Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Милиция эл ишенимине муктаж


1-ноябрь - Милиция күнү. Жарандык коомдун лидерлери милиция азыркы турушунда реформа болбойт деп, бул системаны тез арада өзгөртүү боюнча өз долбоорлорун сунуштап жатат.

Ал эми ички иштер кызматкерлери бюджети жарыбаган жана социалдык жактан анча корголбогон бул системаны жаңыртып чыгууга кыйла жылдар талап кылынаарын айтышууда.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Шатманалиев, Аламүдүн райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Куржубек Бекбоев, "Реформалар жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикменин мүчөлөрү Искендер Шаршеев жана Галина Давлетбаева.

“Азаттык”: Айрым шаар тургундарына кайрылганыбызда көбү милицияга ишенбей тургандарын айтышты. Эмнеге ишенбейт деп ойлойсуз?

Куржубек Бекбоев: Акыркы жылдары Кыргызстан эки ыңкылапты башынан өткөрдү. Ошондо милиция ортодо калып, элге да, бийликке да жаман көрүндү. Жазылган көп мыйзамдар аткарылбай, аягына чыкпай жатат. Биз аткаруу бийлиги болгондуктан жазылган мыйзамдарды аткарабыз. Бизде административдик жана кылмыш беренелери бар. Коом өзгөргөндөн кийин алар эски бойдон калып, азыркы заманга туура келбей жатат.

Нукура элдик милиция болуш үчүн милиция кызматкерлери маданиятын жогорулатса жакшы болмок. Айрымдары жарандарды кабыл алып жатканда аларга жакшы мамиле кылса го. Кээде капа кылып койгон учурлар кездешет. Мисалы, биздин райондо бир күндө 20дан ашуун кылмыш катталат. Эгер элдин ишеними болбосо, бизге кайрылбайт эле да.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Ибрагим Шатманалиев: Милицияга ишеничтин жоголушуна түрткү болгон бир нече себептер болгон. Кээ бир учурда милиция кызматкерлеринин арасында да өзүнүн ишине кайдыгер мамиле жасап, кайрылган адамдардын суроо-талабын тиешелүү деңгээлде орундатпаган учурлар кездешкен учурлар да бар. Андан сырткары коомдо болуп жаткан саясий кырдаалдар да милициянын беделин түшүрүп койду.

Милиция нукура элдик болуш үчүн бүгүнкү багыттагы ишти улантыш керек. Мисалы, элдин милицияга карата ишенимин көтөрүү керек, ал үчүн элдин бизге келишин күтүп отурбастан, элдин арасына барып, ошол жактан жолугушууларды өткөрүп, алардын суроо-талабын аткаруу керек.

Галина Давлетбаева: Мен милиция кызматкерлерин куттуктайм. Ден соолукта, эл тарапта болуп, элди коргошсун. Биз ошону күтөбүз. Азыр милицияда реформа болсун деп көп талаптар айтылып жатат. Кандайдыр бир кырсык болсо, бир нерсе болсо, биринчи кезекте милицияга чуркайбыз.

ИИМ кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү, материалдык жактан камсыздандыруу керек. Бул биз эле ойлоп тапкан нерсе эмес. Бүт аймактарды кыдырып, коомдук угууларды өткөргөндөн кийин өзүбүздүн концепцияга киргиздик. Милицияга ишеними аз болгонуна карабай көптөрү ушундай сунуш беришти. Эгер чын эле булардын айлыгы жетпей, үй-бүлөсүн кантип бага турганын ойлоп жатса, анда ушул маселени чечиш керек. Ошондон кийин гана талап кылышыбыз керек.

“Азаттык”: Милиция дегенде эле көп учурда сындап жатып калабыз. Көп учурда алардын да укугу бузулуп, корголбой калган учурлар кездешет. Ушул жагынан алганда түн уйкудан калып, жарыбаган маяна алган милиционерлерге кандай камкордук көрүүнү сунуш кыласыз?

Ишкендер Шаршеев: Милицияда кесиптик өсүш, карьера жана аскердик чин деген түшүнүк бар. Менимче ушул нерсе милиция кызматкерлердин өздөрүнө бөгөт койот. Ич ара атаандаштык ар кандай формага чейин жетет.

Дүйнөлүк полиция реформага өткөндөн кийин шериф жана офицер же лейтенант, офицер деп эки гана наам берген. Ошондо милиция наам үчүн эмес, өз иши менен алектенмек. Эгер милициянын иичинде атаандаштык жүрүп жатканда аларды эч ким коргой албайт. Ошондуктан реформалардын алкагында ушул жагын да өзгөртөлү деген оюбуз бар.

XS
SM
MD
LG