Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Апта: Араздашкан союздаштар, көз боёгон сандар...


Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев
Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев

Узап бараткан жумада бийликтеги партиялар парламенттик шайлоо алдында атаандаштыгын күчөттү. Республиканын экономикасы алты айда өскөнү жарыяланды. Бирок эксперттер андан күмөн санашууда.

Кыргызстанда күзгү парламенттик шайлоодо негизги саясий күрөш КСДП жана “Ата Мекен” партиясынын ортосунда өтөрү айкын болуп баратат. Эки стратегиялык өнөктөштүн ортосундагы келишпестик жана карама-каршылык “Ата Мекендин” келе жаткан шайлоодо “Улуттар биримдиги” партиясы менен кызматташарын билдиргенден кийин күчөдү.

Буга байланыштуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекенди” коалициядан чыгууга үндөдү. Президент Алмазбек Атамбаев Сузакта көпүрөнүн ачылышында “бир саясатчы парламенттик шайлоодо шайтан менен да биригүүгө даярмын деген" деп, ачуу сындын мизин “Ата Мекенге” карай бурду.

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев өз кезегинде Мырзакматовдун азыркы бийликтен көз карандысыздыгы аны менен кызматташууга барууга себеп болгонун, бул парламенттик системанын натыйжалуу болушуна салым кошорун билдирди.

Белгилүү болгондой азыркы бийлик системасында президенттин да, премьер-министрдин да күчтүү болушуна шарт бар. Ал парламентте түзүлгөн кырдаалга жараша болот. Маселен, эгерде парламентте кайсы бир партия көпчүлүк добушка ээ болсо же коалициялык көпчүлүк президенттен көз каранды болбой түзүлсө, анда ал шайлаган өкмөт башчы президентке көп кылчактабай иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчылык кезинде далилденген.

Андан кийинки өкмөт башчылар президенттин көшөгө артындагы ишарасы менен шайланып, натыйжада күчтүү өкмөт башчы болбой калышты. Бул өз кезегинде парламенттик системанын дискредитация болушуна алып келди.

“Ата Мекендин” лидери президентке “каяша” айта алган күчтөр парламентке келсе, азыркы бийлик системасы толук кандуу иштейт деген пикирде. Демек, “Ата Мекен” менен КСДП ортосунда келишпестик буга чейин Кумтөр, Жерүй, Батукаевди бошотуу сыяктуу маселелер боюнча болуп келсе, эми система үчүн күрөш башталып отурат.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев күзгү парламенттик шайлоодо негизги күрөш КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунда жүрөт, бул мамлекетке пайдалуу деп эсептейт:

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев

- Эски менен жаңы, жаман менен жакшы тирешмейин акыйкатты табуу кыйын. Ошон үчүн азыр “Ата Мекен” “Улуттар биримдиги” менен биригип, оппозицияга өткөндөй болуп жатат. Конструктивдүү оппозиция болсо, биздин саясий маданиятыбыздын өсүшүнө күбө болот элек. Албетте, бул жакшы болду. Бийликтин кемчилигин айткан партия болушу керек. Ансыз бийлик кайсы жерде ката кетирип жатканын билбей калат.

Бакыт Бакетаев мындай саясий күрөш эл үчүн да тандоо жүргүзүүгө жеңилдик алып келерин кошумчалады.

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова бийлик тегерегинде “клон” партиялар көбөйгөнүн белгилеп, бирок “Ата Мекендин” акыр-аягына чейин оппозициялык маанайда болушу да кыйын дейт:

- Эгер кыса баштаса кандай болоор экен... Текебаев өзүн эркин деп сезип, курч сүйлөп, өзүнчө экенин көрсөтүп келет. Бирок ким билет? Жакындап калганда алар дагы сынышабы же кошулуп кетишеби? Анткени Текебаевди деле коркутканга Ак үйдүн күчү бар.

Замира Сыдыкова “Республика Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Кыргызстан”, “Бир бол” партиялары бийлик башчысына каяша айтууга даабайт деп эсептейт. Ал эми жакында биригишкенин жарыялашкан саясатчылардын келечеги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу болорун Сыдыкова кошумчалады. “Азаттыктан” мурда айтылып келгендей, өлкөдөгү улуттук-демократиялык маанайдагы саясатчылар биригүү боюнча сүйлөшүүсүн жүргүзүп, аягына чыгуу алдында турат. Алардын катарында Исмаил Исаков, Мыктыбек Абдылдаев, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева, Өмүрбек Абдырахманов бар экени кабарланды.

ЕАЭБ эшиги ачылуу алдында...

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча акыркы чечимдер кабыл алынды. Узап бараткан жумада Казакстан жана Орусия парламенттери Кыргызстандын ЕАЭБга биригүүсү боюнча келишимдерди ратификациялаганы маалым болду.

Бул маалыматты Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов тастыктап, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү үчүн саналуу гана иш-чаралар калганын белгиледи:

- Эми бул документтер президентерге кол коюуга жиберилет. Андан кийин дипломатиялык каналдар аркылуу Евразия экономикалык комиссиясынын депозитариясына жиберилет. Юридиканын тили менен айтканда, депозитарийге кол коюлган келишим келип түшкөндөн кийин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишим күчүнө кирет. Тактап айтканда, бардык документтер Евразия экономикалык комиссиясына түшөрү менен биз Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калабыз.

Олег Панкратовдун айтымында, техникалык гана иштер калгандыктан Кыргызстандын биримдикке кирүүсү күз айларына калат дегенге негиз калбай калды.

Келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча иштер ийгиликтүү аткарылып жатканы менен товарларын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча бекет жана лабораториялардын даярдыгы боюнча маселе кала берүүдө. Бул өз кезегинде Кыргызстандын айыл чарба, азык-түлүк продукцияларынын Евразия экономикалык биримдигинин базарына чыгуусуна тоскоолдук жаратат.

Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун жетекчиси Бердимамат Аданбаевдин билдирүүсүнө караганда, лабораторияларды заманбап үлгүдө куруу үчүн каражат талап кылынат. "Орусия бул үчүн Кыргызстанга 11 млн. долларга жакын каражат которууда",- дейт Аданбаев:

- 2016-жылдын февралына чейин бир гана фитосанитария эмес, ветеринардык, санитардык бардык лабораториялар заманбап аппараттар менен камсыз болот. Биз тез арада анализдерди чыгарып бербесек, учурдагы лабораториялар жыйынтыкты үч-төрт күн дегенде араң чыгарып жатабыз.

Белгилүү болгондой Кыргызстандагы лабораториялардын ЕАЭБдин стандарттарына дал келиши да маселе жаратып келатат. Аларды текшерүү үчүн республикага тынымсыз комиссиялар келип жатканы да маалым.

Сом менен өскөн, доллар менен чөккөн Кыргызстан

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети республиканын ички дүң продукциясы быйылкы жылдын алты айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107.3% өсүп, жалпысынан 172 млрд. сомду түздү деп билдирди. Бул көрсөткүчтөр парламенттик шайлоо алдында бийликтин пропагандалык аракетине төп келет. Бирок өткөн жылдан берки сомдун девальвациясы жана инфляцияны эсепке алганда, экономикалык өсүш эмес, төмөндөө болгону байкалат.

Маселен,7.3% өсүш деген өткөн жылга салыштырмалуу 12 млрд. сомдун тегерегинде товар көп өндүрүлдү, кызмат көп көрсөтүлдү дегенди билдирет. Бирок 172 млрд. сомду доллардын азыркы курсу менен эсептегенде 2 млрд. 870 млн. долларды гана түзөт. Ал эми былтыркы курс менен эсептегенде 3 млрд. 560 млн. долларга барат. Ортодо сомдун күчүнүн жоголушу жараткан айырмачылык 700 млн. долларга же 43 млрд. сомдон ашуунга жетип барат. Ошондуктан күч-кубаты кетпеген доллар менен эсептегенде Кыргызстан экономикасы төмөн кеткени көрүнүп турат. Белгилүү болгондой өткөн жылы бир доллардын курсу 49-50 сом болгон болсо, быйыл бир доллар 62 сомдон ашып баратат.

Улуттук статистикалык комитетти кезинде башкарып турган экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев доллар менен эсептеп келгенде Кыргызстан экономикасы алты ай ичинде төмөндөгөнү факты дейт:

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев

- Жалаң эле сом менен санап, өстү дебей, негизи товар жагынан жана бөлөк акчага, долларга салыштырмалуу караш керек. Мисалы, сом былтыркы жылга караганда бир топ күчүн жоготту да. Доллар жоготтубу, жоготкон жокпу? Ошол жагын карап туруп, анан чыгарылат. Азыркы ыкма боюнча сом менен өсүш болуп, ал эми факты түрүндө өсүш болбойт. Себеби сомдун күчү жоголуп, ошонун негизинде гана өсүш болгон болуп калат. Менин оюмча, биздин экономика алты ай ичинде өскөн жок. Нөл, андан да төмөнбүз.

Кыргызстан экономикасында курулуш тармагы экономиканын реалдуу тармагынын катарына кирет. Бул тармак жалпы экономиканын структурасын 6% гана ээлегени менен, жалпы экономикадагы тенденцияларды тагыраак көрсөтүп турат. Маселен, курулуш жүрүп, элдин үйлөрдү сатып алып жатышы өсүштү кабарлайт. Ал эми алардын төмөндөшү кризистен кабар берет.

Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин башчысы Аскарбек Молдобаев курулуш тармагындагы абалга мындай баасын берди:

- Мурункудай интенсивдүү курулуш жоголуп баратат. Ага кошулуп биздин нормативдик документтерибиз татаалдады. Мыйзамсыз куруп жатышат деп эл прокуратурага арызданып жатып, шаар бийлиги жаңы объекттерди баштоого уруксат бербей жатат. Бул дагы инвесторду четке сүрүүдө. Жаңы квартиралардын сатылышы да жай. Жылбай атат.

Аскарбек Молдобаев эмгек мигранттарынан акча которуунун аздашы, орус рублинин күчү кетип, дээрлик сом менен бирдей болуп калышы да өзүнүн терс ролун ойноп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан экономикасында мына ушундай тенденциялар байкалууда. Республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен ал кайсы жагына карай ыктарын азырынча айтуу кыйын. Өкмөт пессимисттик жагына ооп, 2015-жылы экономикада өсүш 2% тегерегинде гана болот деп белгиледи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG