Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Милиция тазаланат


Ички иштер министрлиги алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. ИИМ эми реформаны ичинен тазалануу аркылуу өткөрөрүн жар салууда.

Бир аз мурда эле жарандык коом жана мекемелер аралык комиссия ИИМдин структурасын жана маңызын өзгөртүү боюнча өз-өзүнчө долбоор сунуш кылган эле.

Кыргыз милициясын реформалоо кыйла жылдан бери айтылып, бирок көзгө урунарлык натыйжа болбой келатканын бийликтер мойнуна алууда.

Ички иштер министрлиги эң ириде милиция кызматкерлерин даярдаган жогорку окуу жайы - академияны жана бардык башкармалык жетекчилерин орун басарлары менен кошо тазалап, иргегени жатат.

Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Алымбековдун билдиришинче, аттестациялоо сентябрь айында башталмакчы:

- Өзүңөргө белгилүү, жакында эле академиянын бүтүрүүчү курсанттарына байланыштуу бир топ масепелер болду. Ушундан улам сентябрь айында академиянын профессордук-окутуучулук курамын толугу менен аттестациядан өткөрөбүз. Ошону менен катар жалпы Кыргызстан боюнча ИИМдин башкармалыктарынын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, айрыкча кадрлар менен иштөө боюнча орун басарларын аттестациядан өткөрөбүз. Облустагы ИИМдин жетекчилери да өздөрүнүн райондук бөлүмдөрүндө аттестацияны өздөрү өткөрөт.

ИИМдин 31-июлдагы жыйынында министр Зарылбек Рысалиев милициянын ишиндеги бир топ кемчиликтерди белгиледи. Кызматын аткара албагандар жазаланарын эскертти:

- Кээ бир облустарда биздин кызматкерлер 931 грамм героин кармап жатат. Ал жерде канча кызматкер бар? Баары граммдап кармашат. Ал эми биздин кызматкерлерди прокуратуранын, УКМКнын балдары 15 килограмм менен колго түшүрүп атат. Салыштырып көрсөңөр. Бул деген биздин айрым кызматкерлер маңзат менен шугулдангандар менен дос болуп алган дегенди билдирет.

Милицияны кескин реформалоо тууралуу сөз жазында эле башталган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн жемкордукту ооздуктоо планына ылайык, эмки кадам тартип коргоо органдарын өзгөртүү болоорун айткан. Ага ылайык, азыркы Жол коопсуздугун күзөтүү башкармалыгынын ордуна Жол-кайгуул кызматы түзүлмөкчү. Жыл аягына чейин борбордук шаарларда негизги көчөлөргө видео камералар орнотулат. Бирок башкы МАИчи Талантбек Исаев каржылоо маселесин чечпестен реформа жасоо мүмкүн эмес деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- МАИ кызматкерлерине акыркы жолу 2009-жылы форма берилиптир. Бүгүнкү күнү кызматкерлерге майга жана кызматтык унааларды оңдоого бир тыйын да бөлүнбөйт. Каржылоо маселеси чечилмейинче биз паракорчулукту кантип токтотобуз? Ошондуктан каржылоо маселесин чечип, анан реформага барышыбыз керек.

Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү жана өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссия милицияны реформалоо боюнча өз-өзүнчө концепция сунуштаган. Анда ИИМдин академиясын жоюп, анын ордуна жогорку билим бербеген, кадрларды кайра даярдаган Полиция академиясын жана бир топ кызматтарды, департаменттерди түзүү каралган. Ошондой эле ички аскерлер да жоюлат, ИИМ полиция болуп түзүлүп, структурасы өзгөрөт. Ага ылайык, ИИМ жарым-жартылай жарандык түзүмгө айланмакчы.

Бирок ИИМдин азыркы жетекчилиги мындай өзгөртүүгө көнбөй жатат. Милицияны атайлап алсыратуу аракети болуп жатат деген да ойлор айтылууда. Мындан улам жарандык коом милицияны өзгөргүсү келбейт деп күнөөлөп кирди.

Активисттер сунуштаган концепцияда милиция кызматкерлеринин баарын убактылуу кызматтан четтетип, аттестациядан өткөрүп, иргеп алуу каралган.

Эркин базар институтунун талдоочусу Азиз Иса кыргыз милициясы өнүккөн өлкөлөрдүн жолуна түшүп, жарандык кызматка айланышы керек деген ойдо:

- Милиция коомго жакыныраак болуш үчүн милицияны жарандык адам башкарыш керек. Ал эми криминалдык полицияга тажрыйбасы бар, ушул органда иштеп келген адистер керек. Анткени алар кылмышкерлер менен иштешет да. Ал эми министр болсо биринчи кезекте менеджер да. Ал жөн эле башкарат. Ал өзү кылмыш ачпайт да.

Ошентип азыр ИИМдин реформалоо боюнча үч концепция жазылып, орток пикир табыла элек. Өкмөт бир документке токтолуп, аны сентябрда парламенттин кароосуна жөнөтүшү зарыл. Мындан улам милиция реформасы көпкө созулчудай.

Сүрөттөр www.gov.kg сайтынан алынды.

XS
SM
MD
LG