Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:44

Сыртта жүрсөң, сак жүргүн


Тегерандагы түрмө
Тегерандагы түрмө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда 2 жылдан бери кармалып жаткан Улмас Маматханов боюнча так маалымат талап кылган расмий нота жөнөттү.

Мунун алдында акыйкатчы Турсунбек Акун 29 жаштагы Маматханов “тыңчылык кылды” деген шек менен Тегеран шаарында 2 жылдан бери камалып жатканын кабарлаган эле.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коомчулуктун көңүлүн бурган бир катар кыргызстандык жарандардын тагдыры тууралуу кеңири маалымат берди. Алардын арасында “Азаттык” аркылуу тагдыры маалым болгон Жибек Сакеева да бар.

Маматхановдун иши боюнча 2 жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок майнап чыкпай жатканын “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысы Айдит Эркин билдирди.

- Тилеке каршы биздин элчиликтин кызматкерлери Маматханов менен бир нече жолу телефон аркылуу гана сүйлөшө алышкан. 30-майда биринчи жолу жолугушуу болду. Бул маселе бир топтон бери эле биздин көзөмөлдө. Быйыл Бишкекте Иран республикасы менен эки тараптуу консулдук консультация өтөт. Ошондо күн тартибине биринчи маселе кылып Маматхановдун ишин киргизебиз.

Маматхановдун күнөөсү жок экенин расмий өкүлдөргө, Кыргызстандын акыйкатчысына айтып келаткан экен. Ал камакка алынганга чейин Иран менен Кыргызстан ортосунда ишкерчилик менен алектенген. Акыйкатчы Турсунбек Акун ал кыйноо жолу менен жалган күнөөлөрдү мойнуна алганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги акыркы мезгилде чет өлкөдө эмгек мигранты болуп жүргөн кыргызстандыктар арасында ар кандай кылмышка барып, камакка алынгандар бар болгонун билдирүүдө.

Жибек сот чечими менен макул эмес

Тагдырын “Азаттык” ачыкка чыгарган Жибек Сакеева өткөн жылдын октябрь айында Индонезия өлкөсүндө “маңзат соодасы менен шугулданган” деген айып менен кармалып, жакында болгон сот 10 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Учурда министрлик жазаны жеңилдетүү чараларын көрүп жаткан экен. Айдит Эркин:

Жибек Сакеева
- Жибек Сакееванын иши боюнча биздин Малазиядагы элчилигибиз жана биздин министрлик бул иш боюнча бардык аракеттерибизди жасадык. Азыркы учурда Жибек өзүнүн адвокаты менен биргеликте ишти кайрадан карап чыгууну өтүнүп, апелляциялык арыз менен кайрадан сотко кайрылууда.

Албетте бардыгын биз көзөмөлдөп турабыз жана Жибекти чыгарып алуу же жаза мөөнөтүн азайтуу үчүн чараларды көрөбүз. Өткөндө сот да Жибектин жаш экенин жана кыргыз бийликтери улам-улам кайрылганы үчүн жазаны жеңилдеткенин айткан эле
.

Жибек мурдагы Союздан чыккан көптөгөн кыз-келиндердин бири катары нигериялык маңзат синдикатынын курмандыгы болгонун бизге учурунда Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы Талантбек Курбанов айткан эле.

- Биз Жибектин бул жактагы жашоо-турмушун текшердик. Ошондо Жибек алданып калганын билдик, ал ишенчээктигинин курмандыгы болгон.

Чындык издеген эне

Кыргыз журтун Германиянын Дүсселдорф шаарында күтүүсүз кайтыш болгон Кундуз Турсунованын тагдыры да кызыктырып жатат. Айдит Эркин бул тууралуу мындай дейт:

- Бул иш боюнча Германияда Патрик Госвалдга карата эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси өлтүрдү деген айып боюнча, экинчиси уруп-сабоо боюнча. Биринчиси далилдер жок үчүн жабылган, ал эми экинчиси каралууда. Кыргызстандагы Германиянын консулу да соттун өлтүрүү боюнча кылмыш ишин жапкан чечимин туура деп эсептейт, себеп дегенде бардыгы таза жана мыйзамга ылайык караштырылган.

Германия элчилигинин алдында пикет болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00


Ал эми каза болгон Кундуздун энеси Алмабүбү Жылкыбаева бул чечим менен макул эмес.

- Эшик-терезеси жабык, өзүн өзү өлтүрдү деп жатышат. Ал эми биз бул жакка келгенде көрдүк да, башынан бутуна чейин сабалган. Ошол күнү полицияга кайрылган экен, полиция ага эч жардам бербептир.

Жалпысынан чет өлкөдө канча Кыргызстандык жаран кылмыш жасап, камакка алынганы боюнча министрликте так маалымат жок. Айдит Эркин:

- Көп өлкөлөрдө биздин элчиликтербиз жок. Жалпылап айта кетсем, баңгизат менен кармалган кыргыз жарандарынын саны өсүүдө. Мисалы, былтыр Казакстанда 34 адам кармалган, Орусияда 159, Кытайда 10 адам бар.

Ошентип чет өлкөлөргө мигрант болуп кетип кылмышка кириптер болгон кыргызстандыктардын айрымдары гана элчилик, министрлик тарабынан жардамга ээ болсо, кээ бирлери такыр белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG