Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

Козубаев: Чек арадагы чыйыр жолдордон чыр чыгышы мүмкүн


Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз чек арачылары, Баткен облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз чек арачылары, Баткен облусу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чегиндеги көмүскө жолдордун чоо-жайы тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Алмазбек Козубаев ой бөлүштү.

- Өзбекстандын чек ара бекеттери толук ачылбай жаткандыктан, чек арага жакын жашаган кыргыз, өзбек тургундары мыйзамсыз жолдор менен ары-бери каттап жатышыптыр. Эки өлкө арасында мындай чыйыр жолдор көппү?

Алмазбек Козубаев
Алмазбек Козубаев
- Көмүскө жолдор Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара райондорунда экиден, үчтөн жерлеринде бар. Былтыр Кара-Суу районуна караштуу, Ош шаарына жакын жерде “Достук” бекети ачылып калды. Ага чейин Ош, Жалал-Абад облусунда бекеттер жабык болчу. Азыр “Достук” бекети ачылса да, чыйыр жолдордон дале өтүп жатышат.

- Бул жагдайды жергиликтүү бийлик билеби? Же эки тарап тең көз жумуп коюп жатабы?

- Бул жолдорду эки өлкөнүн чек араны көзөмөлдөгөн органдары сөзсүз билишет. Жергиликтүү калк да билет. Эми чек араны мыйзамсыз өткөндөр атайын мамлекетке зыян келтирейин дегендер десек болбойт. Көбүнчө бири-бирине катташып жүргөн туугандар өтүшөт. Экинчиден, биздин Кара-Суу районунда жайгашкан чоң базардан товар алганы келген өзбек жарандары өтөт.

- Бул жагдай кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?

- Терс кесепеттерге апкелиши мүмкүн. Себеби, өзбек тараптан өткөрмө бекеттери бир тараптуу жабылып калган. Эгер бул бекеттер ачылбай тура берсе, жергиликтүү калктын мамлекетке карата ишеними азайышы ыктымал. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдөн чыр-чактар да чыгышы мүмкүн.

... келишим эки тараптуу жокко чыгарылган эмес. Бирок Өзбекстан тарабынан бул келишим толук кандуу аткарылбай жатат...
- Бул маселелерди иликтеп жүргөн адис катары айтсаңыз, чек ара режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштер болуп жатабы, жылыш барбы же алака-катыш ушинтип эле улана береби?

- 2000-жылы эки мамлекет ортосунда жарандардын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоосу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. 2006-жылы макулдашууга өзгөртүү киргизилип, жарандардын алтымыш күнгө визасыз эки мамлекетке барып келиши көрсөтүлгөн. Бул келишим эки тараптан жокко чыгарылган эмес, бирок Өзбекстан бул келишимди толук аткарбай жатат.

- Сиздердин уюм мындай абалдан чыгуу боюнча кандай сунуштарды берип жатат?

- Биздин уюм 2004-жылдан бери чек ара маселеси боюнча иштейт, райондук, облустук деңгээлдеги талкууларды өткөрүп, көптөгөн сунуштарды бергенбиз. Маселе, негизинен эки мамлекеттин жетекчилик деңгээлинде чечилиши зарыл.

XS
SM
MD
LG