Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Спратлен: АКШ алаканы улантууга кызыкдар


6-февралда АКШнын аскерий өкүлдөрү Кыргызстанга келип, бир катар аскерий кызматташтык маселелерин талкуулады.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен 6-февралда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ал эми Коргоо министрлигинин билдиришинче, бул - эки өлкө ортосунда жыл сайын өтүп туруучу консультациялык жолугушуу.

АКШ элчиси Памела Спратлен Пентагондун аскерий өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештери менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап жатышканын журналисттерге 6-февралда билдирди.

- Ушул тапта АКШдан келген аскер адамдары Кыргызстанда жүрүшөт. Алар келечектеги жардамдар боюнча Кыргызстандагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

3-июль, 2012-жыл
3-июль, 2012-жыл
АКШ элчилигинин маалыматына караганда, америкалык өкүлдөр Кыргызстандын Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери, Чек ара кызматы жана Маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы кесиптештери менен жолугушуп, 2014-жылга карата эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашкан.

Бул маалыматты Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Алмаз Намазалиев да тастыктады.

- АКШнын Борбордук командачылыгы менен 2014-жылга аскерий байланыштар боюнча эки тараптуу жумушчу пландын долбоорлору талкууланды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биргелешип терроризмге каршы күрөшүү боюнча мүмкүнчүлүктөр, маңзаттардын жайылышына бөгөт коюу жана чек ара коопсуздугу боюнча маселе каралды. Ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигинин тынчтыкты орнотуу миссиясындагы мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү жана аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүү болду.

Элчи Памела Спратлен жергиликтүү журналисттер, интернет басылмалардын кабарчылары, блоггерлер менен жолугушууда АКШнын Кыргызстанга бере турган жардамы, транзиттик борбор тууралуу да сүйлөп, эгер кыргыз өкмөтү сунуш кылса, түштүктө антитеррордук борбор ачууга даяр экенин да белгиледи.

- Түштүккө антитеррордук борбор куруу боюнча маселе Кыргызстандан көз каранды. Эгер алар бул боюнча кызматташкылары келсе, биз даярбыз. Эгер кызматташууну каалабаса, бул - алардын тандоосу.

Транзиттик борбор унутта калган жок

Былтыр АКШ Баткен облусундагы чек арачыларга заманбап имарат куруп берип, анын ачылышына Памела Спратлен өзү да катышкан. Журналисттерди элчи айымдын “Манастагы” транзиттик жүк ташуучу борбордун тагдыры боюнча ою да кызыктырды. Спратлен буга чейинки айтып келген тезисин кайталады:

- Азыр бул боюнча бир нерсе деп айталбайбыз. Аны тиешелүү адамдар талкуулашы керек. Бул маселе АКШ менен Кыргызстандын президенттерине, ошондой эле Ооганстандагы абалга көз каранды. Абал келечекте кандай болоорун айтыш кыйын. Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин бул боюнча позициясын жакшы билебиз жана келишим качан аяктаарын да билебиз.

АКШнын "Манастагы" транзиттик борбору 2014-жылы келишими бүткөндөн кийин ишин токтотот деген өкмөттүн чечиминен соң эки мамлекет ортосундагы кыбыр эткен кыймыл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан кез.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев жакындагы дарстарынын биринде транзиттик борбордун кетиши менен АКШнын, анын артынан дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга кызыгуусу сууйт дегендей оюн жарыялаган.

Кечээ-бүгүн жарык көргөн жергиликтүү басылмаларда Борбор Азиядагы ири оюнчулар Өзбекстан менен Казакстан Орусиядан оолактап, АКШга жакындашып жатса, кыргыз бийликтери негизги ресурстарын Орусиянын көзөмөлүнө өткөргөнү жатат деп жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG