Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Улуулардын достугу – урпактарга таберик


Кыргыз эл жазуучусу Чыӊгыз Айтматов менен авар акыны Расул Гамзатов. Архив.
Кыргыз эл жазуучусу Чыӊгыз Айтматов менен авар акыны Расул Гамзатов. Архив.

Кыргызстанда жашаган дагестандык аварлардын сталинизм доорундагы татаал тагдыры, улуу калемгер Чыӊгыз Айтматов менен авар акыны Расул Гамзатовдун достугу тууралуу  Төмөнкү Чүй айылында жашап жаткан Расул Кибедов менен Мирзохалим Каримов маек курат.

Залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов (1928 — 2008) атактуу дагестандык акын, теги авар Расул Гамзатов (аварча Хӏамзатазул Расул Хӏамзатил вас; 1923 — 2003) менен санаалаш достордон болгон.

Дагестандын тоолуу бөлүгүндө жана Буйнак, Хасавйурт райондорунун түздүгүндө жашаган авар элинин бир ууч өкүлдөрү сталинизм доорунда, 84 жыл илгери, жазыксыз жерден "кулакка тартылып", Кыргызстанга айдалып келгенин көпчүлүк биле бербейт.

Тагдырдын ушундай татаал буйругуна туш болгон ошол авар улутунун өкүлдөрүнүн бири, Кыргызстандын Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылында жашап жаткан Расул Кибедовду кепке тарткан элек.

Расул Магомедович, Кыргызстанда жашап калган авар туугандарыбыздын башынан оор күндөр өткөнүн угуп жүрөбүз. Аларды эстетип суроо берүү сиздерге оор болсо керек. Ошондой болсо да сөз учугун ушул жааттан уласак...

Расул Кибедов.
Расул Кибедов.

– РСФСРде, совет доорунда 1930-жылы кулактардын мүлкүн конфискациялоо жана аларды алыскы жерлерге сүргүнгө айдоо башталганын тарыхтан билесиздер.

Биздин ата-бабаларыбыз дал мына ошол коогалуу мезгилде кулакка тартылып, 1936-жылы Кыргызстандын Төмөнкү Чүй айылына айдалып келген. Ошол учурдагы азап-тозокторду өз көзү менен көрүп, азабын тарткан адамдар дүйнөдөн өтүп кетти.

Ыраматылык ата-энем баарын төкпөй-чачпай айтып беришчү эле. Келерки жылы ошол кайгылуу окуянын 85 жылдыгы белгиленет. Ага карата азыртан даярдык көрүп жатабыз.

Сүргүнгө айдалган аварларды Кыргызстанга адам чыдагыс шартта алып келишкен деп айтып жүрүшөт.

– Ошондой болгон. Азык-түлүк, төшөнчү жок, кийим-кечесин алганга уруксат бербей муздак вагонго салып жөнөтүшкөн. Кыргыз жерине октябрь айында абдан кор болуп жетишкен экен. Турган жерлери ээн талаа. Үй-жай жоктугунан жертөлө казып жан сактоого туура келген. Он жылга чейин катуу режимде кармоо өкүмүнө кириптер болгондуктан, алар талаада ырайымсыз шартта иштешкен. Башка жакка кетүүгө тыюу салынган.

Кийинчерээк кудай жалгап, Улуу Жеңиштин шарапаты менен 1946-жылы катуу режим жумшартылган. Ээн-эркин жүрүүгө, мекенге кетүүгө жол ачылган. Ошондо айрым адамдарыбыз Дагестанга кеткен. Көпчүлүгү ушул айылда үй-жай куруп, биротоло отурукташып калган.

Татаал тагдырга кабылып келгендерге жергиликтүү элдин ошол кездеги мамилеси жөнүндө карыялар айтып беришкен чыгаар?

– Ооба, алар бул тууралуу узактан узак кеп кылышчу. Жергиликтүү эл өзүнүн жашоо-турмушу оор экенине карабай, биздин ата-энелерибизге боору ооруп, кол созгонун кылганын ар дайым айтып, эскертип турушчу. Биз алардын айткандарын эч качан унутпайбыз. Башка элдер менен ынтымактуу болгула, бири-бириңерди урматтагыла, биз көргөндү силер көрбөгүлө деген сөздөрү жүрөгүбүздө.

–​ Демек, Кыргызстан сиздин да, сиздин улутташтарыңыздын да мекени болуп калган турбайбы?

– Албетте, мисал үчүн, мен ушул касиеттүү жерде төрөлүп өстүм. Демек, бул жер – менин да ыйык мекеним. Тагдыр буйругуна баш ийүү, туулуп-өскөн жердин тузун актап жашоо – ар бир инсандын парзы. Айылыбызда азыр Дагестандын бизден башка бир нече улуттары: огулдар, табасараңдар, лезгиндер, карачайлар да бар.

–​ Тажикстандан да көптөгөн кыргыздар көчүп келишиптир. Алар менен мамилеңиздер жакшыбы?

– Биз сыяктуу татаал тагдырга туш болуп келген ал кыргыздар менен да жакшы мамиледебиз. Сыйлашып, достошуп жүрөбүз. Тажикстандыктар менен баткендиктер абдан мээнеткеч экен. Иштин көзүн билет. Аста-секин өнүгүп жатышат. Ынтымагыбыз ойдогудай болгону үчүн аймагыбыз күндөн-күнгө абаттанып жатат.

–​ Буга чейин кандай иштерди аркалап жүргөнсүз?

– Айыл чарбасында көп жыл эмгектендим. Звеновой да болдум, бригадирлик да кылдым. Жергиликтүү кеңешке 20 жылдан бери депутат болуп шайланып келатам. Коомдук иштерге катышам. Азыр айыл башчысымын.

–​ Кыргыздарга кыз берип же алардан келин алгандар барбы араңыздарда?

Расул Гамзатов кыргызстандык аварлардын үйүндө. Ортодо – Расул Гамзатовдун аяш атасы Магомед Кибедов.
Расул Гамзатов кыргызстандык аварлардын үйүндө. Ортодо – Расул Гамзатовдун аяш атасы Магомед Кибедов.

– Андайлар азырынча бирин-серин. Жакында биздин бир жигитибиз Тажикстандан көчүп келген үй-бүлөнүн кызына үйлөндү. Бара-бара көбөйсө керек.

– Кыргыздын улуттук тамак-аштарынын кайсынысы жагат?

– Эң оболу бешбармак деп айтар элем. Кымыз, бозо, жарманы абдан жакшы көрөм. Кымызды Суусамырга барганда тоюп ичем. Анткени ал жердин кымызы нукура.

–​ Кыргызстандын жаратылышы, Ысык-Көлү тууралуу эмне демекчисиз?

– Жагымдуу табиятынан, Ысык-Көлдүн көз жоосун алган сулуулугунан айланса болот. Ысык-Көлдүн көркү дүйнө элдерин суктандырат. Эки жылдан бери бара албай сагынып жүрөм. Ал мага укмуштуудай дем-күч берет. Жан дүйнөмө рахат тартуулайт. Ички дүйнөмдү тазартам деген адам ага тез-тез барып чөмүлүп турушу керек.

– Дүйнөлүк даңкы бар Чыңгыз Айтматов менен авар элинин атактуу акыны Расул Гамзатовдун ортосунда чыныгы достук мамиле болгонун билсеңиздер керек. Залкар жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова «Тарыхтын актай барактары» деген китебинде: «…1968-жылы биздин үйгө атактуу авар акыны Расул Гамзатов келди. Эшиктен кирип келгенде эле: “Чыңгыз, апаӊ кайда? Эӊ биринчи ошол кишиге учурашайын деп келдим эле”, - деди да, апамдын бөлмөсүнө кирди.

Апам Расулдун чыгармаларын издеп таптырып жүрүп окучу эле. Аны келет дегенде, катуу ооруганына карабастан, апам баш көтөрүп керебетинде отуруп күттү.

“Апа, Чыңгыздай уул төрөп, чоңойтконуңуз үчүн мен сизге чын ыкласымдан чыккан ыраазычылыгымды билдирем!” – деп, тизелеп туруп апам Нагиманын колун өптү…» - деп эскергени мунун айкын далили эмеспи?

– Адабиятка жан-дили менен берилген адам катары мен ааламга атагы чыккан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Ак кеме» сыяктуу ажайып чыгармаларын кайра-кайра берилип окугам. Авар элибиздин атактуу акыны Расул Гамзатов менен өтө жакын дос болгонун жакшы билем.

Мектепте төртүнчү класста окуп жүрсөм керек, Расул Гамзатов Кыргызстанга келгенде бир ууч авалар жашаган биздин Төмөнкү Чүй айылына досу Чыңгыз Айтматов менен үйүбүзгө күтүүсүздөн баш бакканы эсимде. Көрсө, Расул Гамзатовдун атасы менин чоң атам менен дос экен. Атасы аяш атаңа барып жолуккун деген окшойт.

Мирзохалим Каримов. 25.12.2012.
Мирзохалим Каримов. 25.12.2012.

Тилекке каршы, алардын убактысы чектелүү болгондуктан, көпкө отурбай тез эле коштошуп кетишкен. Чоң атам бечара ошондо жан досунун өңүн көргөндөй кубанганы азырга чейин көз алдымда турат.

Ошондон бери улуу калемгерлер Чыңгыз Айтматов менен Расул Гамзатов биздин үйдүн астанасын аттаган деп мен дагы элге мактанып айтып жүрөм.


Аңгемелешкен: Мирзохалим Каримов.

XS
SM
MD
LG