, кийинки августунда да кабыл алынбады”, - деп жазган даркан сүрөткер.

Жазуучунун күрөшкө жык толгон өмүр жолу 1998-жылы жарык көргөн “Мен миң жыл жашадым” деген китебинде кыйла кенен чагылдырылган.

Солдон оңго: Токтоболот Абдымомунов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Констнтин Симонов жана Түмөнбай Байзаков,
Солдон оңго: Токтоболот Абдымомунов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Констнтин Симонов жана Түмөнбай Байзаков,

Батыл сүрөткер 1970-жылдары козгогон маселелерге эгемендик заманда гана кайрылдык, өткөндү кайрадан аңдап, тарыхты терең, ар тараптуу изилдеп, мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу зарылдыгын ачык айта баштадык.

Т. Сыдыкбеков бул көйгөйлөрдүн баарын коммунисттик заманда эле ачык козгоп келген. Ал Оркон-Энесай жазууларынан баштап, байыркы кыргыз дөөлөтү, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын сындуу орток түрк аалымдарынын эмгектерин кыргызчага оодарып, "Манас" эпосун идеологиялык чидерсиз изилдеп, кыргыздардын Евразиядагы дана Түштүк Сибирдеги тарыхын калыс изилдеп үйрөнүү маселелерин өз эмгектеринде ырааттуу чагылдырган.

Муну атуулдук эрдик десе жарашат. Ал нагыз Баатыр эле...

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG