Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Жибектин Индонезияга чейинки сапары


Жибек Сакеева
Жибек Сакеева

Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Жибек Сакееванын тагдырын “Азаттык” ар тараптан иликтеп жатат.

Азыр Жибектин тагдыры тышкы иштер мекемесин, акыйкатчыны, дээрлик бардык маалымат каражаттарын, акыры өлкө президентин кызыктырып жатат. Бул жолу “Азаттыктын” кабарчысы Жибектин жакын адамдарына жолугуп, кырсыкка кабылган кыздын таржымалын иликтөөгө алган.

Жибек Сакеева 21 жашта. Жалал-Абад облусунан келип, Бишкек гуманитардык университетинде кытай тили боюнча билим алып жаткан. Быйыл 5-курсту бүтүрмөк.

Бир кезде борбордогу казинолордун биринде иштеген. Ошол кездеги кесиптеши, курбусу Албина Муратованын айтканына караганда, Жибек абдан тырышчаак, бейчеки баспаган, намаз окуган кыз болгон. Экөө чогуу да жашашчу экен. Ошол учурда Жибек африкалык бир адам менен таанышканын уккам дейт:

- Биз чогуу жашап жүргөндө, анын кыздарынын арасында африканец бир таанышы бар болчу. Бирок ошолбу, же ал эмеспи билбейм. Аны Жибектин өзүнөн сураш керек.

Вячеслав Овчинников
Ал эми Жибектин сүйлөшкөн жигити Вячеслав Овчинников Жибек менен мындан үч-төрт жыл илгери таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөндөрүн, Жибек жаман ишке барбай турган кыз экенин белгилейт.

- Мен Жибекти жакшы билем, ал маңзат ташуу эмес, дегеле жаман ишке бармак эмес. Бул жерде ал чоң алдоонун курмандыгы болгону ачык эле билинип турат. Бирок Жибек өтө ишенчээк болчу, бир эмес, бир нече жолу өзүнүн курбуларына да алданган учурлары болгон.

Жибектин үч бир тууганы бар. Атасы кайтыш болгон, апасы болсо Орусиянын Ханты-Мансийск облусунда ооруканада иштейт. Жибектин кармалганы тууралуу эки агасы жана эки-үч эжесинен башка азырынча эч ким билбейт. Сарсанаа тартат деп апасына угузушкан эмеспиз дейт агасы Турат.

Учурда Турат карындашына жолукмакка Индонезияга барууга шарты жоктугун, андыктан колунан келишинче ал жакка акча салып жатканын айтат. Мындан эки ай мурда 100 доллар салган, эртең да 200 доллар салып жибергени жаткан экен. Жибек менен төрт күн мурда интернет аркылуу сүйлөшкөндө, ал азырынча акчадан башкага зарыкпай турганын айткан экен.

- Баары жакшы адамдар дейт. Бир гана акчадан кыйналып аткан экен.

Чыгыш өлкөлөрүндө, анын ичинде Индонезияда да маңзатка байланыштуу кылмыштар катуу жазаланат. А тургай өлүм жазасы да бар. Тергөөгө көмөк көрсөткөндүгүнө байланыштуу айыптоочулар Жибекти 17 жылга кесүү керектигин айтышууда.

Ал эми Индонезия менен Кыргызстандын ортосунда укуктук көмөктөшүү тууралуу келишим жок болгондуктан, Жибек Сакееваны Кыргызстанга кайра алып келүү кыйынга турчудай. Алтурсун мүмкүн эмес деп жатышат мындай окуяларды ажыраткан билермандар.

Жибектин оор тагдыры тууралуу “Азаттык” кеңири журтка жарыя кылганы өлкө жетекчисинен тарта акыйкатчы, министрликтер, дээрлик бардык маалымат каражаттары номур биринчи темага айландырып, ага кантип жардам берүү жагын талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG