Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Шектүү тик учактар боюнча тергөө аяктады


Кыргызстанга Ооганстандан учуп келген тик учактар боюнча кылмыш иш сотко өттү.

Транспорт прокуратурасы иликтөөнүн жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз бойомочулук менен шугулданган топ ашкереленгенин билдирди.

2011-жылы жайында Ооганстандан үч тик учак чек арадан мыйзамсыз өткөн деп камакка алынган эле.

Транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, эл аралык көз бойомочулук менен шугулданган топтун башында Пакистанда туулган, дагы башка беш өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн Билал Насир Малик деген адам турат. Анын Кыргызстандагы шериги жарандык авиациянын мурдагы кызматкери Сергей Шурпа болгон. Алар чет өлкөлүк учак, тик учактарды Кыргызстанга каттатып номер берип, клону, башкача айтканда, жасалма түгөйлөрү даярдалган:

- Сергей Шурпа 2004-жылдан баштап Жарандык авиация департаментинин директорунун орун басары болот. 2004-2005-жылдары Шурпа кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, учуу мөөнөтүн мыйзамсыз узартып турган. Ошондой эле чет өлкөдөн келген учак, тик учактарды Кыргызстандыкы деп каттаткан. Азыркы убакта Кыргызстанда 15 тик учак болсо, ошонун 15 клону – жасалма түгөйү бар. Алар чет мамлекетте, Пакистанда, Ооганстанда учуп жүрөт. Балким алар менен маңзат ташылып жаткандыр. Биз ушул жылы бул тик учактарды текшеребиз. Балким жасалма түгөйлөр 15тен да көп болушу мүмкүн.

AJRAM AIR CARGO авиакомпаниясына таандык Ооганстандан келген тик учактар 2011-жылы жайында камакка алынган. Транспорт прокуратурасы чек арадан мыйзамсыз өткөн, тиешелүү документтери болгон эмес, аткезчилик кылган деген негизде айып таккан.

Транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеев бул ишти тергөө 8 айга созулганын билдирди. Натыйжада Жарандык авиациянын мурдагы жетекчиси баш болгон 11 адамга айып тагылды. Прокурор бул иштин жабылышына кызыкдар тарап ири өлчөмдө акча да сунуштаганын айтып берди:

- Бул тик учактар Кыргызстанга оңдоп-түзөө үчүн келатат деген жасалма документти жөнөтүшкөн. Чындыгында үч тик учак Ооганстандын аймагынан сыртка учуп чыкпашы керек болчу. Биздин биринчи максат ошол тик учактарды Кыргызстандын пайдасына конфискациялоо. Ар бир тик учактын баасы 2,5 миллион доллар. Булар акча менен бул ишти жабабыз деп максат кылган. Адегенде ар бир тик учак үчүн 10 миң доллар сунушташкан. Азыр эми 250 миң долларга жетти.

Ар кандай арыздардан улам транспорт прокуратурасы бул иш боюнча сегиз жолу текшерүүдөн өткөн. Бир канча жолу парламенттин комитеттери караган. Ушундан улам депутаттар арасында бул иштин жабылышын каалагандар бар деп да айтылган.

2004-2005-жылдары Шурпа кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, учуу мөөнөтүн мыйзамсыз узартып турган. Ошондой эле чет өлкөдөн келген учак, тик учактарды Кыргызстандыкы деп каттаткан.

Тик учактар боюнча айыпталгандардын бири, Жарандык авиация департаментинин мурдагы жетекчиси Нурдин Жолдошев өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтууда:

- Ар бир учак келген сайын мага эч ким доклад бербейт. Ошондуктан мен эч кандай учканга уруксат берип, же каршы болгон эмесмин. Анткени мен ошондой тик учактар келатканын такыр билген эмесмин.

Жарандык авициянын өкүлү Айбек Байышевдин маалымдашынча, учуп келүү тууралуу уруксат сураган документтердин баары жайында болгон:

- Авиациялык укук боюнча эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Учуп келүүгө уруксат сураган, уруксат берилген. Оштон Бишкекке учуп келатканда 22 мүнөттөй байланыш болбой калган. Ошол эле мыйзам бузуу болгон. Ал боюнча иликтөө жүргүзгөнбүз. Текшерип атканда кээ бир мыйзам бузуулар чыккан. Мисалы, экинчи учкучтун ошол тик учакты айдоого уруксаты жок экен. Документтеринде кемчиликтер аныкталган. Бирок учуп келүүгө уруксат берип жатканда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бизде көп чет мамлекеттик учактар учуп келип-кетет. Эч качан андай проблема болгон эмес. Бул тик учактар “Манас авиасервис” база бар. Ошол жерге ремонтко келиш керек эле. Оңдолгондон кийин учуп кетиш керек эле.

Ооганстандан келген тик учактар боюнча ишти жакында Ленин райондук соту карай баштайт. "Азаттык" бул окуяга көз салып, кабардар кылып турмакчы.

XS
SM
MD
LG