Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Чек ара: тозоку жолдогу тобокелчилик


Чек арадагы көмүскө жолдон өтүп жаткан жарандар.
Чек арадагы көмүскө жолдон өтүп жаткан жарандар.

Кыргыз-өзбек чек арасында жарандар эки жакка жашырынып каттап турган бир канча көмүскө жолдор бар.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш жайгашкан аймактарынын тургундары бири-биринин аш-тойлоруна кооптуу болгонуна карабай негизинен ушундай жашыруун жолдор аркылуу катташат.

Жергиликтүү тургундардын расмий катташын кепилдеген Оштогу жападан-жалгыз “Достук” чек ара бекети алыстык кылат дегендер кыскасына карап, чек арадан өтүүнүн кооптуу жана түйшүктүү жолун тандап алышат.

“Азаттыктын” кабарчысы жергиликтүү калк күн сайын каттап жүргөн ошол жашыруун өтмө жолдордун бирин жон териси менен текшерип көрдү.


Чек арадагы көмүскө жол.
Чек арадагы көмүскө жол.
Жашыруун өтмө жолдордун бири - Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы чектеш аймакта. Бул жердин Кыргызстанга тийиштүү тарабы Ак-Бата, Өзбекстанга тийиштүү тарабы Маданият деп аталат. Кең талаа.

Ушул жерден кыргызстандык жана өзбекстандык жарандар эки өлкөгө жашыруун түрдө каттап турат. Жол деле жок, камыш баскан узун бир арык. Биз да ошол арыкка түштүк. Аябай ылай экен.

Ушул жашыруун жол аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй келе жаткан үч аялды кепке тарттык:

Чек арадагы маекти бул жерден угуңуз.



- Саламатсыздарбы, мен сиздерди азыр талаа жолдо келе жатканыңарды көрүп, бир- эки суроо менен кайрылайын дегем. Каяктан келе жатасыздар?

- Өзбекстандан.

- Сиздер кайсы өлкөнүн жараны болосуздар, Өзбекстандынбы же Кыргызстандынбы?

- Кыргызстандын. Кыргызстанда жашайбыз.

-Жашыңыз канчада, эне?

- 71ге кирдим.

-Үчөөңөр бир жерден келе жатасыңарбы?

- Жок. Башка-башка жерден. Жолугушуп калып, шерик болуп келе жатабыз. Бири- бирибизди тааныбайбыз.

- Өзбекстанга эмнеге өттүнүз эле?

- Кыздарым бар, ага-инилерим бар. Ошолорду көргөнү өттүм да. Чек ара бекеттен өткөрбөй койду.

Көмүскө жолдон өтүп келгендер.
Көмүскө жолдон өтүп келгендер.

- Өзбекстанга кетип жатканда деле ушул жол менен жүрдүңүз беле?

- Ооба, ушул жол менен.

- Сизчи эже, балаңыз бар экен. Кыйналбадыңызбы?

- Кыйналдым. Үйгө таштайын десем, балам жаш. Ата-энем Өзбекстанда.

- Сиз Кыргызстанга келин болдуңуз беле?

- Ооба, Ноокенге келин болгом. 6-7 айда, кээде 9 айда өтөм ата-энемди көргөнү.

- Чек арадан мыйзамдуу түрдө өткөнгө аракет кылгансызбы?

- Ооба, бирок өткөрбөйт.

- Кыргызстандын чек арасынан өткөрбөйбү же Өзбекстандыкыбы?

- Өзбекстандыкы өткөрбөйт. Биздикилер жакшы…

- А сизчи эже, эмне максатта Өзбекстанга өттүңүз эле?

- Эжем, акем Өзбекстанда. Майрам менен куттуктайын деп өткөм.

- Алар деле өтүп турушабы бул тарапка?

- Ооба, алар деле ушул жолдор аркылуу каттаганга мажбур (ушул маалда келиндин баласы ыйлай баштады). И-ий, көрбөйсүңбү эми, бизге зарылбы ушинтип балдарды үшүтүп, талаада жүрүү… Болду ыйлаба, азыр үйгө барабыз. Ысыкка барабыз азыр…Чек араларды ачып коюшса болот эле да...

Кыргыз-өзбек чек арасындагы зым тосмо.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы зым тосмо.
Мына ушундай түйшүк тартып, күнүнө дал ушул өтмө жолдон ондогон кишилер өтүп турушат. Өзбекстан чек арасын 2010-жылдагы апрель ыңкылабына аралаш бир тараптуу жапкан. Ал эми өткөн жылдын октябрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Достук” чек ара бекети ачылып, эки тараптуу каттам калыбына келтирилген. Бирок Өзбекстан менен чектеш жайгашкан жалалабаддыктар “Достук” чек ара бекетине ат арытып келип отурбай, татаал жана кооптуу болсо да тобокелге салып, жашыруун өтмө жолдор аркылуу ары-бери каттап жүрүшөт.

Эгер кокус чек арачылардын көзүнө илинип калчу болсоң анда дагы азапка кабыласың. “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү” деген айып менен кармаласың, же акелеп-жакелеп жатып, чек арачыларга берчүүңдү берип кутуласың. Жергиликтүү тургундар мындай учурлар көп эле болоорун четке какпайт. А түгүл буга чейин кыргыз-өзбек чегинде кошуна өлкөнүн чек арачылары тарабынан “чек ара тартибин бузду” деген себепте Кыргызстандын жарандарына ок аткан учурлар да болуп келген.

XS
SM
MD
LG