Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери жанданды


кыргыз-өзбек чек арасы такталып бүтө электе эле Өзбекстан чек ара тилкесин бойлото казып салган. (Сүрөттө: Өзбекстандын экскаватору Ош облусу менен чектеш тилкени казууда, 2009-жылдын 10-июну.)
кыргыз-өзбек чек арасы такталып бүтө электе эле Өзбекстан чек ара тилкесин бойлото казып салган. (Сүрөттө: Өзбекстандын экскаватору Ош облусу менен чектеш тилкени казууда, 2009-жылдын 10-июну.)

Үч жылга жакын убактан бери токтоп турган кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерлерди тактоо иши кайра жанданды.

Мамлекеттер аралык комиссия учурда Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Чек ара кызматы да Кыргызстандын түштүк аймактарындагы чек араны бекемдөө боюнча жаңы аракеттерди көрө баштады.

Жанданган эки тараптуу сүйлөшүүлөр

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мамлекеттер аралык комиссия Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов буларды билдирди.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы толук тактала элек. Эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Азыр комиссия такталбаган жерлерди аныктоодо. Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отуруму Өзбекстанда болууда.

Кыргыз өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр соңку үч жылдан бери токтоп турган. Мурдагы президент Бакиевдин тушунда, 2009-жылдын этегинде тараптар сүйлөшүүнү 2010-жылы кайра жандантууга макулдашып, өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму жаз айларына белгиленген эле. Бирок Кыргызстанда апрель окуясынан улам бийлик алмашып кетип, сүйлөшүү дагы токтоп калган.
Бул маселеде ыңгайлуу учурду күтүүгө болбойт. Бул жерде мамлекет жетекчилеринин өз ара түшүнүшүүсү да керек. Алар түшүнүшүп, буйрук берсе, адистер бат эле чечишет...
Саламат Аламанов


Ошентип үч жылдай токтоп кайра жанданган бул сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын тобун азыр өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаров жетектеп жатат.

Эки өлкөнүн чектеш аймактарында дээрлик 50дөн ашык талаштуу жерлер бар. Сүйлөшүүлөрдүн токтоп калышына дал ушул талаш делген жерлер боюнча пикир келишпестиктер себеп болгон.

Чек ара маселелери боюнча эксперт, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Саламат Аламановдун айтымында, чек арадагы талаштуу жерлерди аныктоо өлкө жетекчилеринен көз каранды.

- Бул маселеде ыңгайлуу учурду күтүүгө болбойт. Сүйлөшүүлөргө шарт болуп жаткандан кийин аны жүргүзө бериш керек. Себеби бул татаал маселе. Адамдардын эле каалоосу менен бүтө турган иш эмес, шарт керек. Бул жерде мамлекет жетекчилеринин өз ара түшүнүшүүсү да керек. Алар түшүнүшүп, буйрук берсе, адистер бат эле чечишет.

Саламат Аламанов мурдагы эки президенттин тушунда чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан кыргыз тобун жетектеп келген.

Көңүл борборунда - чек ара коопсуздугу

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун айтымында, Кыргызстандын түштүк аймактарындагы чек араларда абал кооптуу бойдон калууда. Андыктан, жыл башынан тарта кыргыз бийлиги чек ара аскерлеринин санын 500 адамга көбөйтүү чечимин кабыл алган:

-Чек ара аскерлеринин саны 500 адамга көбөйдү. Президенттин көбөйтүлгөн аскерлер түштүк аймактарга жиберүү боюнча буйругу чыккан.

Президент Роза Отунбаева 4-июлда өлкөнүн чек арасын бекемдөө боюнча күч түзүмдөрү катышкан жыйын өткөрдү. Анда Отунбаева чек ара аскерлерине эки жумалык убакытта өлкөнүн чек арасын бекемдөө боюнча иш чараларды аныктап, ага кетүүчү каражаттын эсебин берүүнү тапшырган.

Ош шаарында жашаган коопсуздук маселелери боюнча эксперт Иманберди Жалилов жергиликтүү элге социалдык-саясий жана укуктук колдоо көрсөтпөй туруп, чек арадагы оор абалды жөнгө салуу кыйынга турат деп эсептейт.

- Чек арада жашагандардын макамын көтөрүш керек. Башка өлкөгө кетип жаткан мигранттардын 80 пайызы түштүктүн жашоочулары болуп жатат. Ал эми негизги чек ара көйгөйлөрүбүз да түштүк аймактарда. Чек арага жакын жашаган элди толук керектүү нерселер менен камсыз кылып турсак, ал жактан адамдардын кетишин колго алууга болот.

Айта кетсек, Кыргызстан Кытай жана Казакстан мамлекеттери менен чек арасын толук тактап алган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу жерлер да бүгүнкү күндө толук такталган эмес. Кыргыз-тажик чек-арасынын узундугу 971 чакырым болсо, анын 471 чакырымы талаштуу жерлер деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG